Мурзабек Балбаков атындагы орто мектеби Ак-Талаа району Ак-Чий айылы

Көзөмөлчүлүк кеңеш

КББК. Стандарттарга дал келүүсүнө байкоо жүргүзүү матрицасы

Стандарттарга дал келүүсүнө байкоо жүргүзүү  матрицасы

Мектеп: Мурзабек Балбаков атындагы орто мектеби

Ак-Талаа району, Ак-Чий айылы

Эскертүү: Матрицаны толтуруудагы өзгөрүүлөр жана толуктоолор мектептин жагдайына карай өзгөрүүсү мүмкүн.

Көрсөткүчтөр/Стандарттар
жагдай кандай болуусу кажет?
Нормативдик базасыМектептин учурдагы абалыМектеп эмне үчүн ушундай жагдайда?
1.Мектептеги ачык-айкындуулук (пландаштыруу жана ишке ашыруу).
Мектептин директору жана Камкорчулар кеңеши жыл сайын коомдук угууларды уюштуруп, киреше жана чыгашалар жөнүндө маалыматты ата-энелери жана камкорчулары менен бөлүшөт.
44-1-берене. Мамлекеттик билим берүү уюмдары тарабынан акча каражаттарынын чыгымдалышы жөнүндө отчетту коомдук угуу.
Билим берүү жөнүндө КР мыйзамы 2003-жылдын 30-апрели №92.
2. Мектептин ишин  биргелешип пландаштыруу (мугалимдердин, окуучулардын жана ата-энелердин катышуусу).
билим берүү органдары стратегиялык, программалык документтерди жана ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга бизнес коомчулугунун, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн, ата-энелерди, стунденттердин өзүн тартат.
4. Негизги жана (же) орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатына критерийлер:

5) педагогикалык жамааттын, окуучулардын жана кызыкдар тараптардын билим берүүнү ишке ашырууга, анын сапатын контролдоого жана кайра кароого катышуу механизминин болушу (кызыкдар тараптар менен аркы-терки байланыш);
Негизги жана /же жалпы орто, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарын аккредитациялоонун тартибин жана Негизги жана/ же орто жалпы билим берүү  программаларын  ишке ашыруучу, аккредитациялануучу билим берүү уюмдарына коюлуучу минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-декабрындагы №844 токтомунун редакциясына ылайык).

 

 

3. Кадрлар менен камсыздоо, предметтик мугалимдердин болушу.

-мектеп мугалимдер менен 100% камсыз болгон;
-бардык сабактар окутулуп жаткан предметке ылайык адистиги бар мугалимдер тарабынан окутулат.

 

-Педагогдук ишти иштөө укугуна зарыл билим алган жана тиешелүү педагогдук квалификациясы бар адамдар ээ болушат ушул беренеде каралган учурларды кошпогондо.

-педагогдук билими жана квалификациясы жок адамдар педагогдук(окутуучулук) иште иштөө укугуна кайра даярдоодон өткөн учурларда ээ болот;
28-берене.Педагогдук ишти иштөө укугу. Билим берүү жөнүндө КР мыйзамы. 2003-жылдын 30-апрели №92.

4. Сабак учурунда мугалимдердин окуучуларга болгон мамилеси.

Окуучулар жайлуу жана ынтымактуу шартта билим алышат, анда укуктар кандай гана болбосун бузулбайт.

Педагогдор төмөндөгүлөргө милдеттүү:
-педагогдык этиканын ченемдерин сактоого;
-балдарга карата эмоциялык , психикалык, дене-бой зомбулугун колдонууга жол бербөөгө.29-берене. Педагогдордун укуктары менен милдеттери.Билим берүү жөнүндө КР мыйзамы. 2003-жылдын 30-апрели №92.

Жалпы билим берүү уюмундагы тартип окуу процессинин бардык катышуучуларын инсандын кадыр-баркын урматтоосунун негизинде жолго салынат.

Жалпы билим берүү уюму жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-октябрындагы №544, 2014-жылдын 17-сентябры №535, 2019-жылдын 17-июнундагы №295 токтомдорунун редакцияларына ылайык).

5. Окуучулардын мугалимдерге, алардын теңтуштарына мамилеси.
Окуучулар бардык дисциплинардык талаптарды аткарышат жана теңтуштарына, мугалимдерине жана мектептин башка кызматкерлерине урмат көрсөтүшөт.Окуу процессинин бардык катышуучуларынын бири-бирине болгон сый мамилеси мектептин уюштуруучулук маданиятынын бир бөлүгү.
Окуп жаткандар:
-мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын деңгээлинде билим берүү программаларын өздөштүрүүгө;
-билим берүү уюмунун ички тартип эрежелерин сактоого;
-улуттук каада-салттарды урматтоого;
-билим берүү уюмуна келтирилгензыян үчүн КР мыйзамдары менен белгиленген тартипте юридикалык жоопкерчилик тартууга милдеттүү.26-берене. Окуп жаткандардын укуктары менен милдеттери.Билим берүү жөнүндө КР мыйзамы. 2003-жылдын 30-апрели №92.
6. Окутуу методикасы/педагогика.

