Ардагер мугалим Жакыпова Зинабүбү 1954-жылы Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында төрөлгөн. 1962-жылы ошол айылдагы Жеңиш орто мектебинин 1-классына кирип, 1972-жылы аяктаган.1975-жылы Бишкек шаарындагы Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунун педагогикалык факультетине сырттан окуу бөлүмүнө кирип 1980-жылы ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолун 1974-жылы июль айында Ак-Талаа райондук байланыш бөлүмүндө телефонистка болуп иштеп баштаган. Үзүрлүү эмгектенип министерствонун облустук, райондук грамоталарын жана «Эл агартуунун отличниги» төш белгиси менен сыйланган. Азыркы учурда «Нур-Эл» бала -бакчасынын жетекчиси. 1 уул, 3 кызды тарбиялап өстүрдү. Небере-чөбөрөлөрдүн бактылуу жана сүйкүмдүү чоң эне, тайэнеси.
Сыйлыктары: Мектептин, райондук,облустук билим берүү бөлүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлигинин Ардак грамоталары. Кыргыз Республикасынын «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси.