Мурзабек Балбаков атындагы орто мектеби Ак-Талаа району Ак-Чий айылы

Мектептин тарыхы

                                                                                                Мектептин тарыхы

               Билим казынасы , алтын уябыз Мурзабек Балбаков атындагы   орто мектеби 1991-жылы 16-сентябрда салтанаттуу түрдө ачылып, бизге окшогон  окуучуларды  кабыл ала баштаган. Мектеп ачылган мезгилде катарында 3 мугалим эмгектенген.1993-1994-окуу жылында Ак-Чий толук эмес орто мектеби болгон.1997-1998-окуу жылында 11 жылдык толук орто мектеп болуп ачылган,1998-жылы Мурзабек Балбаков атындагы орто мектеби болуп наам берилип,  жаш жеткинчектерге билим жана тарбия бере баштаган.  

                 Мектеп тарыхынын башатында алгачкы жетекчилик озуйпасын 1991-1995-жылы Зинабүбү Жакыпова эжебиз  баштаган.

                 _ 1995-1997-жылдары  Туратбек Нуралиев 

                 _ 1997-1999-жылдары  Келдибек Атаканов

                 _ 1999-2001-жылдары  ЖаннураКенеева 

                 _ 2001-2011-жылдары Мирбек Сатындиев

                 _ 2011-2013-жылдары Токтобүбү Мусабаева

                 _ 2013-2015-жылдары  Гүлай Абдрахманова

                 _ 2015  -2017-жылдары  Рүстөм Күсөрмамбетов

                 _2017-2021-жылдары  Урмат Жылтыров

                 _ 2021-2022-жылдары Мирбек Чырмыев

                 _ 2022-жылдан бери  Азамат Дөөлөтбеков   жетектеп келүүдө.

 30 жылдын ичинде алтын уябызды 300 гө жакын бүтүрүүчү аяктап, орто билимге ээ болушкан. Бүтүрүүчүлөрүбүз бүгүнкү күну мекенибизде жана чет өлкөлөрдө ар кыл тармактарда үзүрлүү эмгектенип келишет.

Мектепте көптөгөгөн жылдар узүрлүү эмгек өтөп, жаш муундарга билим жана тарбияны талбай берип иш тажрыйбаларын калтырып кеткен дасыккан мугалимдер катары Моңолдор Нурманбетов, Зина Жакыпова, Бейшегүл Мамытова ,Гүлайым Абдрахманова , Токтобубу Мусабаева , Рустам Нурманбетов  эмгектенишкен.  

  Учурда мектебибизде 109 окуучуга 23 мугалим билим, тарбия берип келишет. Алардын ичинен       мугалим  «Билим беруунун мыктысы төш белгисинин» ээлери . Насаатчы мугалимдерибиздин катарында Кенеева Жаннура,Аскарова Кундуз жаш мугалимдерге тажрыйбаларын бөлүшүп эмгектенип келишет. Өрнөктүү, ары түйшүктүү иште улуу көчтү улап, бир канча мугалимдерибиз мектеп окуучуларынын шаардык, областтык, республикалык олимпиадаларына даярдап, окуучулары менен бирдикте мектебибиздин намысын коргоп, жеңүүчүлөрдөн болуп келишкендердин катарында;

  _ Мамбеталиева Анаркүл эжебиз окуучусу Муктарбек кызы Бактыгүл райондо  2-орунду,

               _ Тасмабаева Саадат окуучусу Рустам уулу Али  республикада 3- орунду,

               _ Тасмабаева Саадат окуучусу Рустам уулу Али областта 3-орунду,

               _ Тасмабаева Саадат окуучусу Рустам уулу Али райондо 1-орунду камсыздап  алар менен   сыймыктанып келебиз.

  2021-жылдын 16-сентябрында мектебибиздин ачылышына туптуура 30 жыл толду. Жарым кылымдык тарыхты басып өткөн мектебибиз заманыбыздын агымы менен тен жарышып, дагы далай мааракелерди өткөрүп, арышын кенен таштап, жаш жеткинчектерге талбай билим жана тарбия берип,  турмуш жолуна узатып, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салымын кошо бермекчи.

                                                                                                                                                Ак жол, сага мектебим!

 

Мектептин тарыхы

Мектептин тарыхы

2016-жылы мектеп толук капиталдык ремонттон өткөн.

Мектептин тарыхы

Учурда окуучулар 1 сменде окуп билим алышат. Жалпы 108 окуучу, 11 класс комплектиси жана даярдоо классы окуп билим алышат. Азыркы учурда мектепте 23 мугалим  10 техникалык кызматкер  иштеп келүүдө.