Мугалимдердин, окуучулардын ортосунда мамиле, социалдык жактан коргоого муктаж окуучулар, кесиптештер менен социалдык педагог Абдыракманова Анаркүл Абылгазиевна иштейт. Мурзабек Балбаков атындагы орто мектебинин социалдык паспорту 2021\2022-окуу жылы
Мектепте физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү камсыз кылуу үчүн педагогдор менен ата — энелер ортосунда келишимдер түзүлгөн. Анкета түрүндө алынып физикалык коопсуздук б-ча имараттын коопсуздугу, бөлмөлөрдүн жарыктандырылышы , кабинеттердин жылуулугу, желдетилиши, таза суу менен камсыз болушу, мебелдердин коопсуздугу ата — энелер , жергиликтүү бийлик менен кайрылуулардын , маек жүргүзүү, проблемаларды суроо жооп аркылуу аныктап алып, стратегиялык планга киргизилген, айрым учурда тез кабыл алуу педагогдордун чогулушунда чечилет. Балдардын ден соолугун коргоо, жугуштуу ооруларды алдын алуу үчүн медицина кызматкери менен мониторинг жүргүзулүп турат. Социалдык педагог анкета жүргүзот, жашыруун кутуча пайдаланылат,ар бир айда комиссия курамы менен ачылып протокол түзүлөт. Ар кандай психологиялык коопсуздукту алдын алуу үчүн кутуча ичиндеги көйгөйлөр ата-эне, окуучу менен бирдикте маек жүргүзүү менен чечилет. ИДН кызматкерлери менен ай сайын чогулуштар өтүлүп түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат,видеокөзөмөл орнотулган. Каралаган тарбиялык иштерди өнүктүрүү боюнча, тарбияга оорчулук келтирген окуучулар менен иштер жүргүзүлүп келет. Мектепте окуучулардын соцпаспорту аныкталып, жетим балдар ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар, үй- бүлөлүк шарты оор окуучулар менен жекече иштер алынып барылат.. Ата- энелери ички сырткы миграцияда жүргөн окуучулар менен иш- алып барууда үй шартына байкоо жүргүзүү, сабактарга жетишүүсүн байкоо жүргүзүү, сабактарга жетишүүсүн көзөмөлдөө, аңгемелешүү менен контролдоо иштерин жүргүзүп турушат. Кылмыштуулукту алдын алуу жана болтурбоо максатында атайын иш план түзүлүп, ар кандай отурумдар, түнкү рейддер жүргүзүлөт. Кылмыштуулукту алдын алуу боюнча стенттер уюшулган.Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу боюнча класс жетекчилер соцпедагог менен бирдикте профилактикалык иш – чараларды уюштурушат.Балдарга ырайымсыз мамилени зомбулукту болтурбоо боюнча жана адам сатууну алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча иш план түзүлүп, 10-декабрь «Эл аралык адам укугун коргоо», ата-энелер чогулушунда «Балдардын укугун коргоо жана алардын шык жөндөмдүүлүгүн өстүрүу» деген темада доклад окулуп, видео роликтер көрсөтүлүп турат. Эл аралык адам укугун коргоо күнүнө карата «Адам сатууга жол жок» темасында класстык сааттар, линейкалар жана спорттук мелдештер өткөрүлүп, стенттер уюшулган. Социалдык адилеттүүлүктүн күнүнө карата класстык ачык сааттар,иш чаралар,линейкалар өткөрүлүп келет. “Зордук зомбулукка каршы №, күндүк компанияга арналган иш-чарага карата “Зордук зомбулуксуз дүйнө”,”Зордук зомбулуксуз үй-бүлө” тууралуу ачык сабактар,линейкалар тегерек столдор өткөрүлүп турат.Жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту, зордук зомбулукту жана суиццидди алдын алуу максатында ата-энелер чогулуштар өткөрүлүп турат. Атайын түзүлгөн комиссия,ата-энелер комитети, ИДНдин инспектору жана мектеп администрациясы менен биргеликте кылмыштуулукту алдын алуу боюнча ай сайын отурумдар өткөрүлүп турат. |
Ички иштер бөлүмү, жол тескөөчүлөр, аскер комиссариаттары менен кызматташтык.
Каралаган тарбиялык иштерди өнүктүрүү боюнча, тарбияга оорчулук келтирген окуучулар менен иштер жүргүзүлүп келет. Мектепте окуучулардын соцпаспорту аныкталып, жетим балдар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар, үй- бүлөөлүк шарты оор окуучулар менен жекече иштер алынып барылат. Айыл өкмөтүнүн соц кызматкери, ИДНдин кызматкери менен биргеликте ИДН дин каттоосундагы балдардын,социалдык абалы оор, тышкы жана ички мигранттардын, камкордука алынган окуучулардын үйлөрүн кыдыруу иштери жүргүзүлүп, актылар түзүлүп турат.
