Мурзабек Балбаков атындагы орто мектеби Ак-Талаа району Ак-Чий айылы

Биздин максаттар,милдеттер

Мектептин максаттары:

 

  • Мектепте окутуу жана тарбиялоо процессинде жагымдуу, ыңгайлуу шарт түзүү;
  • Окуучунун социалдык абалына, улутуна карабастан, коомчулукту катыштыруу менен сапаттуу билим жана татыктуу тарбиянын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
  • Окутуунун жаңы технологияларын киргизүү жана окуучулардын турмушка болгон көз караштарын ар тараптан өнүктүрүү;
  • Мамлекеттик билим берүү стандарттарын аткаруунун жана турмуштук компетенцияларына жетишүүнүн негизинде окуучулардын  инсандык жалпы маданиятын  калыптандырууга, кесиптик билим берүү  программаларын аң – сезимдүүлүк менен тандоого жана андан ары өздөштүрүүчү негиз түзүүгө жарандуулукка тарбиялоо;
  • Мамлекеттик окуу программаларынын аткарылышы, окуу предметтеринин өтүү сапаты, окуучулардын жетишүү жана билим сапаты, контингенттин сакталышы, олимпиада, ар кандай конкурстарга окуучулардын, мугалимдердин сапаттуу даярдалышы;
  • Өз өлкөсүнүн каада-салттарын адептик идеалдарын жана баалуулуктарын таанууга жана урматтоого тарбиялоо, руханий дүйнөсү бай, элдик маданиятты, мекенди сүйгөн, өз мекени үчүн күрөшкөн жаштарды тарбиялоо. Коомдун алдында атуулдук жоопкерчилигин арттыруу менен мектепти бүтүргөндөн кийин өз алдынча өнүгүп кетүүсүнө пайдубал түзүү;
  • Мектептин техникалык базасын чыңдоо, окуучулардын билим алуусуна замандын талабына ылайык шарт түзүү;

 

Мектептин милдеттери:

Окутуу-тарбиялоо процессин мамлекеттик стандарттын деңгээлине жеткирүү, инновациялык программаларды жана технологияларды мектептин методикалык иштери боюнча иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө активдештирүү;

Мектепке өнөктөштөрдү, демөөрчүлөрдү тартуу жана алар менен болгон байланышты өнүктүрүү,  билимдүү  жана ар тараптуу өнүккөн инсанды калыптандырууга шарт түзүү

Предметтик кабинеттерди уюштуруу, аларды дидактикалык материалдар, техникалык каражаттар жана окуу куралдары менен камсыз кылуу;

Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, замандын талабына ылайык билим деңгээлин калыптандыруу;

коомдун өнүгүшүнө салым кошо турган инсанды калыптандыруу, аны коомдогу жашоого ыңгайлаштыруу, кесипти тандоого багыт берүү, адеп–ахлактык жана руханий инсанды калыптандыруу;

инсанды өз алдынча чечим чыгарууга жана ошол чечимди ишке ашырууга шарт түзүү;

окуучулардын интеллектуалдык, маданий, руханий  жөндөмдөрүнө, кызыкчылыктырына ылайык талаптарын канааттандыруу;

окуучулардын ден соолугун чыңдоо жана өмүрүн коргоо, окуучулардын чыгармачылык потенциалын өстүрүүгө максималдуу ынгайлуу шарттарды түзүү;

илимий изилдөө ишмердүүлүктөрүн жана өз алдынча билим алуу көндүмдөрүн калыптандыруу;

Чыгармачылык менен иштеп жаткан мугалимдердин иш тажрыйбаларын жайылтуу;