Мурзабек Балбаков атындагы орто мектеби Ак-Талаа району Ак-Чий айылы

Камкордук кеңеш

КАМКОРДУК КӨРҮҮЧҮ КЕҢЕШИ ЖӨНҮНДӨ ЖОБО

Кыргыз Республикасынын Камкордук көрүүчү Кеңеши жөнүндө  ЖОБО

(Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрилигинин №609/1  2013-жылдагы буйругу менен бекитилген)

  1. Жалпы жобо
  2. Камкордук көрүүчү Кеңештин милдеттери жана максаттары
  3. Камкордук көрүүчү Кеңештин функциялары
  4. Камкордук көрүүчү Кеңешти түзүү тартиби жана анын компетенциялары

Бул Камкордук көрүүчү Кеңеш жөнүндөгү  жобо  Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамын аткаруу жана Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында мындан аркы тең башкаруунун түрүн өркүндөтүү  анын ичинде, бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуу менен ага көзөмөл кылуу максатында иштелип жана кабыл алынды.

  1. Жалпы жобо
  • Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарындагы Камкордук көрүүчү Кеңеш (мындан ары – Камкордук Кеңеш) юридикалык макамы жоктугуна карабастан, жалпы билим берүү уюмдарында терең башкаруучу, билим берүү уюмдарында белгиленген максаттарга жетүү үчүн көмөк көрсөтүүчү функцияларды ишке ашыруучу, ошондой эле, кошумча (бюджеттен тышкары) каражаттарды тартуучу, алардын максаттуу колдонулуусун көзөмөлдөөчү орган.
  • Демөөрчүлүк жардам – жалпы билим берүү уюмдарынын материалдык – техникалык жана окуу  базасын колдоо үчүн юридикалык жана жеке тараптардын ыктыярдуу салымы.
  • Камкордук Кеңештин мүчөсү – кайтарымсыз негизде жалпы билим берүү уюмдарын тең башкарууда ыйгарым укукта иш жүргүзөт.
  • Камкордук Кеңешинин банктык эсеби – жалпы билим берүү уюмунун эсеби, ага демөөрчүлүк жардамдардан түшкөн каражаттар түшөт. Жалпы билим берүү уюмуна жана анын жамаатына көрсөтүлүүчү ар кандай  ыктыярдуу финансылык жардамдар аталган эсеп аркылуу жүргүзүлөт.
  1. Камкордук Кеңештин милдеттери жана максаттары.
  • Камкордук Кеңештин негизги максаты бул- билим берүү уюмунун уставдык функцияларын ишке ашыруу, материалдык-техникалык жана окуу базасын чыңдоого багытталган уюмдардын жана жеке жарандардын биргелешкен аракеттерин бириктирүү, ошондой эле жалпы билим берүү уюму тарабынан бюджеттен сырткаркы каражаттарды максаттуу колдонуусун көзөмөлдөө болуп саналат.
  • Камкордук Кеңештин негизги милдетгери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
  • демөөрчүлүк жардамдарды жана гранттарды максаттуу жана рационалдуу пайдаланууну көзөмөлдөөнү камсыз кылуу;
  • жалпы билим берүү уюмунун материаддык -техникалык жана окуу базасын чындоого, жакшыртууга, анын айлана тегерегин жана имаратын көрктөндүрүүгө көмөк көрсөтүү;
  • билим берүү процессин ишке ашыруу үчүн шарттарды жакшыртууга, окуучулардын өмүрүн жана ден соолугун коргоого көмөктөшүү;
  • окуучулардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо;
  • жалпы билим берүү уюмунун өнүгүү стратегиясын жана миссиясын аныктоого көмөктөшүү;
  1. Камкордук Кеңештин функциялары.

3.1. Камкордук Кеңеши:

  • жалпы билим берүү уюмунун өнүгүүсүн жана ишмердүүлүгүн камсыздоо үчүн бюджеттен сырткаркаражаттарды тартууга көмөктөшөт;
  • жалпы билим берүү уюмунун педагогикалык жамаатынын жана башка кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртууга жана уюштурууга көмөктөшөт;
  • жалпы билим берүү уюмунда конкурстарды, мелдештерди жана башка массалык мектептен тышкаркы иш чараларды уюштурууга көмөктөшөт;
  • жалпы билим берүү уюмдарынын материалдык- техникалык базасын чындоого, мектептин имаратын жана айлана тегерегин көрктөндүрүүгө;
  • жалпы билим берүү уюмунун иш аракеттеринин так иштөөсүн жогорулатууга багытталган демилгелерди талдайт жана көрсөтөт;
  • жалпы билим берүү уюмунун уставында Камкордук кеңешинин компетенциясына кирген ар кандай суроолорду карайт;