Мугалимдер балдарга багытталган окуу тажрыйбасында чыгармачылык менен иштешет. Алар өз ишинде инновациялык интерактивдүү окутуу методдорун колдонушат. Мугалимдердин ишине чыгармачыл мамиле кылуу талабы мектеп администрациясы  жана КК тарабынан кубатталат.

Педагогдор төмөндөгүлөргө укуктуу:

педагогдук ишти уюштуруунун усулдары менен түрлөрүн эркин тандап алууга;
-педогогдук алдыңкы тажрыйбаны ишке жайылтууга;
Педагогдор төмөндөгүлөргө милдеттүү:

-окуучулардын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынан төмөн болбогон деңгээлде билим берүү программаларын өздөштүрүшүн камсыз кылууга;
окуп жаткандардын өз алдынчалуулугун, окууга чыгармачыл мамиле жасоосун өнүктүрүүгө, жүрүм-турумунда жогорку адеп-ахлактык ченемдерди калыптандырууга;

29-берене. Педагогдордун укуктары менен милдеттери.

Билим берүү жөнүндө КР мыйзамы. 2003-жылдын 30-апрели №92.

 

7. Мугалимдердин кесиптик квалификациясы.

Педагогтор:

-кесиптик деңгээлин дайыма жогорулатуу  жана квалификациясын 5 жылда бир жолудан кем эмес жогорулатуу.

ЖӨБдүн колдоосу менен мектеп төмөндөгүлөргө милдеттүү:

-шарттарды түзүү жана мугалимдердин кесиптик чеберчилигин үзгүлтүксүз жогорулатуу үчүн түрткү берүү;
-мугалимдердин квалификациясын 5 жылда бир жолудан кем эмес жогорулатуу укугун ишке ашыруу.

Мамлекет мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү , мектептен тышкары билим берүү, атайын билим берүү уюмдарынын, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдарынын  бардык типтеги мекемелеринин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо үчүн бардык шарттарды түзүүгө кепилдик берет.

18-статья. Мугалим кадрларынын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо. Мугалимдин статусу жөнүндө

КР мыйзамы.

2001-жылдын 14-январы № 9

— КР Өкмөтү аныктаган тартипте мамлекеттик эсебинен өзүнүн кесиптик деңгээлин жана квалификациясын жогорулатууга.

29-берене. Педагогдордун укуктары менен милдеттери.

Билим берүү жөнүндө КР мыйзамы. 2003-жылдын 30-апрели №92.

8. Мектептин техникалык жабдуулары (интернет булактары, компьютер, интерактивдүү доска ж.б).

-Мектеп компьютерлер, мультимедиялык жабдуулар менен окуучулардын муктаждыктарына жооп берген деңгээлде же орточо республикалык деңгээлде камсыздалган;

-Мектеп Интернетке туташтырылып, керектүү билим берүү булактары менен камсыздалган.

“1 компьютерге 50 окуучу” көрсөткүчү 2023-жылы 1 компьютерге 26  окуучуга чейин жакшыртылды.

7.Күтүлүүчү натыйжалар-аткаруу индикаторлору.

2021-2040-жылдары КР билим берүүнү өнүктүрүү Программасы.

9. Мугалимдердин интерактивдүү технологияларды колдоно билүүсү.

-Мугалимдер билим берүү процессинде компьютерлерди, смартфондорду жана мультимедия жабдууларын натыйжалуу колдонууга мүмкүндүк берген деңгээлде  IT-компетенттүүлүктөрүн иштеп чыгышты;

-Мугалимдер техникалык чеберчилиги боюнча тынымсыз иштешет;

-Мектептин жана коомчулуктун учурундун талабына жооп берген мугалимдерге болгон жардамы.

 

Мугалимдердин компотенттүүлүгүнүн 3 деңгээли:

1-деңгээл. Негизги: билим алуу. Мугалимдер технологияны колдонуу боюнча билимге ээ болушат жана МКТ нын негизги компетенцияларына ээ болушат…Бул деңгээлде мугалимдер кесиптик чеберчилигин үзгүлтүксүз жогорулатуу технологияларын өздөштүрүшөт.

2-деңгээл.Ортоңку деңгээл: билимди өздөштүрүү. Мугалимдер келечекте окуучуларга багытталган жагымдуу билим берүү чөйрөсүн түзүүгө жана кызматташууга көндүмдөрүн өркүндөтүүгө мүмкүндүк берген МКТ компетенттүүлүктөрүнө ээ болушат… Ошондой эле мугалимдер улуттук жана эл аралык мугалимдер коомчулугуна кошулуп окуусун уланта алышат.

