Мурзабек Балбаков атындагы орто мектеби Ак-Талаа району Ак-Чий айылы

Мектептин миссиясы,стратегиялык иш планы

Мектептин миссиясы:

   Ар бир баланын, бүтүрүүчүнүн , окуучунун ийгиликтүү ыңгайланышуусуна жана инсандык жөндөмдөрүнүн өөрчүп- өнүгүүсүнө мектеп керектүү шарттарды түзүп берет.

Билим берүүнүн сапатын жакшыртууну, башкаруу мектеп администрациясы тарабынан гумандуулуктун, демократиянын, динамикалык үзгүлтүксүз өнүгүүнүн жана натыйжаларды жакшыртуусуна умтулуунун принциптерине таянып жүзөгө ашырат.

Ар тараптуу инсанды калыптандыруу максатында окуу процессинде окуучунун позициясында окутуп, ата-энелер, коомчулук менен тыгыз байланышта болуп, азыркы коомдо натыйжалуу иштөөгө жөндөмдүү, жашоодо өз ордун таба билген гумандуу адамды тарбиялоо;

  • инсандын жеке өзгөчүлүктөрүнө жараша ар бир окуучуга мумкун болушунча эн сапаттуу денгээлде негизги жалпы жана жалпы  орто билим  алуусун камсыз кылуу;
  • мамлекеттин, коомдун, ата–эненин, окуучулардын билим алуусундагы керектөөсүн канааттандыруу, коомдун өнүгүүсүнө, жашоо шарттарына окуучуну көндүрүүгө көмөк көрсөтүү;
  • алдынкы иш тажрыйбаны пайдалануу менен окуучуларга заманбап сапаттуу билим, тарбия берүү жана ата-энелер менен тыгыз байланышта иштеп, окутуунун интерактивдик усулдарын колдонуу менен Кыргыз Республикасынын салттарын, маданиятын терең сыйлаган аны баалоого, жөндөмдүүлүгү бар , жашоодо өз ордун таба алган  инсандарды тарбиялоо;
  • инсандын жеке өзгөчлүктөрүнө жараша ар бир окуучуга мүмкүн болушунча эң сапаттуу денгээлде негизги жалпы жана жалпы  орто билим  алуусун камсыз кылуу;

 

Мектептин миссиясы төмөндөгү артыкчылыктар менен аныкталат:

 Мектептин негизги баалуулуктары:

 

  • Инсандын эркиндигин жана укуктарын камсыз кылуу;
  • Баланын укугун коргоо жөнүндөгү Конвенциянын талаптарын аткаруу;
  • Адамдык баалуулуктар, руханий байлык жана мекенди сүйүү;

 

Мектептин базалык баалулуктары:

  • Билим берүүнү гумандаштыруу идеяларын аңдап билүү;
  • Окуучулардын, педагогдордун, ата-энелердин, мектептин өнөктөштөрүнүн бири-бирине болгон ишеними жана сый урматы;
  • Баардык билим берүүнүн катышуучуларына жогорку психологиялык ынгайлуулукка умтулуу;
  • Мугалимдер жамаатынын жана балдар коллективинин өз ара уюштуруучулук денгээлин көтөрүүгө умтулуу;
  • Мугалимдердин жана балдардын чыгармачылык өнүгүүсүнө көмөктөшүүчү эркин атмосфераны түзүү;
  • Мектептин бардык бүтүрүүчүлөрүн билим берүү стандарттары менен камсыз кылуу;
  • Мектептин баардык бүтүрүүчүлөрүнө кесип тандоого багыт берүү жана социалдык ынгайлашууну камсыз кылуу;

Мектептин стратегиялык өнүгүүсү:

   Мурзабек Балбаков  атындагы орто мектебинин өнүктүрүү стратегиясын тандап алып, бул стратегия мектепти билим берүү мекемеси катары толук реконструкциялоону көздөй да иш-аракеттин бардык компоненттерин (максаттарын, мазмунун, уюштурууну, технология ж.б.), бардык структураларды, алардын бөлүктөрүн, байланыштарын, звенолорун камтыйт. Бул стратегия адатта жаны мазмундагы, сапаттуу билим берүүчү мекемеге айландырууда ишке ашырылат.

  1. Мектептин стратегиялык өнүгүүсүнүн жана иш алып баруусунун негизинде төмөнкү принциптер жатат:
    • Шыктандыруу-ар бир билим берүү процессинин катышуучусунун инсандык өнүгүшүнө ынгайлуу чөйрө түзүп берүү, жашоонун баалуулуктарын түшүндүрүүгө жардам берүү;
    • Сапаттуу-мектеп балдардын, мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жана коомдун алдында билим берүүнүн сапатына, мугалимдердин кадыр-баркын баалоо менен окуучуларды ар дайым окууга, айлана-чөйрөнү изилдөөгө, чыгармачылык менен ойлонууга, компетенттүү болууга жана Кыргыз Республикасынын жоопкерчиликтүү гражданини болууга, Мекенин сүйүүгө тарбиялоого умтулат.
    • Өнөктөштүк:
      • Окуучулар менен чыгармачылык баарлашуунун, бири бирине болгон сый- урматтын негизинде окуучулар менен иш алып барууну жузөгө ашыруу. Сапаттуу билим алууга, өзүнүн билим берүүчүлүк суроо талаптарын канааттандырууга, кошумча билим алуунун жаңы компоненттеринин эсебинен окуган предметтерди терендетип изилдөөгө укуктуу, коммуникативдүү, маданияттуу, креативдүү адамдар  билим алууга умтулушат. Мектептин окуучулары маданияттын, сергек жашоо образынын,  негизги билим алуучулук компетенттүүлүктөрдүн алып баруучусу болуп эсептелинет, кесип тандоодо өз алдынча жана терең ойлонуу менен аныктайт. Өз Мекенин – Кыргыз Республикасын терен сүйөт.  Ошондой эле элинин тарыхын,  үрп- адатын  сактайт жана ыйык тутат. Мугалимдер пикирлеш болуп, кеңешүү менен иштеп, билим берүү ишмердигинин жаңылануусуна умтулуу жана билим берүүчүлөрдүн чыгармачылык изденүүлөрүн колдоо менен максатка жетүү. Сабаттуу, эрудициясы бай, интеллектуалдык жактан өнүккөн адам. Инсандардын өз ара мамилелеринин маданиятын алып жүргөн, өз предметин жогорку деңгээлде  билген педагог.
      • Мыйзамдуу өкүлдөр мектептин билим берүү процессинин катышуучулары болуп эсептелгендиктен, мектептин өнүгүүсүн башкарууга аралашышат. Бири-бирин сыйлоо менен алака түзүү.   Балдарга билим берүүдө жана тарбиялоодо педагогдор менен иш алып барууда партнер болуп эсептелинишет. Конструктивдик диалогко жана акыйкаттуу сынга жөндөмдүү.  Баланын инсандык жактан ар тараптуу өнүгүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көмөктөшөт. Мектептин иш алып баруусунун негизги багыттарына жолтоо болбойт.  Адамдык мамилелердин маданиятынын алып жүрүүчүсү болуп эсептелинет жана ошондой эле өз балдарына үй- бүлөдө тийиштүү шарттарды түзүп берүүгө жоопкерчиликтүү.