Ата- энелери ички сырткы миграцияда жүргөн окуучулар менен иш- алып барууда үй шартына байкоо жүргүзүү, сабактарга жетишүүсүн байкоо жүргүзүү, сабактарга жетишүүсүн көзөмөлдөө, аңгемелешүү менен контролдоо иштерин жүргүзүп турушат.
Жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту, зордук зомбулукту жана суиццидди алдын алуу максатында ата-энелер менен бирдикте чогулуштар өткөрүлүп турат. Атайын түзүлгөн комиссия,ата-энелер комитети, ИДНдин инспектору жана мектеп администрациясы менен биргеликте кылмыштуулукту алдын алуу боюнча ай сайын отурумдар өткөрүлүп турат.
ИДН дин каттоосундагы окуучулар
№ | 2019-2020-окуу жылы | 2020-2021-окуу жылы | 2021-2022-окуу жылы |
1 | — | — | — |
Укук бузууларды, зордук-зомбулук боюнча мектепте Алдын алуу кеңеши иштейт. Алдын алуу кеңешинин иш планы ата-энелер чогулушунун чечими менен «2022-2023 — окуу жылына республиканын билим берүү уюмдарынын окуучулардын жана жаштардын арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча ведомстволор арасында биргелешкен иш чаралар жөнүндө» буйругун аткаруу максатында Мурзабек Балбаков атындагы орто мектебинин окуучуларынын арасындагы укук бузууларды жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча 2022– 2023 — окуу жылына карата бирдиктүү иш-чаралардын негизинде түзүлгөн мектептин алдын алуу кеңешинин иш планы бекитилген.
Мурзабек Балбаков атындагы орто мектебинин профилактикалык кеңешинин жобосу баланын укуктары жөнүндө Конвенциянын, «Кыргыз Республикасында укук бузууга каршы профилактикалык иштерди жүргүзүү » жөнүндөгү №82 25 – июнь 2005 – ж . КР Мыйзамынын негизинде түзүлөт.
Милиция кызматкерлери өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу жана талап тоноо, топтошуп мушташуу , арыздашуу сыяктуу көмүскөдөгү терс көрүнүштөрдү ачыкка чыгаруу кесепеттери менен күрөшүүдө мааниси чон. Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алууда түздөн- түз өспүрүмдөр менен иш алып баруу инспектору С.Кадыров иштейт.
Мектеп ичинде замандын талабына ылайык «Коопсуз мектеп», «Зордук зомбулуксуз мектеп», «Балдардын укугун коргоо», « Кылмыштуулукту алдын алуу», «Рекетчилик» , «Балдар кеңеши», «Кыздар кеңеши», «Кыздар менен иш алып баруу», «Балдар менен иш алып баруу» план программалары милиция кызматкерлери менен бирдикте иш — чаралар алынып барылат.Азыркы учурда жаштардын тарбиясына өзгөчө маани берип, келечекте кылмыш жолуна түшпөй бекем ден-соолукта өсүп, сапаттуу билим алуусуна шарт түзүп берүү жеке гана мектептин милдети эмес жалпы коомчулуктун милдети. Милиция кызматкерлери окуу жылы башталгандан мектептин социалдык паспортун түзүп, окуучулар арасындагы көйгөлүү үй- бүлөдөгү балдарды, тартиби, мүнөзү оор окуучуларды, мигранттардын балдарын, жетим балдарды изилдөө иштерин жүргүзүп, соцпедагогдор менен тыгыз байланышта иш алып барышат. Ай сайын ИДНкызматкерлери менен биргеликте отурумдар өткөрүлүп турат. Ошондой эле лекцияларды, тегерек стол уюштуруп, талкуу иштерин жүргүзүшөт. Мүнөзү оор балдар менен жекече аңгемелешүүлөрдү алып барышат. Майрам күндөрү милиция кызматкерлери менен бирдикте түнкү рейддер уюштурулат.
Мектепте «Жаш инспекторлордун» ЮИД курамы түзүлгөн, курамдын мүчөлөрү жолдо жүрүүнүн эрежелери боюнча түрдүү иш – чараларды, кароо- сынактарды алып барышат..
- Текст
- Фото / Видео / Документы
- Таблицы
- Списки
- Ссылки
- Разные цвета