3-деңгээл.Өркүндөтүлгөн деңгээл: Билимди жаратуу. Мугалимдер мыкты тажрыйбаларды моделдөөгө жана окуучуларга туруктуу өзгөрүп турган дүйнөдө зарыл болгон принципиалдуу жаңы билимдерди, көндүмдөрдү жана баалуулуктарды калыптандырууга өбөлгө  түзө турган мындай билим берүү чөйрөсүн түзүүгө жардам берген компетенттүүлүккө ээ болушат. Жалпы билим берүүчү мектептин мугалиминин МКТ компотенттүүлүгүнө квалификациялык талаптар (Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилет).

 

 

10. Мектептин кызмат көрсөтүүлөрүнө бирдей жеткиликтүүлүк жана тең пайдалануу.

-Ар бир бала сапаттуу билим алууга укуктуу;
-Үй-бүлөнүн социалдык –экономикалык абалы, ата-эненин диний ишеними, баланын ден-соолугуна байланыштуу көйгөйлөр жана башка факторлор баланын алуусуна тоскоол болбошу керек;
-Билими начар ар бир бала өзүнө керектүү колдоону алышы керек.

Билим берүү уюму ар бир баланы билим берүү рпоцессине кошуу үчүн  инклюзивдик чөйрөнү, ага кошо вариативдик шарттарды (жалпы же өзүнчө класста, үйүндө окутуу, аралыктан окутуунун формалары, тьютордун ассистенттигинде ж.б) түзүп берүүгө милдеттүү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары саламаттык сактоо жана социалдык коргоо органдары менен бирдикте зарыл болгон учурда сапаттуу билим алууну камсыз кылуу үчүн көмөктөшүүчү каражаттарды берет (коляска, аудио жана видео көмөктөшүүчү каражаттар, класста жана мектепте дене бойго жагымдуу чөйрөнү уюштуруп берүү).

2019-2023-жылдарга КР инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү КОНЦЕПЦИЯСЫ (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-июлундагы №360 токтомуна).

11. Балдарды мектепке киргизүү

-Мектептин аймагында жашаган ар бир бала 7 жашында мектепке кабыл алынышы керек;
-Аймакта жашаган балдарды каттоо үчүн жоопкерчилик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт, калган өнөктөштөр мектептин ар бир балага жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга өз салымын кошушат.

-мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдарды туруктуу эсепке алууну жүзөгө ашыруу;
-балдарды жалпы билим берүү уюмдарына жана алардын иш жүзүндө жашаган жерлерине жеткирүүнү уюштуруу.36-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы.Билим берүү жөнүндө КР мыйзамы. 2003-жылдын 30-апрели №92
12.Класстагы эмеректер

-Класстагы эмеректер балдардын ден соолугуна зыянсыз, балдардын өсүшүнө жана жаш өзгөчөлүктөрүнө туура келген материалдардан жасалышы керек.

Шилтеме 1.

Окуу эмеректерине талаптар.

 

13. Тазалык

-Билим берүү уюмунда болгон мезгилде студенттер ичүүчү сууга акысыз ээ болушат;
-Канализациялык эмес айыл аймактарында жалпы билим берүүчү мекемелердин имараттары ички канализация менен жабдылган.

Шилтеме 2.

Санитардык талаптар.

14. Ден-соолукту коргоо.

-Окуучулардын ден-соолугу –бул мектеп жана коомчулук үчүн биринчи кезектеги милдет;

-Билим берүү процесси ден-соолукту сактоочу технологияларга негизделген;

-Окуу жүктөмү мыйзамдарда аныкталган курак ченемдерине туура келет;

-Ден –соолукту колдоого муктаж балдарга мектептен жана коомчулуктан өз убагында жардам көрсөтүлөт.

-Билим берүү уюмдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары балдардын жана окуучу жаштардын саламаттыгын сактоого жана чыңдоого кепилдик берүүчү шарттарды түзөт;

-Окуу –эмгек жүктөмү, окуучулардын окуу режими, анын ичинде дене тарбиясы билим берүү уюму тарабынан КР билим берүүсүн мамлекеттик башкаруу органдарынын сунуштарынын негизинде саламаттык сактоо жаатындагы  КР мамлекеттик органдары менен макулдашуу боюнча аныкталат;

-Узак дарыланууга муктаж болгон балдар үчүн КР Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ден-соолукту чыңдоо мекемелеринде окутуу шартын түзөт. Окуу сабактары ошондой эле үйдө, дарылоо мекемесинде жүргүзүлөт.

