Мурзабек Балбаков атындагы орто мектеби Ак-Талаа району Ак-Чий айылы

Усулдук кызматы

Усулдук иш

Мектеп ичинде чечимдерди кабыл алуучу жана ишти жөнгө салуучу болуп педагогикалык кеңеш эсептелинет. Программалык стандарттардын ишке ашышын жана талапка ылайык иш алып барышын усулдук кеңеш жөнгө салат.

Мурзабек Балбаков   атындагы орто билим берүү мектеби   усулдук  бирикменин окуу жылынын башталышы менен усулдук бирикменин иштери: усулдук бирикме мүчөлөрүн тактоо, насаатчы мугалимдерди аныктоо жана жыл ичинде аткарыла турган иштерге программа түзүү менен башталат. УБнин иш планы жана жылдык иш планын талкуулоо  жана бекитүү иши УБ жетекчиси менен мектеп администрациясы  тарабынан макулдашылат.

Мектептеги ички көзөмөлдүн планынын негизинде  ай сайын предметтик декадалар уюштурулган, предметтик декаданын жүрүшүндө предметтик мугалимдер бекитилген иш – пландын негизинде өткөрүлөт. Декаданын алкагында мугалимдер үчүн “ачык эшик” сабактары жарыяланат, дубал газеталар чыгарылат, окуучулар менен класстан тышкаркы иш-чаралар ата-энелердин коштоосунда өткөрүлөт. Административдик текшерүүлөр предметтер боюнча алынып, мугалимдин ийгилигине талдоо иштерин жүргүзүшөт.    Окуу бөлүм башчылары чейрек ичинде окуучулардын жазуу дептерлерин, практикалык, лабороториялык иштерине көзөмөл жүргүзүү менен аларды баалоо иштери аткарылат.

Окуучулардын окуу жөндөмүнө жараша түзүлгөн  жылдык иш план боюнча кошумча сабактардын өтүлүшүн  көзөмөлдөө максатында ар бир мугалим өз предметтери боюнча жөндөмдүү  жана аяр мамиледеги   окуучуларды аныктап чыгышат жана алар менен иштөө үчүн атайын дептерлер, усулдук кеңештер камтылган китепче  түзүлгөн.

Мугалимдердин жолдоштук сабакка катышуу дептерлери уюштурулган, чеберчилигин өркүндөтүү максатында өз ара сабакка, тренинг, дискуссияларга катышуу иштери көзөмөлдүккө алынып келинет.

Мугалимдердин чеберчилигин өнүктүрүү, кесиптик билимин өнүктүрүү, жөндөмдүү балдар үчүн атайын кызыктуу иш-чараларды уюштуруу максатында чыгармачыл мугалимдердин тобу түзүлгөн.

Көп жылдык эмгеги  бар мугалимдер методикалык бирикмелердин ичинде насаатчылык иштерин алып барат.

Окуу кабинеттерин талапка ылайык уюштуруу максатында окуу кабинеттеринин башчылары бекитилген. Кабинет башчылары окуу кабинетинин тазалыгы, методикалык бурчтардын уюштурулушу, инвентардын сакталышы, жашылдандыруу ж.б. иштерине жооптуу жана уюштурушат.

Мектеп ичинде 4 методикалык бирикме мугалимдердин методикалык чеберчилигин өркүндөтүү жана кесиптик багытта иш алып баруу максатында уюшулган:

  • Башталгыч класстар усулдук бирикмеси
  • Табигый илимдер багытындагы усулдук бирикме
  • Гуманитардык илимдер багытындагы усулдук бирикме
  • Класс жетекчилердин усулдук бирикмеси
  • Ак -Талаа районунун Ак-Чий айылынын  Мурзабек Балбаков  атындагы орто  мектебинин табигый  усулдук бирикмесинин  2021-2022-окуу жылына карата иш планы
    Аткарылуучу иштин мазмуну Ким атакарат Мөөнөтү
    11. Өткөн окуу жылынын жыйынтыгы.Методикалык бирикменин жаны окуу жылына карата түзүлгөн иш планын талкуулоо жана бекитүү.Методикалык бирикме жетекчиси
    2. Календардык тематикалык пландаштырууга  коюлуучу бирдей талаптар, жазуу жана текшкерүү иштеринин нормативтнрин тактоо.Методикалык бирикме жетекчисисентябрь
    3. Методикалык бирикменин мүчөлөрүнүн арасында милдеттерди бөлүштүрүү, стенгазеталары жаңыртуу.Кабинеттеги методикалык бурчтарды толуктоо.Методикалык бирикме жетекчиси
    21.Ачык сабактарга катышуу, талдоо жана жыйынтыктооСекция мүчөлөрүАй сайын
    2.Физика, химия, биология, география,математика, технология предметин окутууда окуучулардын өз алдынча иштөөсүн уюштуруу.Секция мүчөлөрү
    3.Предметтерге кызыккан (математика,география, химия, физика, биология) шыктуу окуучулар менен иш алып баруу, олимпиадага, онлайн олимпиадага даярдык көрүү.Секция мүчөлөрү
    31. Усулдук бирикменин мугалимдеринин портфолиосун жаңыртуу жана толуктоо.Секция мүчөлөрүОктябрь
    2. Лабороториялык иштерди жасоо үчүн керек болгон приборлорду, реактивдерди тактоо.Тасмабаева .С

    Байшериева Г

    Жыл ичинде
    3.Физика, химия, биология, география сабактардарды боюнча олимпиадага татыктуу окуучуларды даярдоо жана катыштыруу.Секция мүчөлөрүДайыма
    4. Химия, биология сабагында окуучулардын негизги компонеттүүлүктүрүн калыптандырууда окуутунун заманбап формаларын колдонуу.Предметтик мугалимдерДайыма
    4
    1. Мугалимдердин өз убагында билимин өркүндөтүү курстарына жиберүү.
    2. Химия, биология, география, физика,математика,технология сабактары боюнча мониторинг алуу
    Секция мүчөлөрүЖыл ичи
    5
    1. Усулдук бирикменин декадасына даярдануу жана өткөрүү
    Секция мүчөлөрүГрафикке ылайык
    6
    1. Химия, биология, география, физика,математика, технология сабактарын окутууда жөндөмдүү, талантуу окуучулар менен жекече иштөө.
    Секция мүчөлөрүЖыл ичи
    1. Ачык сабактарга катышуу, талдоо жана жыйынтыктоо. Жаш мугалимдердин сабагына катышуу.
    Предметтик мугалимдерЖыл ичи
    1. Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча тесттерди алуу.
    Секция мүчөлөрүДекабрь
    7
    1. 2020-2021-окуу жылынын экинчи жарым жылдыгына карата календардык тематикалык пландарды иштеп чыгуу.
    Секция мүчөлөрүЯнварь
    1. Ачык сабактарга катышуу, талдоо жана жыйынтыктоо.
    Секция мүчөлөрүЯнварь
    1. Химия, биология, география, физика сабактары боюнча класстан тышкары иштерди өткөрүү аркылуу окуучулардын  сабакка болгон катышуусун арттыруу.
    Секция мүчөлөрүЖыл ичи
    8
    1. Окуучуларды окутууда окуучулардын турмуштук маанилүү көндүмдөрүн (алган билимдерин турмушта пайдалануу, ошондой эле ой жүгүртүүсүн өстүрүү ж.б.) калыптандыруу маселерине көңүл буруу.
    Секция мүчөлөрүЖыл ичи
    9
    1. Ачык сабактарга катышуу, талдоо жана жыйынтыктоо.
    Секция мүчөлөрүЧейрек ичинде
    1. Стим фондду секция мүчүлөрү арасында туура бүлүштүрүү.
    Секция мүчөлөрүУбагында
    10
    1. Химия, биология, география, физика,математика усулдук бирикмесинин жетекчисинин отчету.
    Бирикменин жетекчисиМай
    1. Бирикменин чечиминин негизинде чыгармачыл мугалимдер иш тажырыйбасын жайылтуу боюнча мектептин педогогикалык жана усулдук кеңешмесине сунуш кылуу.
    Бирикменин жетекчисиМай

    2021-2022 — окуу жылына усулдук иштин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

    1. Уюштуруу жана башкаруу ишин өркүндөтүүнүн эсебинен мектептин билим берүү ишинин сапатын жогорулатуу
    2. Мектепте атмосфераны окууга ыңгайлуу жана түрткү берүүчү өнүктүрүү, окуучуларды өзүн-өзү контролдоо, өз алдынча билим алуу жана универсалдуу окуу иш-аракеттерин түзүү көндүмдөрүнө окутуу
    3. Заманбап билим берүү технологияларын киргизүүнүн негизинде өнүктүрүү билим берүү чөйрөсүн түзүү
    4. Инновациялык иштер үчүн билим берүү мейкиндигин кеңейтүү.
    5. Үзгүлтүксүз билим берүү системасы, инновациялык программаларды ишке ашыруу боюнча жамааттын ишин активдештирүү аркылуу педагогдордун кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу
    6. Билим сапаты төмөн болгон окуучулар менен иштөө, балдардын чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү
    7. Билим берүү процессинин бардык катышуучуларынын ден-соолугун сактоого жана чыңдоого, сергек жашоо образын өздөштүрүүгө багытталган иштерди өркүндөтүү
    8. Окугандарды ЖРТнү ийгиликтүү тапшырууга даярдоо (жалпы республикалык тестирлөө).

    Мектептин усулдук кызматынын алдына коюлган максат: Интеллектуалдык-чыгармачыл жана социалдык-психологиялык потенциалды өнүктүрүүгө багытталган алдыңкы тажрыйба менен алмашуунун, билим алуунун жана курстук кайра даярдоонун негизинде мугалимдердин профессионалдык чеберчиликтерин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү

    Аны ишке ашыруу үчүн төмөнкү милдеттер талап кылынат:

    1. Окутуунун сапатын жогорулатуу;
    2. Окууга түрткү кылуучу себептерди жогорулатуу;
    3. Предметтик олимпиадаларга катышууга багытталган окуучулар менен иш алып бару;
    4. Билим берүү процессине мониторинг жүргүзүү жана диагностикалоо боюнча маалымат базасын түзүү;
    5. Чыгармачылык менен иштеген мугалимдердин оң тажрыйбасын жайылтуу;

     

    Мектептин администрациясы жумуш тартибинде мектеп ишине мониторинг жүргүзүү  планы боюнча сабактарга катышат

    Сабактарга катышуу жана контролдоо  максаттары:

    • Окуучулардын билимин бекемдүүлүгүн калыптандырууда усулдук  ыкмалардын натыйжалуулугун талдоо;
    • Артүрдүү категориядагы окууда программалык материалдарды жана  окутуу ыкмасын колдонуу;
    • Окуучулардын билимин өздөштүрүүнү контролдоо ыкмаларын жана   уюштурууну­н натыйжалуу­лугун аныктоо жо­лун  контролдоо;
    • Ишти улантуу;
    • Педагогика­лык кызматкерл­ерди аттестация­лоо;
    • Жаңы технология­ларды колдонуу;
    • Окугандардын жыйынтыктоочу аттестациясына даярдоо;
    • Окуу жылы боюнча артта калууну жоюу;

    Мектептин администрациясынын жана усулдук иштин квалификац­иясын     жогорулату­у курстары

    Мугалимдердин педагогикалык чеберчиликтерин квалификациясын жогорулатуунун курстук системасы  аркылуу дайыма өркүндөтүү жана мугалимдерге  стимул берүү болуп саналат.

     

     

  • Усулдук кызматы                          Усулдук кызматыУсулдук кызматы

Усулдук кызматы