Мурзабек Балбаков атындагы орто мектеби Ак-Талаа району Ак-Чий айылы

Окуу-тарбиялык иштер

Мурзабек Балбаков  атындагы орто мектебинде окутуу кыргыз тилинде  жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Билим берүү Стандартынын, Жалпы Билим берүү уюмдарынын типтүү Жобосунун, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана  Илим министрлигинин «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык Билим берүү мекемелерине окуучуларды электрондук каттоо боюнча убактылуу типтүү Жобосуна, Жалпы билим берүү уюмдарындагы окутуу шарттарына жана аны уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык, Мурзабек  Балбаков  атындагы  орто мектебинин Уставынын негизинде окуучуларды мектепке кабыл алып, билим берүү процесси ишке ашат.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министрлигинин 2021-жылдын 20-августундагы №1460\1 буйругу менен  бекитилген окуу планынын, №1 педагогикалык кенештин чечиминин негизинде  Базистик окуу планы Ак-Талаа райондук Билим берүү бөлүмүнө сунушталып, 2022\2023-окуу жылына 2022-жылдын 1-сентябрында кыргыз тилдүү  класстар, “Наристе” даярдоо программасы үчүн, үйдөн окутулуучу мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн окуу пландары бекитилген.

Кыргыз Республикасынын №477 токтому менен бекитилген «Балдарды үйүндө  жеке  окутууну  уюштуруу жөнүндө», Кыргыз  Республикасынын Мамлекеттик  Билим Берүү  Стандартына  ылайык ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү  чектелген жана оорунун катуу  формасы  менен  балдардын  категориясына  кирген  балдарга  билим  берүүнүн буйругуна ылайык биздин  мектепте  ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана оорунун  катуу  формасы  менен ооруган балдардын  категориясына кирген 1 бала үйүндө жеке  окутулат.

Класстардын орточо топтому 8-16 окуучуну түзөт.

КРнын 2002-жылдын 27-июнундагы №111 КРнын жалпы билим берүү мектептериндеги окуучулардын тамактануусун  уюштуруу тууралуу мыйзамы ишке кирген. Кыргыз өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-апрелиндеги №293 “КРнын жалпы билим берүү” мектептериндеги окуучулардын тамактануусун уюштуруу тууралуу токтом кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министрлигинин 2021-жылдын,  август, сентябрь айларында бекитилген окуу китептеринин тизмеси менен окутулат. Азыркы күндө китепкана фондунда 13900 китеп бар. Анын ичинен окуу китептин саны 13377, адабият 533 даана китеп. Анын ичинен 5,6-класстар үчүн ижара берилген китептердин саны- 1376 китеп. 7-8-9-кл аренда китептер -253.Окуучулардын арасында китептин ижарасынан бошотулган окуучулар 100%-3,50% -2

Билим берүү жана Илим Министрлигинин 2001-жылдын 16-июлундагы №348\1 буйругунун негизинде китепкананын иши Кыргыз Республикасынын жалпы Билим берүү мекемелеринин китепканасы тууралуу ТИПТҮҮ  ЖОБОго ылайык иш алып барылат.

Окуу китептери Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министрлигинин 2020-жылдын –сентябрь №699\1 “2020-2021-окуу жылында окутуу кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында пайдалануу үчун сунуш кылынган окуу китептеринин тизмесин бекитүү жөнүндө” буйругунун негизинде пайдаланылып, окутулат.

Мектептин проектилик кубаттуулугу 200 окуучуга эсептелинген болсо, азыркы тапта 108 окуучу билим алып, класстагы окуучулардын орточо саны 8-16 окуучуну түзөт.