31-берене.Балдардын жана окуучу жаштардын саламаттыгын сактоо.

Билим берүү жөнүндө КР мыйзамы.2003-жылдын 30-апрели № 92.

15. Мектептеги тамак-аш.

Мектепте башталгыч класстын балдары үчүн тамак уюштуруу үчүн бардык шарттар түзүлгөн:бөлмө, эмерек, идиш-аяк.

Уюштуруу процесси ачык жана коррупциялык тобокелдиктерди жокко чыгарат.

-“Балдар жана өспүрүмдөр үчүн арналган аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө”  Бажы Биримдигинин Техникалык регламенти ТР ТС 007/2011

-“Жалпы билим берүү уюмдарындагы окутуу шарттарына жана аны уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар”

Санитардык-Эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери.

-Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын  тамактануусун уюштуруу жөнүндө КР Мыйзамы. 2019-жылдын 4-декабры № 135.

16. Мектептин коопсуздугу.

мектептин имараты жана аймагы айрым мамлекеттик ченемдердин жана стандарттардын (СНиП, СанПиН ж.б) коопсуздук талаптарына жооп бериши керек;

-Спорт жана оюн аянтчалары талаптагыдай жабдылып, окуучулардын коопсуздугуна коркунуч келтирбеши керек;

-Мекемелер жана уюмдар өз компетенцияларына ылайык өрт коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү.

 

Шилтеме 3.

Коопсуздук талаптары.

17. Класстагы балдар.

Класстардын жана жалпы мектептин окуу жүктөмү ченемдик укутук актыларда аныкталган ченемдерден ашпашы керек.

Бардык класста ар бир балага  2м2 кем эмес аянт туура келиши керек.

Санитарно-эпидемиологические требования к условиям и организации обучения в общеобразовательных организациях” (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-июнундагы № 295 токтомунун редакциясына ылайык).

18. Мектептин жылуулук шарттарына карата талаптар.

Мектеп балдар үчүн, мугалимдер жана администрация үчүн жылуу жана ыңгайлуу.

-Жалпы билим берүү уюмдарынын имараттары борбордук жылуулук берүү жана аба алмаштыруу системалары менен жабдылат;

-Ташып жүрүүчү жылуулук берүү приборлорун, ошондой эле инфракызыл нур чыгарган жылыткычтарды колдонууга болбойт;

-Абанын температурасы окуу жайларында жана кабинеттерде -+18   +24 С болушу керек;

Спорттук залда жана секциялык сабактарды өткөрүү үчүн бөлмөлөрдө, устаканаларда +17 +20 С болушу керек.

-Температураны көзөмөлдөп туруу үчүн окуу жайлар жана кабинеттер тиричилик термометрлери менен камсыз болушу керек.

7-бөлүм.Аба-жылуулук режимине болгон талаптар.

Санитарно-эпидемиологические требования к условиям и организации обучения в общеобразовательных организациях” (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-июнундагы № 295 токтомунун редакциясына ылайык).

19. Табигый жана жасалма жарыктандырууга коюлган талаптар.

Мектеп имаратынын инсоляция жана жарыктандыруу деңгээли учурдагы ченемдерге жана стандарттарга жооп берет.

 

-Турак жана коомдук имараттарга табигый, жасалма, биргелешкен жарыктандырууга болгон гигиеналык талаптарга ылайык бардык окуу жайларында  табигый жарык берилиши керек;

-Окуу жайлардын терезелерине терезенин алдындагы тактайдан төмөн эмес кылып, жөнгө салынуучу күндөн калкалоочу түзүлүш (көтөрүлүүчү-бурулуучу жалюзилер, кездеме терезе пардалар, эшиктен тийген жарыктын деңгээлин төмөндөтпөгөн, жарыкты жакшы таратуучу касиети бар ачык түстөгү пардалар) менен жабдылат.

Күндүн жарыгын үнөмдүү пайдалануу жана окуу жайларга тегиз жарыктандыруу үчүн төмөнкүлөргө тыюу салынат:

-терезенин айнектерин сырдоого;

-терезенин алдындагы тактайга гүл коюуга, алар полдон  65-70-см бийик болгон ташылуучу гүл салгычтарга салынат же терезелердин ортосундагы дубалдарга илинүүчү кашпого салынат.

8-бөлүм. Табигый жана жасалма жарыктандырууга болгон талаптар. 7-бөлүм.Аба-жылуулук режимине болгон талаптар.

Санитарно-эпидемиологические требования к условиям и организации обучения в общеобразовательных организациях” (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-июнундагы № 295 токтомунун редакциясына ылайык).

 

 

 

Көзөмөлчүлүк кеңеш 

Көзөмөлчүлүк кеңеш

Көзөмөлчүлүк кеңеш

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета