2. Институциональная аккредитация

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

АК-ТАЛАА РАЙОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМҮ

Ак-Талаа району,Ак-Чий  айылы

Мурзабек Балбаков  атындагы  орто мектеби

№5 педкеңештин  №1 чечими

ӨЗҮН — ӨЗҮ БААЛОО БОЮНЧА ОТЧЕТ

ИНСТИТУЦИОНАЛДЫК АККРЕДИТАЦИЯЛОО

 

 

 

  • Комиссиянын төрагасы: А.Дөөлөтбеков –мектеп директору-комиссиянын төрагасы

Комиссиянын мүчөлөрү:

  • Ч.Токолова–окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары-комиссиянын мүчөсү
  • С.Коңурбай уулу- мектеп уюштуруучусу — комиссиянын мүчөсү
  • К.Шыгаев- чарба-иштери боюнча директордун орун басары- комиссиянын мүчөсү
  • А.Абдыракманова — социалдык педагог-комиссиянын мүчөсү
  • А.Секиев-профсоюз уюму-комиссиянын мүчөсү
  • С.Тасмабаева -информатика мугалими-комиссиянын мүчөсү
  • А.Агыбаева -китепканачы-комиссияны мүчөсү
  • А.Жунусов-  ата-энелер комитетинин төрагасы
  • М.Рыспаева –усулдук бирикменин жетекчиси

 

Комиссиянын курамы жөнүндө буйрук  №31     1-октябрь  2022-жыл

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ак-Чий      2022

           

Мазмуну

  1. Киришүү
    • Билим берүү уюму жөнүндө маалымат
    • Билим берүү уюмунун тарыхы
    • Билим берүү уюмунун жайгашуусу, аянты, имараты
    • Билим берүү уюмунун миссиясы, стратегиялык өнүгүүсү
    • Билим берүү уюмунун негизги максаттары жана милдеттери
    • Билим берүү уюмунун ишмердиги жана башкаруу структурасы
  2. Минималдуу талаптардын аткарылышын талдоо жана тастыктоочу база
  3. БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН КАМСЫЗДОО САЯСАТЫ
    • Билим берүү уюмунун ишин жөнгө салуучу бекитилген акттардын болушу
    • Билим берүү уюмунун бекитилген миссиясынын, кызыктар тараптардын керектөөлөрүн жана өзүн өзү баалоонун ар жылдык жыйынтыктарын эске алуу менен иштелип чыккан стратегиялык жана учурдагы пландардын болушу.
    • Билим берүү сапатын камсыздоо саясатын ишке ашыруу жана жооптуу адамдардын түзүмдөрдүн болушу
    • Персоналдардын жана окуучулардын жүрүм-турумунун  бекитилген этикалык  ченемдеринин болушу,аларды сактоо
    • Ишти баалоо, пландоо, уюштуруу, ошондой эле билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун абалына мониторинг жүргүзүү механизмдеринин жана жол-жоболорунун болушу
    • Кызыкдар тараптарды тартуу менен чечимдерди  кабыл алуунун жана тиешелүү  оңдоолорду  киргизүүнүн  колдонуудагы механизмдеринин болушу
    • Билим берүүнү башкаруунун  колдонуудагы  маалыматтык  системанын, веб-сайттын, электрондук почтанын болушу
  4. КАДРДЫК САЯСАТТЫН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮ
    • Педагогикалык,административдик,окутуучу-көмөкчү жана кенже тейлөөчү персоналды жумушка алуунун (жумуштан бошотуунун) объективдүү критерийлерин жана шарттарын камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу
    • Штаттардын комплектелишинин, педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билиминин  билим  берүү  программасына шайкеш келүүсү
    • Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү  процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин  баалоону, анын жыйынтыгы боюнча  чечимдерди кабыл  алууну  камсыздоочу  механизмдин жана жол-жоболордун болушу
    • Педагогикалык, админстративдик, кенже тейлөөчү жана окутуучу-көмөкчү персоналдын ишин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун  болушу
  5. МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗА
    • Билим берүү процессинин катышуучуларына,анын ичинде  ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга  жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын, жайлардын  жана материалдык ресурстардын (жабдылган окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класстар, спорт зал, актылар залы, медициналык пункт, ашкана) ошондой эле жашоо үчүн тиешелүү шарттары бар  жатаканалардын  (эгерде болсо) болушу
    • Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо (экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы коопсуздук, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери)
    • Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо,баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу
  6. ФИНАНСЫЛЫК РЕСУРСТАРДЫ  БАШКАРУУ
    • Финансылык пландоо  системасынын болушу
    • Кошумча финансы ресурстарын тартуу, бөлүштүрүү жана отчеттуулук боюнча  ачык-айкын механизмдердин  болушу
    • Финансы ресурстарын жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу.

Киришүү

  • Билим берүү уюму жөнүндө маалымат

 

Билим берүү уюмунун юридикалык жактын фирмалык  аталышы:

Мурзабек Балбаков атындагы  орто мектеби

Дареги:

Нарын облусу,  Ак-Талаа  району,  Ак-Чий  айылы, Уста Турдуке көчөсү, №70

Уюштуруучулук-укуктук формасы:

Мекеме

Менчик Формасы:

Мамлекеттик

ИНН :

01711200410120

Юридикалык жактын коду (ИУЖК\ОКПО):

20569498

Юридикалык жактын алгачкы катталган датасы:

27.12.1995-ж

Жалпы билим берүүчү:

жалпы орто билим берүү

Кесиптик:      жок

Байланыш телефондору:

0501061817\ 0709948803\ 0220590985

Электрондук дареги:

[email protected]. [email protected]

Мектеп сайты:

https://balbakov.mektebim.kg/

Билим берүү уюмунун аккредитациялоого жооптуу адамдар:

Дөөлөтбеков Азамат Дөөлөтбекович- 0501 061817  [email protected]

Токолова Чынара Аманбековна 0709 948803

[email protected], [email protected]

Билим берүү программаларына алган лицензиялар жөнүндө маалымат:

Сертификат № СС180002431, сертификат мөөнөтү: 19.06.2023-ж

КР ББж\аИМ 2018-жыл 19-июнь №790\1

Каттоо номуру: 2018\0423.

Программалар: Негизги жалпы билим берүү, орто жалпы билим берүү

 

Тиркеме 1.

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

АК-ТАЛАА РАЙОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМҮ

Ак-Талаа району,Ак-Чий  айылы

Мурзабек Балбаков  атындагы  орто мектеби

№5 педкеңештин  №1 чечими

ӨЗҮН — ӨЗҮ БААЛОО БОЮНЧА ОТЧЕТ

ИНСТИТУЦИОНАЛДЫК АККРЕДИТАЦИЯЛОО

 

 

 

  • Комиссиянын төрагасы: А.Дөөлөтбеков –мектеп директору-комиссиянын төрагасы

Комиссиянын мүчөлөрү:

  • Ч.Токолова–окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары-комиссиянын мүчөсү
  • С.Коңурбай уулу- мектеп уюштуруучусу — комиссиянын мүчөсү
  • К.Шыгаев- чарба-иштери боюнча директордун орун басары- комиссиянын мүчөсү
  • А.Абдыракманова — социалдык педагог-комиссиянын мүчөсү
  • А.Секиев-профсоюз уюму-комиссиянын мүчөсү
  • С.Тасмабаева -информатика мугалими-комиссиянын мүчөсү
  • А.Агыбаева -китепканачы-комиссияны мүчөсү
  • А.Жунусов-  ата-энелер комитетинин төрагасы
  • М.Рыспаева –усулдук бирикменин жетекчиси

 

Комиссиянын курамы жөнүндө буйрук  №31     1-октябрь  2022-жыл

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ак-Чий      2022

           

Мазмуну

  1. Киришүү
    • Билим берүү уюму жөнүндө маалымат
    • Билим берүү уюмунун тарыхы
    • Билим берүү уюмунун жайгашуусу, аянты, имараты
    • Билим берүү уюмунун миссиясы, стратегиялык өнүгүүсү
    • Билим берүү уюмунун негизги максаттары жана милдеттери
    • Билим берүү уюмунун ишмердиги жана башкаруу структурасы
  2. Минималдуу талаптардын аткарылышын талдоо жана тастыктоочу база
  3. БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН КАМСЫЗДОО САЯСАТЫ
    • Билим берүү уюмунун ишин жөнгө салуучу бекитилген акттардын болушу
    • Билим берүү уюмунун бекитилген миссиясынын, кызыктар тараптардын керектөөлөрүн жана өзүн өзү баалоонун ар жылдык жыйынтыктарын эске алуу менен иштелип чыккан стратегиялык жана учурдагы пландардын болушу.
    • Билим берүү сапатын камсыздоо саясатын ишке ашыруу жана жооптуу адамдардын түзүмдөрдүн болушу
    • Персоналдардын жана окуучулардын жүрүм-турумунун  бекитилген этикалык  ченемдеринин болушу,аларды сактоо
    • Ишти баалоо, пландоо, уюштуруу, ошондой эле билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун абалына мониторинг жүргүзүү механизмдеринин жана жол-жоболорунун болушу
    • Кызыкдар тараптарды тартуу менен чечимдерди  кабыл алуунун жана тиешелүү  оңдоолорду  киргизүүнүн  колдонуудагы механизмдеринин болушу
    • Билим берүүнү башкаруунун  колдонуудагы  маалыматтык  системанын, веб-сайттын, электрондук почтанын болушу
  4. КАДРДЫК САЯСАТТЫН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮ
    • Педагогикалык,административдик,окутуучу-көмөкчү жана кенже тейлөөчү персоналды жумушка алуунун (жумуштан бошотуунун) объективдүү критерийлерин жана шарттарын камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу
    • Штаттардын комплектелишинин, педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билиминин  билим  берүү  программасына шайкеш келүүсү
    • Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү  процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин  баалоону, анын жыйынтыгы боюнча  чечимдерди кабыл  алууну  камсыздоочу  механизмдин жана жол-жоболордун болушу
    • Педагогикалык, админстративдик, кенже тейлөөчү жана окутуучу-көмөкчү персоналдын ишин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун  болушу
  5. МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗА
    • Билим берүү процессинин катышуучуларына,анын ичинде  ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга  жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын, жайлардын  жана материалдык ресурстардын (жабдылган окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класстар, спорт зал, актылар залы, медициналык пункт, ашкана) ошондой эле жашоо үчүн тиешелүү шарттары бар  жатаканалардын  (эгерде болсо) болушу
    • Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо (экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы коопсуздук, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери)
    • Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо,баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу
  6. ФИНАНСЫЛЫК РЕСУРСТАРДЫ  БАШКАРУУ
    • Финансылык пландоо  системасынын болушу
    • Кошумча финансы ресурстарын тартуу, бөлүштүрүү жана отчеттуулук боюнча  ачык-айкын механизмдердин  болушу
    • Финансы ресурстарын жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу.

Киришүү

  • Билим берүү уюму жөнүндө маалымат

 

Билим берүү уюмунун юридикалык жактын фирмалык  аталышы:

Мурзабек Балбаков атындагы  орто мектеби

Дареги:

Нарын облусу,  Ак-Талаа  району,  Ак-Чий  айылы, Уста Турдуке көчөсү, №70

Уюштуруучулук-укуктук формасы:

Мекеме

Менчик Формасы:

Мамлекеттик

ИНН :

01711200410120

Юридикалык жактын коду (ИУЖК\ОКПО):

20569498

Юридикалык жактын алгачкы катталган датасы:

27.12.1995-ж

Жалпы билим берүүчү:

жалпы орто билим берүү

Кесиптик:      жок

Байланыш телефондору:

0501061817\ 0709948803\ 0220590985

Электрондук дареги:

[email protected]. [email protected]

Мектеп сайты:

https://balbakov.mektebim.kg/

Билим берүү уюмунун аккредитациялоого жооптуу адамдар:

Дөөлөтбеков Азамат Дөөлөтбекович- 0501 061817  [email protected]

Токолова Чынара Аманбековна 0709 948803

[email protected], [email protected]

Билим берүү программаларына алган лицензиялар жөнүндө маалымат:

Сертификат № СС180002431, сертификат мөөнөтү: 19.06.2023-ж

КР ББж\аИМ 2018-жыл 19-июнь №790\1

Каттоо номуру: 2018\0423.

Программалар: Негизги жалпы билим берүү, орто жалпы билим берүү

 

 

 

 

 

 

  • Билим берүү уюмунун тарыхы

Мурзабек Балбаков  атындагы орто мектеби  алгач, 1991-жылы Ак-Чий башталгыч  мектеби болуп уюштурулган. 1993-94-окуужылында Ак-Чий толук эмес орто мектеби болуп, 1997-98-окуу жылдары 11 жылдык  болуп  толук  ачылган .1998- жылы Мурзабек Балбаков атындагы орто мектеби  болуп аталган.

Учурда  окуучулар  1 сменде окуп билим алышат. Жалпы  108 окуучу, 11 класс комплектиси жана даярдоо  классы окуп билим алышат. Азыркы учурда 23 мугалим  жана                10 техникалык кызматкер  эмгектенип келүүдө.

 

 (тиркеме1. 1 барак)

https://balbakov.mektebim.kg/admin/377/2022/03/.-sertifikat.pdf

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облусунун Юстиция башкармалыгы тарабынан 3-октябрь 2022-жылы 78693-3304-У-е каттоо номуру менен Мурзабек Балбаков  атындагы  орто мектеби болуп юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоодон өтүп, күбөлүгүн алган.

(тиркеме 2. 2 барак)

куболук

Мектеп Ак-Талаа райондук Билим берүү бөлүмү тарабынан 2022-жылдын                                 27-сентябрь №87 буйругу менен Мурзабек Балбаков  атындагы  орто мектебинин Уставы бекитилген жана Юстиция Министрлиги тарабынан 2022-жылдын 3-октябры менен каттоодон өткөн.

(тиркеме 3. 16 барак)

жер участогунун планы (1)

Кыргыз Республикасынын  Билим Берүү жана Илим Министрлигинин 2018-жыл 19-июнь №790\1 буйругу менен № СС180002422 номуру менен 19.06.2023-ж сертификат алган. Сертификаттын каттоо номуру: 2018\0422,негизги жалпы билим берүү, орто жалпы билим берүү программалары боюнча аккредитациядан өткөн.

(тиркеме 4. 2 барак)

https://balbakov.mektebim.kg/admin-content/uploads/sites/377/2022/03/akkreditatsiya-boyuncha-sertifikat.pdf

Мурзабек Балбаков  атындагы  орто мектебин Ак-Чий айылынын көрүнүктүү инсандары жетектеп келген. З.Жакыпова , Т.Нуралиев , М.Сатындиев ж.б   жетектеп келген.

2022-жылдын  март айынан  баштап  Мурзабек Балбаков  атындагы орто мектебинин  директору- Дөөлөтбеков Азамат Дөөлөтбекович.

  • Билим берүү уюмунун жайгашуусу, аянты, имараты

 

Мурзабек Балбаков атындагы  орто мектеби  Ак-Чий айылынын түштүк тарабында жайгашкан.

Мектептин имараты боюнча Кыргыз Республикасынын Ак-Талаа райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармасы тарабынан 1996-жылдын 11-ноябрь №531- буйругу менен  2013-жылдын 21-январындагы 4-01-05-1001-0041 идентификациялык номер менен техникалык паспорт берилген.

(тиркеме 5. 1 бар

жер участогунун планы (1)

Имараттын сырткы өлчөмү – 1300,7 кв.м.

Имараттын негизги курулушу-691,60 кв.м

Имаратта  25 окуу кабинети, 1 балдар  өспүрүмдөр,1  жыйындар залы, 1 компьютердик  класс, 1 усулкана , 1 ашкана   бар.

Аталган мектеп курулгандан тартып, кезектеги ремонттон жыл сайын өтүп келет. Кышкы от жагуу мезгилдеринде имарат электр от казандары менен жылытылат. Имарат  2016-жылы капиталдык ремонттон өткөн, бүгүнкү күндө  мектептин эшик,терезелери ,чатырчасы алмаштырылган.

Мектептин имараттан сырткаркы аянты боюнча 1300,7 га жери 1996-жылы 11-ноябрь №531-б Баетов айыл округунун буйругунун негизинде 2004-жылдын 22-ноябрь  Ак-Талаа райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармасы Жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга укугу жөнүндө мамлекеттик АКТ каттап, Б № 013992 сериясы менен жер документин берген.

(тиркеме 6. 1 барак)

гос акт

 

Мектептин аянтында  дене тарбия сабактары үчүн футбол,баскетбол, асынуу аянтчалары жайгашкан.

Мектепте  мугалимдер, окуучулар сырткы туалеттерди пайдаланып келет. Мектептин сырткы туалети талапка жооп берет жана менчик участокто  жайгашкан.

Мектептин аянтында  800 кв.м. жашыл футбол аянчасы курулуп баштаган, тосмолор курулуп, шагыл, кум төшөлгөн. Жашыл ковиер салуучу иштери калган, айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каралган эмес. 25 сотых жер тилкесине тамчылатма жолу менен алма бактарды тигүү боюнча Азия өнүктүрүү Банкынын долбооруна кирген. Тосмолор тосулуп 120 түп алма багы  отургузулуп , азыркы учурда  баардыгы өсүп жатат.

 

  • Билим берүү уюмунун миссиясы, стратегиялык өнүгүүсү

 

Мектептин миссиясы:

 

Ар бир баланын, бүтүрүүчүнүн , окуучунун ийгиликтүү ыңгайланышуусуна жана инсандык жөндөмдөрүнүн өөрчүп- өнүгүүсүнө мектеп керектүү шарттарды түзүп берет.

Билим берүүнүн сапатын жакшыртууну, башкаруу мектеп администрациясы тарабынан гумандуулуктун, демократиянын, динамикалык үзгүлтүксүз өнүгүүнүн жана натыйжаларды жакшыртуусуна умтулуунун принциптерине таянып жүзөгө ашырат.

 

  • Ар тараптуу инсанды калыптандыруу максатында окуу процессинде окуучунун позициясында окутуп, ата-энелер, коомчулук менен тыгыз байланышта болуп, азыркы коомдо натыйжалуу иштөөгө жөндөмдүү, жашоодо өз ордун таба билген гумандуу адамды тарбиялоо;
  • инсандын жеке өзгөчүлүктөрүнө жараша ар бир окуучуга мумкун болушунча эн сапаттуу денгээлде негизги жалпы жана жалпы  орто билим  алуусун камсыз кылуу;
  • мамлекеттин, коомдун, ата–эненин, окуучулардын билим алуусундагы керектөөсүн канааттандыруу, коомдун өнүгүүсүнө, жашоо шарттарына окуучуну көндүрүүгө көмөк көрсөтүү;
  • алдынкы иш тажрыйбаны пайдалануу менен окуучуларга заманбап сапаттуу билим, тарбия берүү жана ата-энелер менен тыгыз байланышта иштеп, окутуунун интерактивдик усулдарын колдонуу менен Кыргыз Республикасынын салттарын, маданиятын терен сыйлаган аны баалоого, жөндөмдүүлүгү бар , жашоодо өз ордун таба алган  инсандарды тарбиялоо;
  • инсандын жеке өзгөчлүктөрүнө жараша ар бир окуучуга мүмкүн болушунча эң сапаттуу денгээлде негизги жалпы жана жалпы  орто билим  алуусун камсыз кылуу;

 

Мектептин миссиясы төмөндөгү артыкчылыктар менен аныкталат:

 

Мектептин негизги баалуулуктары:

 

  • Инсандын эркиндигин жана укуктарын камсыз кылуу;
  • Баланын укугун коргоо жөнүндөгүКонвенциянын талаптарын аткаруу;
  • Адамдык баалуулуктар, руханий байлык жана мекенди сүйүү;

 

Мектептин базалык баалулуктары:

  • Билим берүүнү гумандаштыруу идеяларын аңдап билуу;
  • Окуучулардын, педагогдордун, ата-энелердин, мектептин өнөктөштөрүнүн бири-бирине болгон ишеними жана сый урматы;
  • Баардык билим берүүнүн катышуучуларына жогорку психологиялык ынгайлуулукка умтулуу;
  • Мугалимдер жамаатынын жана балдар коллективинин өз ара уюштуруучулук денгээлин көтөрүүгө умтулуу;
  • Мугалимдердин жана балдардын чыгармачылык өнүгүүсүнө көмөктөшүүчү эркин атмосфераны түзүү;
  • Мектептин бардык бүтүрүүчүлөрүн билим берүү стандарттары менен камсыз кылуу;
  • Мектептин баардык бүтүрүүчүлөрүнө кесип тандоого багыт берүү жана социалдык ынгайлашууну камсыз кылуу;

 

(тирке

ссылка коюш керек

 

 

 

Мектептин стратегиялык өнүгүүсү:

 Мурзабек Балбаков  атындагы орто мектебинин өнүктүрүү стратегиясын тандап алып, бул стратегия мектепти билим берүү мекемеси катары толук реконструкциялоону көздөй да иш-аракеттин бардык компоненттерин (максаттарын, мазмунун, уюштурууну, технология ж.б.), бардык структураларды, алардын бөлүктөрүн, байланыштарын, звенолорун камтыйт. Бул стратегия адатта жаны мазмундагы, сапаттуу билим берүүчү мекемеге айландырууда ишке ашырылат.

  1. Мектептин стратегиялык өнүгүүсүнүн жана иш алып баруусунун негизинде төмөнкү принциптер жатат:
    • Шыктандыруу-ар бир билим берүү процессинин катышуучусунун инсандык өнүгүшүнө ынгайлуу чөйрө түзүп берүү, жашоонун баалуулуктарын түшүндүрүүгө жардам берүү;
    • Сапаттуу-мектеп балдардын, мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жана коомдун алдында билим берүүнүн сапатына, мугалимдердин кадыр-баркын баалоо менен окуучуларды ар дайым окууга, айлана-чөйрөнү изилдөөгө, чыгармачылык менен ойлонууга, компетенттүү болууга жана Кыргыз Республикасынын жоопкерчиликтүү гражданини болууга, Мекенин сүйүүгө тарбиялоого умтулат.
    • Өнөктөштүк:
      • Окуучулар менен чыгармачылык баарлашуунун, бири бирине болгон сый- урматтын негизинде окуучулар менен иш алып барууну жузөгө ашыруу. Сапаттуу билим алууга, өзүнүн билим берүүчүлүк суроо талаптарын канааттандырууга, кошумча билим алуунун жаңы компоненттеринин эсебинен окуган предметтерди терендетип изилдөөгө укуктуу, коммуникативдүү, маданияттуу, креативдүү адамдар  билим алууга умтулушат. Мектептин окуучулары маданияттын, сергек жашоо образынын,  негизги билим алуучулук компетенттүүлүктөрдүн алып баруучусу болуп эсептелинет, кесип тандоодо өз алдынча жана терең ойлонуу менен аныктайт. Өз Мекенин – Кыргыз Республикасын терен сүйөт.  Ошондой эле элинин тарыхын,  үрп- адатын  сактайт жана ыйык тутат. Мугалимдер пикирлеш болуп, кеңешүү менен иштеп, билим берүү ишмердигинин жаңылануусуна умтулуу жана билим берүүчүлөрдүн чыгармачылык изденүүлөрүн колдоо менен максатка жетүү. Сабаттуу, эрудициясы бай, интеллектуалдык жактан өнүккөн адам. Инсандардын өз ара мамилелеринин маданиятын алып жүргөн, өз предметин жогорку деңгээлде  билген педагог.
      • Мыйзамдуу өкүлдөр мектептин билим берүү процессинин катышуучулары болуп эсептелгендиктен, мектептин өнүгүүсүн башкарууга аралашышат. Бири-бирин сыйлоо менен алака түзүү.   Балдарга билим берүүдө жана тарбиялоодо педагогдор менен иш алып барууда партниер болуп эсептелинишет. Конструктивдик диалогко жана акыйкаттуу сынга жөндомдүү.  Баланын инсандык жактан ар тараптуу өнүгүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көмөктөшөт. Мектептин иш алып баруусунун негизги багыттарына жолтоо болбойт.  Адамдык мамилелердин маданиятынын алып жүрүүчүсү болуп эсептелинет жана ошондой эле өз балдарына үй- бүлөдө тийиштүү шарттарды түзүп берүүгө жоопкерчиликтүү.

 

 

 

  • Билим берүү уюмунун негизги максаттары жана милдеттери

       Мектептин максаттары:

     * Мектепте окутуу жана тарбиялоо процессинде жагымдуу, ыңгайлуу шарт түзүү;

  • Окуучунун социалдык абалына, улутуна карабастан, коомчулукту катыштыруу менен сапаттуу билим жана татыктуу тарбиянын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
  • Окутуунун жаңы технологияларын киргизүү жана окуучулардын турмушка болгон көз караштарын ар тараптан өнүктүрүү;
  • Мамлекеттик билим берүү стандарттарын аткаруунун жана турмуштук компетенцияларына жетишүүнүн негизинде окуучулардын  инсандык жалпы маданиятын  калыптандырууга, кесиптик билим берүү  программаларын аң – сезимдүүлүк менен тандоого жана андан ары өздөштүрүүчү негиз түзүүгө жарандуулукка тарбиялоо;
  • Мамлекеттик окуу программаларынын аткарылышы, окуу предметтеринин өтүү сапаты, окуучулардын жетишүү жана билим сапаты, контингенттин сакталышы, олимпиада, ар кандай конкурстарга окуучулардын, мугалимдердин сапаттуу даярдалышы;
  • Өз өлкөсүнүн каада-салттарын адептик идеалдарын жана баалуулуктарын таанууга  жана урматтоого тарбиялоо, руханий дүйнөсү бай,элдик маданиятты,мекенди сүйгөн,өз мекени үчүн күрөшкөн жаштарды тарбиялоо. Коомдун алдында атуулдук жоопкерчилигин арттыруу менен мектепти бүтүргөндөн кийин өз алдынча өнүгүп кетүүсүнө пайдубал түзүү;
  • Мектептин техникалык базасын чыңдоо, окуучулардын билим алуусуна замандын талабына ылайык шарт түзүү;

 

Мектептин милдеттери:

  • Окутуу-тарбиялоо процессин мамлекеттик стандарттын деңгээлине жеткирүү, инновациялык программаларды жана технологияларды мектептин методикалык иштери боюнча иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө активдештирүү;
  • Мектепке өнөктөштөрдү, демөөрчүлөрдү тартуу жана алар менен болгон байланышты өнүктүрүү, билимдүү жана ар тараптуу өнүккөн инсанды калыптандырууга шарт түзүү
  • Предметтик кабинеттерди уюштуруу, аларды дидактикалык материалдар, техникалык каражаттар жана окуу куралдары менен камсыз кылуу;
  • Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, замандын талабына ылайык билим деңгээлин калыптандыруу;
  • коомдун өнүгүшүнө салым кошо турган инсанды калыптандыруу, аны коомдогу жашоого ыңгайлаштыруу, кесипти тандоого багыт берүү, адеп–ахлактык жана руханий инсанды калыптандыруу;
  • инсанды өз алдынча чечим чыгарууга жана ошол чечимди ишке ашырууга шарт түзүү;
  • окуучулардын интеллектуалдык , маданий, руханий жөндөмдөрүнө, кызыкчылыктырына ылайык талаптарын канааттандыруу;
  • окуучулардын ден соолугун чыңдоо жана өмүрүн коргоо, окуучулардын чыгармачылык потенциалын өстүрүүгө максималдуу ынгайлуу шарттарды түзүү;
  • илимий изилдөө ишмердүүлүктөрүн жана өз алдынча билим алуу көндүмдөрүн калыптандыруу;
  • Чыгармачылык менен иштеп жаткан мугалимдердин иш тажрыйбаларын жайылтуу;
    • Билим берүү уюмунун ишмердүүлүгү жана башкаруу структурасы

 

Мектеп өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде, максат жана милдеттерине, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын  нормативдик жана укуктук актыларынын негизине  ылайык иш жүргүзөт.Мектептин ишмердүүлүгү болуп баштапкы жалпы, негизги жалпы, орто жалпы, негизги билим берүүнүн программаларын ишке ашыруу эсептелинет.

Мектеп жалпы билим берүү программасынын үч баскычынын негизинде билим берүү процессин ишке ашырат :

  • 1 баскыч-баштапкы жалпы билим берүү(нормативдик өздөштүрүү мөөнөтү 4 жыл);
  • 2 баскыч- негизги жалпы билим берүү(нормативдик өздөштүрүү мөөнөтү 5 жыл)
  • 3 баскыч- орто толук жалпы билим берүү(нормативдик өздөштүрүү мөөнөтү 2 жыл)

Мектептеги билим берүүнүн мазмуну  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министрлигинин бекитилген Базистик окуу планынын негизинде жана билим берүү программасы менен өз алдынча аныкталат.Мектептеги билим берүү программалары жалпы билим берүүчүлүк программаларынын негизинде түзүлөт, жана окуучулардын өздөштүрүүсүнө багытталган. Мектептин программасы инсандын талаптарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен бетме -бет түрүндө жүргүзүлөт.

https:/ balbakov /.mektebim.kg/biz-zh-n-nd/

Жалпы билим берүү уюмуна 6-7 жашка толгон балдар кабыл алынат, ар бир класста окутуунун узактыгы бир окуу жылынан кем эмес. Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык милдеттүү билим берүү жана билим алуучулардын контингентин сактоосу ишканада ишке ашырылууда. Кызматтык абалына, байлыгына,  ден-соолугуна, жашаган жерине, тилине, динине, улутуна, жынысына карабастан билим алуу мүмкүнчүлүгүнө кепилдик берилет.Билим берүү мектеп тарабынан акысыз жүргүзүлөт.1-класска балдарды кабыл алуу 6,7 жаштан кем эмес кабыл алат. Мектептен чыгаруу учуру жокко эсе. Көчпөй калуу жок.

Мектепте билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын принциби сакталууда.  Жарандардын жеткиликтүү жалпы орто билим алуу укуктары камсыздалып, окуу процессинин милдеттери жана максаттары аныкталды. Окутуунун ар кандай түрлөрү колдонулууда:

— күндүзгү

— үйдөн окутуу.

Окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт.

Үйдөн окутуу жеке план боюнча медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде ишке ашырылат.

Мектепке чейинки даярдоодо «НАРИСТЕ» программасы жетекчиликке алынат

ссылка      КОЮЛАТ

 

Окуучуларды мектепке кабыл алууда мектеп администрациясы милдеттүү түрдө окуучуларды жана алардын ата-энелерин мектептин уставы, жана башка тастыктоочу документтер менен тааныштырат. «Мугалим-окуучу-ата-эне» 3 тараптуу келишим менен иш алып барылат.

Мектеп ардагерлер кеңеши, музей, айылдык китепкана, , музыкалык мектеп, , спорт комитети, кесиптик лицей менен тыгыз байланышта болуп иштейт.

Ишкананын башкаруусу өзүн-өзү башкаруу жана бирдиктүү болуу принцибинин негизинде түзүлүп, жалпы билим берүүнү сапаттуу жана жеткиликтүү камсыздоого багытталган.

Мектеп үчүн бардык тараптан жоопкерчилик мектеп директорунда- Дөөлөтбеков Азамат Дөөлөтбекович жана анын орун басарлары аркылуу башкарылат: окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Токолова Чынара Аманбековна,  Шыгаев Канат-чарба иштери боюнча директордун орун басары, уюштуруучу-Коңурбай уулу Сергек. Мектеп жетекчилигинин функционалдык милдеттери менен иш бөлуштүрүү, укуктары жана милдеттери аныкталат.

Мектеп ичинде 4 методикалык бирикме мугалимдердин методикалык чеберчилигин өркүндөтүү жана кесиптик багытта иш алып баруу максатында уюшулган:

  • Башталгыч класстар усулдук бирикмеси
  • Табигый илимдер багытындагы усулдук бирикме
  • Гуманитардык илимдер багытындагы усулдук бирикме
  • Класс жетекчилердин усулдук бирикмеси

Мугалимдердин, окуучулардын ортосунда мамиле, социалдык жактан коргоого муктаж окуучулар, кесиптештер менен  социалдык педагог Абдракманова Анаркүл Абылгазиевна иштейт.

Мектеп ичинде чечимдерди кабыл алуучу жана ишти жөнгө салуучу болуп педагогикалык кеңеш эсептелинет.

Азыркы убакта нормативдик бекемдөө, алдын алуу башкаруучулук ыйгарым укуктарын түзгөн кеңештерине көңүл бурулууда:

—  педагогикалык кеңеш;

— усулдук кеңеш;

— камкорчулар кеңеши;

— конфликттик комиссия;

— алдын алуу кеңеши;

 

Административдик жыйындарда, директор алдында кеңешмелерде, педагогикалык кеңешмелерде жана ата-энелер чогулуштарында көптөгөн маселелер  жалпы добуш берүүнүн негизинде чечилип, протокол жазылат.  Балдарга карата ийгиликтүү социалдаштырылган шарт түзүү үчүн төмөнкүдөй кызматтар иштейт:

  • Социалдык кызмат
  • Өзүн-өзү башкаруу уюмдары
  • ЖӨИИ (ИДН)
  • Жаштар уюму
  • Кыздар уюму
  • Милициянын жаш жардамчысы
  • Жарандык коргоо кызматы

 

Бардык кызматтар үчүн алардын кызматтык инструкциялары, иш алып баруу боюнча 1 жылдык мөөнөт менен иш-пландары бекитилип, жөнгө салынат.

 

  1. Минималдуу талаптардын аткарылышын  талдоо жана тастыктоочу  база
                       Өзүн-өзү баалоонун натыйжаларыТастыктоочу база
                                                                   1.БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН КАМСЫЗДОО САЯСАТЫ
1.1Билим берүү уюмунун ишин жөнгө  салуучу бекитилген  ички акттардын болушуМурзабек Балбаков  атындагы  орто мектеби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жыл 21-июлу №403 “Кыргыз Республикасында жалпы билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө” токтомун, 2016-жылдыз 15-ноябрь №590, 2017-жылдын 18-августу №496 өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтомдорун жетекчиликке алуу менен иштейт.

Мурзабек Балбаков атындагы  орто мектебинин Уставы  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-сентябрындагы №541 токтому менен бекитилген жалпы билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобонун негизинде иштелип чыккан. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облусунун Юстиция башкармалыгы тарабынан 30-апрель 2021-жылы 78654-3304-М-е каттоо номуру менен

Мектеп Ак-Талаа райондук Билим берүү бөлүмү тарабынан 2021-жылдын 10-апрель №29 буйругу орто мектебинин Уставы бекитилген жана Юстиция Министрлиги тарабынан 2021-жылдын 30-апрели менен каттодон өткөн.

Мурзабек Балбаков  атындагы орто мектебинде окутуу кыргыз тилинде  жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Билим берүү Стандартынын, Жалпы Билим берүү уюмдарынын типтүү Жобосунун, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана  Илим министрлигинин «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык Билим берүү мекемелерине окуучуларды электрондук каттоо боюнча убактылуу типтүү Жобосуна, Жалпы билим берүү уюмдарындагы окутуу шарттарына жана аны уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык, Мурзабек  Балбаков  атындагы  орто мектебинин Уставынын негизинде окуучуларды мектепке кабыл алып, билим берүү процесси ишке ашат.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министрлигинин 2021-жылдын 20-августундагы №1460\1 буйругу менен  бекитилген окуу планынын, №1 педагогикалык кенештин чечиминин негизинде  Базистик окуу планы Ак-Талаа райондук Билим берүү бөлүмүнө сунушталып, 2022\2023-окуу жылына 2022-жылдын 1-сентябрында кыргыз тилдүү  класстар, “Наристе” даярдоо программасы үчүн, үйдөн окутулуучу мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн окуу пландары бекитилген.

Кыргыз Республикасынын №477 токтому менен бекитилген «Балдарды үйүндө  жеке  окутууну  уюштуруу жөнүндө», Кыргыз  Республикасынын Мамлекеттик  Билим Берүү  Стандартына  ылайык ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү  чектелген жана оорунун катуу  формасы  менен  балдардын  категориясына  кирген  балдарга  билим  берүүнүн буйругуна ылайык биздин  мектепте  ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана оорунун  катуу  формасы  менен ооруган балдардын  категориясына кирген 1 бала үйүндө жеке  окутулат.

Класстардын орточо топтому 8-16 окуучуну түзөт.

КРнын 2002-жылдын 27-июнундагы №111 КРнын жалпы билим берүү мектептериндеги окуучулардын тамактануусун  уюштуруу тууралуу мыйзамы ишке кирген. Кыргыз өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-апрелиндеги №293 “КРнын жалпы билим берүү” мектептериндеги окуучулардын тамактануусун уюштуруу тууралуу токтом кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министрлигинин 2021-жылдын,  август, сентябрь айларында бекитилген окуу китептеринин тизмеси менен окутулат. Азыркы күндө китепкана фондунда 13900 китеп бар. Анын ичинен окуу китептин саны 13377, адабият 533 даана китеп. Анын ичинен 5,6-класстар үчүн ижара берилген китептердин саны- 1376 китеп. 7-8-9-кл аренда китептер -253.Окуучулардын арасында китептин ижарасынан бошотулган окуучулар 100%-3,50% -2

Билим берүү жана Илим Министрлигинин 2001-жылдын 16-июлундагы №348\1 буйругунун негизинде китепкананын иши Кыргыз Республикасынын жалпы Билим берүү мекемелеринин китепканасы тууралуу ТИПТУУ ЖОБОго ылайык иш алып барылат.

Окуу китептери Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министрлигинин 2020-жылдын –сентябрь №699\1 “2020-2021-окуу жылында окутуу кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында пайдалануу үчун сунуш кылынган окуу китептеринин тизмесин бекитүү жөнүндө” буйругунун негизинде пайдаланылып, окутулат.

Мектептин проектилик кубаттуулугу 200 окуучуга эсептелинген болсо, азыркы тапта 110 окуучу билим алып, класстагы окуучулардын орточо саны 8-16 окуучуну түзөт.

тиркеме 8.

Тиркеме 1-6.

ТИРКЕМЕ 9.

Базистик окуу планы

Класс-комплектилер

Уйдон жеке окутуу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Тамактануу

Китептердин тизмеси боюнча министрликтин буйругу арендага берилген китептер

 

 

1.2Билим берүү уюмунун бекитилген миссиясынын, кызыктар тараптардын керектөөлөрүн жана өзүн-өзү баалоонун ар жылдык жыйынтыктарын эске алуу менен иштелип чыккан стратегиялык жана учурдагы пландардын болушу

 

Мектепте  2022-жылдын 30-августунда №1 Педагогикалык кенешмеде бекитилген мектептин өнүктүрүү планында (стратегиялык план) жана учурдагы окутуп тарбиялоону жакшыртуу иштери чагылдырылган. Мектепти жана кызыкдар тараптарды өзүн-өзү  баалоонун  жыйынтыктары менен дагы кандай талаптар керек экендиги эске алынып, мектептин өнүктүрүүнүн планына   киргизилген, ал эми толуктоолор ОТЖПда жыл сайын анализделип  киргизилет. Пед.кенештерден, өндүрүштүк кенешмелерде маселер каралып, максаттар, милдеттер, кемчиликтер каралып, алдыга коюлган иш-аракеттер, тапшырмалар алмашылып турат.

Мурзабек Балбаков  атындагы  орто мектебинин стратегиялык планы 6 жылга 3 этап менен бекитилген. Негизги катышуучулары педагогикалык жамаат, кенже кызматкерлер, окуучулар, ата-энелер болгондуктан, стратегиялык иш-планда катышуучулар менен алып барылган иштердеги күтүлүүчү натыйжалар камтылган, аткарылган иштер боюнча анализ жүргүзүлүп, алардын жыйынтыгы боюнча талкуулар болуп келет:

 

1-этапта (1-жыл: 2019\2020-окуу жылы) мектептин, анын катышуучуларынын реалдуу көйгөйлөрүн аныктоо, технологиялык каражаттар, аларды колдонуу иштерине анализ, диагностикалык иштерди алып баруу жана күтүлүүчү натыйжалар камтылган.

2-этапта (2,3,4-жыл: 2020\2021-окуу жылы, 2021\2022-окуу жылы, 2022\2023-окуу жылы) мектептин материалдык базасын чындоо, мугалимдердин методикалык чеберчилигин өркүндөтүү, мугалимдердин маалыматтык-технологиялык билимдерин жогорулатуу, окуучулардын шыктарына жараша багыт берүү, жөндөмдүү балдар менен иш-алып баруу ж.б. иш-чаралар күтүлүүчү натыйжалары менен бекитилген.

3-этап (2023\2024-окуу жылы) алдыда коюлган максаттардын ишке ашышы, аларды өнүктүрүү, чеберчилик менен иштөөнү улантуу, материалдык база, окуучулардын билим алуудагы кемчиликтерди ондоп-түзөө иштерин жүргүзүү, күтүлүүчү натыйжасы менен каралган.

Стратегиялык иш-планда сырттан келген иш-кагаздар, ар башка инстанциялар менен биргелешип түзүлгөн  иштер менен кошумчаланып, кайсы иштер ишке ашты, кемчиликтер боюнча педагогикалык кеңеште каралып, кошумчаланып келет.

Аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы  5 ведомостволор арасында  иш план бекитилип, тѳмѳндѳгүдѳй  иштер жүргүзүлөт:  Кыздар уюму менен бирдикте «Эрте никеге туруу», «Өздүк гигиенаны сактоо», «Үй-бүлөдөгү кыздын милдети», «Абийиринди жашындан сакта», «Кыздуу үйдө кыл жатпайт» деген сыяктуу  лекция, тегерек стол, жолугушуу кечелери өткөрүлдү.

 

 

 

 

2019-жылы 4-октябрь     

      №2 педагогикалык кеңеште     5-жылга деп бекитилген стратегиялык иш план.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

5 ведомство жана ички иш план

 

 

1.3 

 

Билим берүү сапатын камсыздоо саясатын ишке ашыруу жана жооптуу адамдардын  түзүмдөрдүн болушу

 

 

Мектепте   2021-2022  окуу  жылында  24  (бардыгы  3 декреттик отпускада)  мугалим  эмгектенген,  анын  ичинен:

КР  Билим  берүү  жана  Илим  Министрлигинин « Билим  берүүнүн  мыктысы»  тѳш  белгиси  —  3,  КР  Билим  берүү  жана  илим  министрлигинин Ардак  Грамотасы  — 2 мугалим сыйланган.

Билим берүү сапатын камсыздоо саясатын ишке ашыруу максатында контингенти толук камтуу менен окуучулардын класс комплектилер, үйдөн окутулуучу окуучулардын базасы түзүлгөн.

2019\2020-окуу жылында 11, 2020\2021-окуу жылында класс- комплектилер саны – 11, 2021\2022-окуу жылында класс комплектилердин саны-11.

1-4- класс  —  1

5-9- класс  —  1

10-11- класс-  1

Даярдоо  — 1

Бардыгы мектепте 110 окуучу билим алат: 55 эркек бала,   55 кыз.

Мектептеги билим берүү программаларынын мазмуну Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык келет.Базистик окуу планынын негизинде сабактарын жүгүртмөсү түзүлгөн.

2021\2022-окуу жылына 1-4 класстарда 90 саат, 5-9-класстарда 147 саат,10-11-класстарда 60 саат   жумалык жүктом жалпы 297 саат бекитилген, үйдөн окутулуучу 1 окуучуга 6 саат жумалык жүктөм, “Наристе” программасы боюнча 480 сааттан 1 класс-комплектиге сааттардын сеткасы эсептелген.

Окутуу:    1- сменада уюшулган.

1.  8:00 -13:05

 

Иштөө режими:даярдоо, 1-11-класстар  — 5 күндүк

Директор  А. Дөөлөтбеков
Окуу-тарбия иштери   боюнча директордун орун        басары

Ч.Токолова

 

Класстан тышкаркы иштерди уюштуруучу С.Конурбай уулу
Чарба иштери боюнча директордун орун басары К.Шыгаев
Педагогикалык кенеш
Социалдык педагог А.Абдракманова
Тех.кызматкерлер
Класс жетекчилер
уюмдар
Мектеп парламенти

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Методикалык бирикмелер жана жетекчилери

Мектеп үчүн бардык тараптан жоопкерчилик мектеп директоруна- Дөөлөтбеков Азамат жана анын орун басарлары аркылуу башкарылат: окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Токолова Чынара Аманбековна,  Шыгаев Канат-чарба иштери боюнча директордун орун басары, уюштуруучу-Конурбай уулу Сергек. Мектеп жетекчилигини функционалдык милдеттери менен иш бөлүштүрүү, укуктары жана милдеттери аныкталган.

Мектеп ичинде методикалык кеңеш түзүлгөн, жобосу иштелип чыккан. Анын алдында 4 методикалык бирикме мугалимдердин методикалык чеберчилигин өркүндөтүү жана кесиптик багытта иш алып баруу максатында уюшулган, усулдук кенеш жана методикалык бирикменин №1 педагогикалык кеңеште бекитилген жобо жетекчиликке алынып иш алып барылат:

1)      Башталгыч класстар усулдук бирикмеси

2)      Табигый илимдер багытындагы усулдук бирикме

3)      Гуманитардык усулдук бирикмеси

4)      Класс жетекчилердин усулдук бирикмеси

Мугалимдердин, окуучулардын ортосунда мамиле, социалдык жактан коргоого муктаж окуучулар, кесиптештер менен социалдык педагог  Абдыракманова Анаркүл Абылгазиевна иштейт.

Мектеп ичинде чечимдерди кабыл алуучу жана ишти жөнгө салуучу болуп педагогикалык кеңеш эсептелинет. Программалык стандарттардын ишке ашышын жана талапка ылайык иш алып барышын усулдук кеңеш жөнгө салат.

Мурзабек Балбаков   атындагы орто билим берүү мектеби   усулдук  бирикменин окуу жылынын башталышы менен усулдук бирикменин иштери: усулдук бирикме мүчөлөрүн тактоо, насаатчы мугалимдерди аныктоо жана жыл ичинде аткарыла турган иштерге программа түзүү менен башталат. УБнин иш планы жана жылдык иш планын талкуулоо  жана бекитүү иши УБ жетекчиси менен мектеп администрациясы  тарабынан макулдашылат.

Мектептеги ички көзөмөлдүн планынын негизинде  ай сайын предметтик декадалар уюштурулган, предметтик декаданын жүрүшүндө предметтик мугалимдер бекитилген иш – пландын негизинде өткөрүлөт. Декаданын алкагында мугалимдер үчүн “ачык эшик” сабактары жарыяланат, дубал газеталар чыгарылат, окуучулар менен класстан тышкаркы иш-чаралар ата-энелердин коштоосунда өткөрүлөт. Административдик текшерүүлөр предметтер боюнча алынып, мугалимдин ийгилигине талдоо иштерин жүргүзүшөт.    Окуу бөлүм башчылары чейрек ичинде окуучулардын жазуу дептерлерин, практикалык, лабороториялык иштерине көзөмөл жүргүзүү менен аларды баалоо иштери аткарылат.

Окуучулардын окуу жөндөмүнө жараша түзүлгөн  жылдык иш план боюнча кошумча сабактардын өтүлүшүн  көзөмөлдөө максатында ар бир мугалим өз предметтери боюнча жөндөмдүү  жана аяр мамиледеги   окуучуларды аныктап чыгышат жана алар менен иштөө үчүн атайын дептерлер, усулдук кеңештер камтылган китепче  түзүлгөн.

Мугалимдердин жолдоштук сабакка катышуу дептерлери уюштурулган, чеберчилигин өркүндөтүү максатында өз ара сабакка, тренинг, дискуссияларга катышуу иштери көзөмөлдүккө алынып келинет.

Мугалимдердин чеберчилигин өнүктүрүү, кесиптик билимин өнүктүрүү, жөндөмдүү балдар үчүн атайын кызыктуу иш-чараларды уюштуруу максатында чыгармачыл мугалимдердин тобу түзүлгөн.

Көп жылдык эмгеги  бар мугалимдер методикалык бирикмелердин ичинде насаатчылык иштерин алып барат.

Окуу кабинеттерин талапка ылайык уюштуруу максатында окуу кабинеттеринин башчылары бекитилген. Кабинет башчылары окуу кабинетинин тазалыгы, методикалык бурчтардын уюштурулушу, инвентардын сакталышы, жашылдандыруу ж.б. иштерине жооптуу жана уюштурушат.

Азыркы убакта нормативдик бекемдөө, алдын алуу башкаруучулук ыйгарым укуктарын түзгөн кеңештерине көңүл бурулууда:

— педагогикалык кеңеш;

— усулдук кеңеш;

— камкорчулар кеңеши;

— этика комиссиясы;

— алдын алуу кеңеши;

Административдик жыйындарда, директор алдында кеңешмелерде, педагогикалык кеңешмелерде жана ата-энелер чогулуштарында көптөгөн маселелер  жалпы добуш берүүнүн негизинде чечилип, протокол жазылат.  Балдарга карата ийгиликтүү социалдаштырылган шарт түзүү үчүн төмөнкүдөй кызматтар иштейт:

·                     Өзүн-өзү башкаруу уюмдары

·                     Жаштар уюму

Мурзабек Балбаков атындагы  орто мектебинде окуучулардын өзүн-өзү башкаруу уюмунун, кыздар уюму, жаштар уюмунун жобосу педагогикалык  кенеште бекитилет, окуучулар ага ылайык иш-план түзүп иштешет. №1 педагогикалык кеңеште уюмудардын жетекчилери бекитилет.  “Бүчүр”,”Жалын”, “Жаштык”-жаштардын,өспүрүмдөрдүн өз ыктыяры, каалоолору менен көп улуттуу коомдук кошуундары болуп эсептелет. Өзүн-өзү башкаруу-мектеп парламенти төмөнкү функцияларды жетекчиликке алат:

А) Идеялык–тарбиялык функция

Б)Үйрөтүүчүлүк жана өркүндөтүүчүлүк функциясы

В)Уюштуруучулук жана өзүн-өзү башкаруучулук  функциясы

Г) Диагностикалык функция

 

Жободо уюмдардын милдеттери, укуктары ж.б. каралган:

Балдардын жана өспүрүмдөр уюмунун укуктары

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн уюмуна кабыл алуу жана чыгаруу

Балдар жана өспүрүмдөр уюмунун мүчөлөрүнүн укугу жана милдеттери

Балдар жана өспүрүмдөр уюмун жетекчиликке алуу жана ишин уюштуруу

Балдар жана өспүрүмдөр уюмунун башкаруу органдары.

·                     ЖӨИИ (ИДН)

·                     Милициянын жаш жардамчысы

·                     Жарандык коргоо кызматы

Жолдо жүрүүнун жаш инспекторлору, Милициянын жаш жардамчысы, Жарандык коргоо кызматтары район ичиндеги атайын органдар менен биргеликте иш алып барылат. Окуучулар менен атайын кошуундар, инспекторлордун, жардамчылардын жардамы менен иш алып барылат.

Мектеп жетекчилиги педагогикалык, өндүрүштүк кеңешмелердин чечими менен мугалимдердин жыл ичинде аткарган ишине жараша сыйлыктарга көрсөтүү, же эскертүү берүү, айрым талаш болгон маселелерди чечет. Ошондой эле мектеп кызматкерлеринин ишин баалоо  каралат.

Камкордук кеңеш тарабынан мектеп үчүн аткарылган иш, же материалдык жардам берип да келет. Камкордук кеңеш  Кыргыз Республикасынын Билим  берүү жана  илим министрлигинин  № 609/1  2013-жылдагы буйругу  менен  бекитилген жобого ылайык иш-алып барууда жетекчиликке алат. Окуучулар үчүн атайын иштелип чыккан акча төлөө иштери каралган эмес, өз каалоосу менен демөөрчүлүк иштери каралган.  1-4-класстын окуучулары үчун гана эт менен камсыз кылуу жагы каралган. Айына 100 сомдон берилет. Камкордук кеңеш өзү камсыз кылат

 

 

 

 

ТИРКЕМЕЛЕР 10.

 

 

Класс комплектилер

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Функционалдык милдеттер-иш бөлүштүрүү

 

 

ТИРКЕМЕЛЕР 11

Усулдук кеңеш

 

Усулдук бирикмелер

иш-пландар

токтомдор

 

 

 

Насаатчы мугалимдер

 

 

 

 

 

 

 

жылдык пландар

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

этика комиссиясы

 

 

Өзүн-өзу башкаруу

 

жаштар уюму

 

 

окуучулардын уюму

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Камкордук (көзөмөлчу) кенеш, ата-энелер комитети

 

 

 

1.4Персоналдардын жана окуучулардын  жүрүм-турумунун  бекитилген этикалык  ченемдеринин болушу,аларды сактоо (билим берүүнүн жана инсандын, маданий көп түрдүүлүктүн баалуулуктарын колдоочу уюштуруучулук маданияттын калыптанышы)Этикалык ченемдик актылар окуучулар үчүн да, педагогдор үчүн ар жыл сайын №1-педагогикалык кеңешмеде каралып, инструктаждар өтүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. 2021\2022-окуу жылына 28.08.2020-жылы №1 пед кеңеште каралып, бекитилген.

Алардын ичиненин негизги катары төмөнкүлөр каралган:

Мугалимдин профессионалдык этикасынын кодекси: мектеп администрациясы, мектеп окуучусу, ата-эне, уюмдар, башка мекемелер, коомчулук, иш-кагаздар менен иштөө нормалары каралган.

Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары, Кодекс, “Балдардын конвенциясы”, Мектептин Уставы, “Мугалимдин статусу”  менен иш алып барылат.

Мугалимдердин жүрүм-турум эрежелери, санитардык талаптар, коопсуздук эрежелер, өрт коопсуздугу, “Окуучу-мугалим-ата-эне” үч тараптуу келишими менен иш алып барылат.

Мектеп жетекчиси менен педагогикалык, техникалык кызматкерлердин Эмгек келишими ишти жөнгө салат.

2014-2022-окуу жылдарга түзүлгөн окуучуларды тарбиялоону концепсиясына ылайык максаттар төмөндөгүлөр:

·                   Окуучудагы  жашоодо керек боло турган коомдук-социалдык тажрыйбаларды өздүк тажрыйбаларга айландыруу ;

·                   Окуучулардын дүйнөгө илимий көз карашын , туура ынанымын калыптандыруу;

·                   Адабий илимий булактар менен өз алдынча иштөөгө үйрөтүү ;

·                   Окуучуларды коллективдүүлүккө тарбиялоо , жеке ишти коллективдүү иш менен айкалыштырууну колго алуу ;

·                   Окуучулардын адептик –руханий сапаттарын калыптандыруу;

·                   Окуучулардын мекенчилдик-патриоттук сезимдерин ойготуу;

 

Концепсиянын негизинде тарбия иштеринин багыттары:

·                   Жарандык – патриоттук тарбия;

·                   Нравалык-укуктук тарбия;

·                   Экологиялык жана эмгекке тарбиялоо;

·                   Ден-соолукту чыңдоо тарбиясы, жашоонун сергек мүнөзүн пропогандалоо;

·                   Көп маданияттуулукка тарбиялоо;

·                   Эстетикалык тарбия;

·                   Педагогдордун профессионалдык деңгээлин жогорулатуу;

·                   Балдарды тарбиялоодогу ата-энелердин ролун жогорулатуу;

Милдеттери:

·                   Жалпы адамзаттык баалуулуктарды үйрөтүү, өзүн курчаган дүйнөгө адамгерчиликтүү мамилени калыптандыруу;

·                   Баланын инсандык сапаттарын өркүндөтүү, негизги критерийи адамгерчиликке болгон тарбиянын гумандуу системасын өркүндөтүү;

·                   Жарандык атуулдук аң сезимди калыптандыруу, Ата-Мекендин тагдырына жоопкерчиликке, активдүү турмуштук позицияга ээ болууга, жашоонун сергек мүнөзүнө үйрөтүү;

·                   Окуучулардын өзүн-өзү башкаруу уюмунун, чыгармачыл жөндөмүн өркүндөтүү, окуучуларды турмуштун ар кандай шартына ийкемдешүүгө үйрөтүү;

Окуучунун тартип эрежеси, укуктары, милдеттери 3 тараптуу келишимде көрсөтүлгөн:

Окуучулардын мектепке келүүсү

Окуучулардын сырткы көрүнүшү

Окуучулардын сабакка катышуусундагы тартиби

Окуучулардын танапис учурундагы тартиби

Ашканадагы тартип

Кече, чогулуштардагы тартип

Мектептен тышкаркы тартиби

Дежурныйдын класстагы милдети

 

Мугалимдер арасында этикалык комиссия түзүлгѳн. Бул комиссия этикалык ченемдер бузулган учурда жана жеке кайрылуулардын негизинде иш жүргүзѳт.

Окуучулардын тартиптик эрежелерди, укук бузуулары   алдын алуу кенешинде каралат:

1. Мектептин алдын алуу кеңешинин тѳрагасы мектеп директору                         

А .Дөөлөтбеков 

 Мүчѳлѳрү :

2. Уюштуруучу -С.Конурбай уулу

3. Соц.педагог — А.Абдыракманова

4. Айыл ѳкмѳтүнүн соц адиси  — Б.Балтабаева

5. ИДН кызматкери  — С.Кадыров

6. Ата –энелер комитети — А.Жунусов

 

Орт, жол коопсуздугу

 

 

Үч тараптуу келишим

Жоболор

Токтомдор

 

Эмгек келишими

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3 тараптуу келишим

 

Этика комиссиясы

 

 

Алдын алуу кенеши

 

 

1.5Ишти баалоо, пландоо, уюштуруу, ошондой эле билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун абалына мониторинг жүргүзүү механизмдеринин жана жол-жоболорунун болушуМурзабек Балбаков  атындагы  орто мектеби сапаттуу билим берүүгө жеткиликтүүлүктү кеңейтүү,  окуу жана билим берүүчү технологияларынын  мазмунун жаныртуу, ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы №403 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин Мамлекеттик Билим берүү стандарттык жобосун, Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жыл 15-ноябрындагы №590 токтомунун негизинде, мамлекеттик стандарттын негизинде компетенттүүлүк эске алынып, предметтик стандарт, негизги стандарт, окуу пландары, программалар менен билим берилип келет.

Август педагогикалык кеңешинде педагогикалык жамааттын 1-жылдык ишине анализ берилип, жаңы окуу жылына мектептин иш-планы бекитилет. Иш план жетекчиликке алынып, калган мектеп структурасындагы бөлүмдө өз иш пландарын бекитип, иш алып барышат.

Республиканын мектептик билим берүү системасына предметтик стандарттарды баскычтуу киргизүү боюнча иш – чаралардын планына ылайык милдеттердин, максаттардын негизинде иш алып барууда.  Мектеп негизги компетентүүлүктөдүн тизмесин сабактарга колдонуу менен аларга жетүүнүн деңгээлин, билим берүү тутумунун денгээлинде мектептин класстын жана айрым окуучулардын билиминин натыйжаларына баа берүү менен билим берүүдөгү уюштурууга жана методикалык өзгөртүүлөрдү киргизип келет.

Мугалимдин өз кесиби боюнча чеберчилигин баалоо үчүн декадаларды уюштуруу, класстан тышкаркы иш-чарасын, ачык сабагына катышуу менен ишке ашат. Мугалимдин методикалык чеберчилигине анализ берилип, токтомдор жазылып, методикалык бирикмелерде талкууланып, түрткү берүүчү айлык акыда эске алынат. Мугалимдер предмети боюнча окутуунун оптималдуу варианттарын жана интерактивдүү усулдарын пайдалануу менен  сабак беришет. Сабактагы мультимедиалык каражаттардын кеңири колдонуусу учурдагы заманбап талаптар менен шайкеш келип окуучулардын сабакка болгон кызыгуулары артты. Мугалим ар бир сабактын планына максаттарды так коюп, сабак күтүлүүчү натыйжаны так берип, сабактын структурасын туура коюп,  сабактын этаптарында компетентүүлүктөр аныкталып, баалоонун түрлөрү, кайтарым байланыш өңдүү түшүнүктөр менен сабактын өзөктүү маанилүүлүгүн аныкташты. Окутуунун негизги компетентүүлүктөрүн колдонуу билим берүү процессинин түзүмүн мазмунун уюштурулушун толугу менен өзгөртө алды. Сабакта биринчи кезекте окуучунун кызыкчылыгы, шыгы жана жөндөмдүүлүгү эске алынып предметтик компетентүүлүкө ээ болуу менен окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктердин топтому түзүлдү.

Мугалимдердин ишин баалоо, пландоо, уюштуруу, ошондой эле билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун абалына мониторинг  иштеринин жыйынтыгы алгылыктуу.Онлайн  окутуу  учурунда  мугалимдер  үзгүлтүксүз  билим беришти  жана  бардык  мугалимдер  технологияны  эркин  колдоно  алышат.

 

акыркы беш жыл ичинде курстан өткөн мугалимдер

16

2018

2019

2020

8

2021

6

 

2022

                    2

 

Ар бир чейректин жыйынтыгы менен окуучулардын жетишкендиктери боюнча предметтик мугалимдердин сабактары боюнча мониторинг жүргүзүлүп, жогорку-төмөн билим сапаттагы класстар аныкталат. Класс жетекчилердин отчетунун жыйынтыгы менен класстардын жетишкендиктери каралат. Класстардын, окуучулардын жетишкендиктеринин негизинде (билим сапаты төмөн, билим сапаты жогору, баалоо системасы туура эмес) педагогикалык кеңеште чечимдер чыгып, алдыга иштер пландалып, уюштуруу иштери башталат.

Акыркы 3 жыл ичинде мектептин жетишкендиктери төмөнкүдөй:

1.Башталгыч  мектеп    1-4-класстар

Окуу  жылыѲздѳштүрүү   %Билим  сапаты  %
2019-2020-ж.ж.100%67%
2020-2021-ж.ж.100%65%
2021-2022-ж.ж100%51%

 

 

 

2.Негизги мектеп    5-9-класстар

Окуу  жылыѲздөштүрүү  %Билим  сапаты  %
2019-2020-жж100%51%
2020-2021 -жж100%55%
           2021-2022-жж100%59%

 

3.Орто  мектеп  10-11-класстар

Окуу  жылыѲздөштүрүү  %Билим  сапаты  %
2019-2020-жж100%47%
2020-2021 -жж100%48%
          2021-2022-жж100%45%

 

3.  Мектеп  боюнча  жалпы  маалымат

Окуу  жылыѲздөштүрүү  %Билим  сапаты  %
2019-2020-жж100%55%
2020-2021 -жж100%56%
2021-2022-жж100%52%

 

 

  

 

 

 

 

 

Акыркы 3 жыл ичинде олимпиадага катышуусу боюнча маалымат

 

Республикалык олимпиада2019/2020-окуу жылы (алган орду)2020/2021-окуу жылы (алган орду)2021/2022-окуу жылы (алган орду)
1Информатика3

 

 

Областтык  олимпиада2019/2020-окуу жылы (алган орду)2020/2021-окуу жылы (алган орду)2021/2022-окуу жылы (алган орду)
1Информатика33

 

Райондук олимпиада2019/2020-окуу жылы

(алган орду)

2020/2021-окуу жылы (алган орду)2021/2022-окуу жылы (алган орду)
1Биология 32
2Информатика              11

 

ЖРТнын салыштыруу мониторинги.

ЖРТгө  бүтүрүүчүлөрдү даярдоо боюнча талыкпай, үзгүлтүксүз иш алып баруу жагы биздин  мектептин негизги маселелеринин бири. Окуучуларды тестирлөөгө даярдоодо болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен  мектеп менен жогорку окуу жайлары менен байланыш  түзүү  азыркы  күндүн бирден  бир талабы

 

.

 

Акыркы 3 жылга карата маалыматы2019/2020-окуу жылы2020/2021-окуу жылы2021/2022-окуу жылы
ЖРТга катышкан бүтүрүүчүлөрдүн катышы8710
Билим берүү уюмунун бүтүрүүчүлөрүнүн  орточо көрсөткүчү130182174
ЖРТда 110 баллдан жогору балл алган окуучулардын катышы         63%57%72%

 

Акыркы 3 жылга карата маалыматы2019/2020-окуу жылы2020/2021-окуу жылы2021/2022-окуу жылы
Озгочо күбөлүк алган окуучу2
Алтын тамга

Мурзабек Балбаков   атындагы   орто  мектебинин окуучулары  райондук  турда олимпиадада 1 окуучу  1-орунду жана 2-орунду дагы бир окуучу  камсыз  кылып, областтык, Республикалык турларда  3-орунду Рустам уулу Али- информатикадан,

2-орунду  райондук  турдан  Муктарбек кызы Бактыгүл биологиядан камсыз кылган.

 

 

“Санарип  мугалим -2021” конкурсуна эки мугалим катышкан.Алар башталгыч класстын мугалими Рыспаева Медина жана математика мугалими Токолова Чынара. Рыспаева Медина төш белги, саат жана грамота менен сыйланса Токолова Чынара  Ардак грамота жана кол саат менен сыйланып келишкен.

Мектептеги коомдук иштер ар кыл темада өткөрүлөт.Аларды  коомдук уюмдар “Ак тилек балдар өспүрүмдөр”  уюму жана “Назик” кыздар уюму негизги планына ылайык иш алып барышат. Ар бир даталуу күндөрдө кече, тегерек стол,  жолугушуу кечелерин,дебат ,”Балдардын  сынагына сынбайсынбы” ,тамашоуларды өтүшүп,жыйынтыгында баалуу белектер,сыйлыктар,грамоталар менен баалашат.

        2021-2022-окуу жылына республиканын билим берүү уюмдарынын окуучулардын жана жаштардын арасында укук  бузууларды жана кылмыштуулукту  алдын алуу боюнча буйругуна ылайык мектепте “Алдын алуу кеңешинин курамы түзүлүп, иш план иштелип чыккан. Өспүрүмдөр  арасында кылмыштуулукту, зордук зомбулукту  жана суиццидди алдын алуу   максатында  ата-энелер  чогулуштары   өткөрүлүп турат. Атайын түзүлгөн комиссия,ата-энелер комитети, ИДНдин  инспектору  жана мектеп администрациясы  менен биргеликте кылмыштуулукту алдын  алуу  боюнча  ай сайын отурумдар өз убагында өткөрүлүп турат. Кылмыштуулукту  алдын  алуу жана болтурбоо  максатында  атайын  иш  план  түзүлүп,  ар кандай отурумдар, түнкү  рейддер  жүргүзүлөт. Кылмыштуулукту  алдын  алуу боюнча  стенттер уюшулган.Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу боюнча класс жетекчилер соцпедагог менен бирдикте  профилактикалык иш – чараларды уюштурушат жана  класстык сааттар жана линейкалар өткөрүлүп турат. Балдарга ырайымсыз мамилени бири-бирин опузалоо, зомбулук фактыларын алдын алуу максатында “Ишеним кутучасы» уюшулган. “Ишеним кутучасы” уюштуруучу жана соцпедагог тарабынан көзөмөлгө алынып, атайын түзүлгөн комиссия менен акт түзүлүп, алынган кайрылуулар  менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат. Укук бузуулардын жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча оозеки сурамжылоо жана анкета алынып, байкоо жүргүзүлүп турат жана ыкчам байланыш телефондору түзүлгөн.

 

 

иш-пландар

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жетишүү жана билим сапатка анализ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Токтомдор, анализдер, сурамжылоолор

 

 

Ишеним кутучасы боюнча актылар

1.6Кызыкдар тараптарды тартуу менен  чечимдерди  кабыл алуунун жана тиешелүү  ондоолорду  киргизүүнүн  колдонуудагы механизмдеринин болушуАта эне, коом, айыл өкмөт, билим берүү бөлүмдөрү, мамлекеттик администрация ж.б. менен мектеп  бирдикте балдарга мектеп ичине ыңгайлуу микроклимат түзүү механизми иштелип чыккан. Ар тараптуу, ар тармактагы кызматтык иштерди алып баруу мектептин максаты. Билим берүү системасында окуучулардын келечеги, мамлекеттин келечеги үчүн иш алып баруу негизги милдет. Мектеп төмөнкү  тараптар менен иш алып барып келет:

1.      Билим берүү башкармалыгы менен кызматташтык.

2.      Өкмөттүк эмес уюмдар, долбоорлор.

3.      Жергиликтүү бийлик, айылдык кеңеш, мамлекеттик администрация

4.      Камкордук кеңеш, ата-энелер комитети

5.      Ички иштер бөлүмү, жол тескөөчүлөр, аскер комиссариаттары менен кызматташтык.

6.      Дарыгерлер борбору

7.      Жаштар уюму, Кайрымдуулук уюмдар

8.       музыкалык мектеп,  ж.б.

9.      Окуу жайлар

10.  Инфраструктураны өнүктүрүү үчүн бардык демөөрчү боло турган тараптар менен, жеке ишкерлер, долбоорлор менен иш алып барып келет.

 

1.      Билим берүү башкармалыгы менен кызматташтык.

Билим берүү башкармалыгы тарабынан берилген тапшырмалар, иш-чаралар аткарууга алынып,  уюшулган семинар-тренингдерге мугалимдер толук катышышат.

Билим берүү башкармалыгы мектептин методикалык иштери, окуучулардын билим базасы, материалдык базанын чындалышына салым кошот. Ар тараптуу семинар, тренинг, сынак ж.б. уюштурат жана мугалимдердин эмгегин баалоо механизми туура жолго салынган. Жылдын жыйынтыгы менен педагогикалык кеңешке сунушталып, чечим чыккан мугалим окуучуларды сыйлоо иштери ишке ашып келет. “Жылдын мыкты мугалими”, “Жылдын мыкты окуучусу”, “Мыкты мектеп”, “Мыкты ремонттон өткөрүлгөн мектеп” сыяктуу иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп келет.

Мектептин жамаатынын кезектеги ремонт иштери боюнча эмгектери Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмү тарабынан  бааланып, 2021-2022-окуу жылында район боюнча 1-орунду   камсыз кылды .

 

2.      Өкмөттүк эмес уюмдар, долбоорлор.

Мисалга алсак,  USAID“Окуу керемет» долбоорунун алкагында башталгыч класстардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу  боюнча башталгыч класстардын 5 мугалими окуп бүтүшкөн. Окуу онлайн  2020-жылдын февраль айынан башталды. Мектептин китепканасына долбоор аркылуу окуучулар жана  мугалимдер үчүн керектүү окуу китептери келди. Баштапкы онлайн окуу башталгыч класстардын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн жакшыртуу, өнүктүрүү боюнча окутулуп жатат.Окуу 5 модулдан окуу көндүмдөрү боюнча окутулат.  Ал эми август айында 4 жана 5-модулду жазуу көндүмдөрүн жакшыртуу боюнча окутулат.2021-2022-окуу жылында Математикалык көндүмдөрү боюнча окутулат. Азыркы учурда 3-модулдун 4-бөлүмүн  окуп жатышат. Ар бир модул 5 бөлүмдөн турат. Алдыда дагы 2 модул бар.Жуманын ишемби күндөрү мугалимдер онлайн конференцияга катышып окушат жана модулдарды тапшырышат. Мугалимдер ачык сабактарды өтүшөт.Ал ачык сабактарга тренерлер келип катышып,окуу процессинде стратегиялардын колдонулушу жана окуучулардын окуу көндүмдөрүнүн калыптанышы боюнча мониторинг жүргүзүшөт. Долбоордун соңунда  толук  окуган мугалимдерге Сертификаттар берилген.

3.      Жергиликтүү бийлик, айылдык кеңеш, мамлекеттик администрация менен кызматташуу

Жергиликтүү бийлик мектептин камсыздандырылышын, имараттык оңдоп түзөө иштерине мүмкүнчүлүгүнө жараша салым кошот: мектептин электр энергиясын, суу, мусор ж.б. иштери менен камсыз кылат. Айрым кезектеги талап кылынган ремонт иштерине мүмкүнчүлүгүнө жараша камсыз кылат. Мектепти жыл сайын камсыздандырат.

Окуу жылыБерилген суммаЭмнеге жумшалган
2019\2020-окуу жылы

 

 

578611 сом

 

9200 сом

7200  сом

Электр энергиясына кеткен чыгым

Ремонтко

Прочий

 

2020\2021-окуу жылы588731 сом

38500 сом

9200 сом

7200  сом

 

Электр энергиясына

Мектептин ремонтуна

Ремонтко

Прочий

2021\2022-окуу жылы523300сом

38500 сом

11200 сом

3100 сом

Электр энергияына

Мектептин ремонтуна

Ремонт

Прочий

 

2022- окуу жылы81000 сом

30000 сом

10 200 сом

5700  сом

Музыкалык аппарат үчүн

Кафель үчүн

Ремонт

Прочий

 

 

 

4.      Камкордук кеңеш, ата-энелер комитети

Жылына план боюнча ата-энелер чогулушу 4 жолу өткөрүлөт. Мындан сырткары кезексиз чогулуштар да өткөрүлүп калат. Ата-энелер  комитети-камкордук кеңеш 5 жылга бекитилип, иш алып барат. Мамлекет тарабынан каралган ысык тамак боюнча кошумча эт менен камсыз кылып, иш алып баруу камкордук кеңешке берилген.

Ата-энелер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп ар бир балага айына 100 сомдон чогултулуп турат.  46 окуучу 19 /27 тамак ичишет. Ай сайын чогулган акчадан балдардын тамагына кошулуучу этти жана ашкана кызматкерлердин идиш жуучу шаймандарын, ашканага керектүү каражаттарды жана кол жуучу суюк самынын алып берип камсыздап турат. Ашканага келген азык түлүктөрдүн сертификаттары бар.

Мерсико  уюму тарабынан  мектептеги ашкана каптиалдык ремонттон өткөрүлүп,ичине ысык жана муздак суу киргизилген. Ошондой эле атайын ашкана  заманбап  буюм- тайымдары менен толук жабдылган .

Анан дагы Мерсико уюму тарабынан кошумча ысык тамак үчүн  продуктулар берилип келген.2022-жылдын май айында  келишим бүткөндүгүнө байланыштуу мамлекет тарабынан  продуктулар берилип келет.

Мектеп жамааты жана ата-энелер мектептин негизги каражат булагы. Мектептен кандай гана көйгөй болбосун, чогулуштарда кайрылуулардын негизинде ата-энелер  тарабынан  түшүнүү менен колдоолорго  алынып  ишке ашырылат. Мектептин матералдык техникалык базасын чыңдоодо мугалимдер жамаатынын жана тех кызматкерлеринин , ата –энелердин  салымы зор.

5.      Ички иштер бөлүмү, жол тескөөчүлөр, аскер комиссариаттары менен кызматташтык.

Каралаган тарбиялык иштерди өнүктүрүү боюнча, тарбияга оорчулук келтирген окуучулар менен иштер жүргүзүлүп келет. Мектепте окуучулардын соцпаспорту аныкталып, жетим балдар, ден соолугунан  мүмкүнчүлүгү  чектелген окуучулар, үй- бүлөөлүк шарты оор окуучулар менен жекече иштер алынып барылат. Айыл  өкмөтүнүн соц кызматкери, ИДНдин кызматкери  менен биргеликте  ИДН дин каттоосундагы балдардын,социалдык абалы оор, тышкы  жана ички мигранттардын, камкордука алынган окуучулардын үйлөрүн  кыдыруу  иштери жүргүзүлүп, актылар түзүлүп турат.

Ата- энелери  ички сырткы миграцияда жүргөн окуучулар менен иш- алып барууда үй шартына байкоо жүргүзүү, сабактарга жетишүүсүн байкоо жүргүзүү, сабактарга жетишүүсүн көзөмөлдөө, аңгемелешүү менен контролдоо иштерин жүргүзүп турушат.

Жаш  өспүрүмдөр  арасында кылмыштуулукту, зордук зомбулукту  жана суиццидди алдын алуу   максатында  ата-энелер  менен бирдикте чогулуштар   өткөрүлүп турат. Атайын түзүлгөн комиссия,ата-энелер комитети, ИДНдин  инспектору  жана мектеп администрациясы  менен биргеликте кылмыштуулукту алдын  алуу  боюнча  ай  сайын отурумдар     өткөрүлүп  турат.

ИДН дин каттоосундагы окуучулар

2019-2020-окуу жылы2020-2021-окуу жылы2021-2022-окуу жылы
1

 

 

Укук бузууларды, зордук-зомбулук боюнча мектепте Алдын алуу кеңеши иштейт. Алдын алуу кеңешинин иш планы ата-энелер чогулушунун чечими менен «2022-2023 — окуу  жылына  республиканын  билим берүү  уюмдарынын  окуучулардын  жана жаштардын  арасында     укук  бузуулардын  алдын  алуу  боюнча ведомстволор  арасында   биргелешкен  иш чаралар  жөнүндө»  буйругун  аткаруу   максатында Мурзабек Балбаков  атындагы  орто  мектебинин  окуучуларынын  арасындагы  укук  бузууларды  жана кылмыштуулуктун  алдын  алуу  боюнча   2022– 2023 —  окуу  жылына  карата  бирдиктүү  иш-чаралардын  негизинде  түзүлгөн  мектептин  алдын  алуу   кеңешинин    иш  планы бекитилген.

Мурзабек Балбаков  атындагы  орто мектебинин профилактикалык кеңешинин жобосу  баланын  укуктары  жөнүндө Конвенциянын, «Кыргыз Республикасында укук  бузууга  каршы  профилактикалык   иштерди  жүргүзүү » жөнүндөгү №82 25 – июнь 2005 – ж . КР  Мыйзамынын  негизинде  түзүлөт.

Милиция кызматкерлери  өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу жана талап тоноо, топтошуп мушташуу ,  арыздашуу сыяктуу көмүскөдөгү терс көрүнүштөрдү ачыкка чыгаруу кесепеттери менен күрөшүүдө мааниси чон. Өспүрүмдөр арасында  кылмыштуулукту алдын алууда түздөн- түз өспүрүмдөр менен иш алып баруу инспектору С.Кадыров  иштейт.

Мектеп ичинде замандын талабына ылайык «Коопсуз мектеп», «Зордук зомбулуксуз мектеп», «Балдардын укугун коргоо», « Кылмыштуулукту алдын алуу», «Рекетчилик» , «Балдар кеңеши», «Кыздар  кеңеши», «Кыздар менен иш алып баруу», «Балдар менен иш алып баруу» план программалары  милиция кызматкерлери менен бирдикте  иш — чаралар алынып барылат.Азыркы учурда жаштардын тарбиясына өзгөчө маани берип, келечекте кылмыш жолуна түшпөй бекем ден-соолукта өсүп, сапаттуу билим алуусуна шарт түзүп берүү жеке гана мектептин милдети эмес жалпы коомчулуктун милдети. Милиция кызматкерлери окуу жылы башталгандан мектептин социалдык паспортун түзүп, окуучулар арасындагы көйгөлүү үй- бүлөдөгү балдарды, тартиби, мүнөзү  оор окуучуларды, мигранттардын балдарын, жетим балдарды  изилдөө иштерин жүргүзүп, соцпедагогдор менен тыгыз байланышта иш алып барышат. Ай сайын ИДНкызматкерлери менен биргеликте отурумдар өткөрүлүп турат. Ошондой эле лекцияларды, тегерек стол уюштуруп, талкуу иштерин жүргүзүшөт. Мүнөзү оор балдар менен жекече аңгемелешүүлөрдү алып барышат. Майрам күндөрү милиция кызматкерлери менен бирдикте  түнкү рейддер  уюштурулат.

Мектепте «Жаш инспекторлордун» ЮИД курамы түзүлгөн, курамдын мүчөлөрү жолдо жүрүүнүн эрежелери боюнча түрдүү иш – чараларды, кароо- сынактарды алып барышат..

Мурзабек Балбаков  атындагы  орто мектебинде 2019-2020-окуу жылынын  райондук масштабда 11-класстардын  окуучулары арасында өткөрүлгөн аскердик-прикладдык спартакиадасында активдүү катышуучу  болушкан. Автоматты ыкчам чечүү боюнча конкурстарга катышып, активдүү  катышуучу болушкан.   Ошондой эле  Ак-Талаа райондук аскер комиссисариаты  менен биргеликте ачык тарбиялык сааттар эң жакшы денгээлде  өткөрүлгөн.

.

6.      Дарыгерлер тобу, санэпид менен иш алып баруу

2019-2020-окуу жылынын февраль айынан тартып өлкөдөгү өзгөчө кырдаалга байланыштуу эпидемиалогиялык абал курчуду, өзгөчө кырдаалга карата мектепте окутуу тарбиялоо иштери онлайн форматында жүргүзүлдү. 2020-жыдын 1- сентябрынан баштап 1-класстын окуучулары салттуу окутууга өттү. Ал эми 7-декабрынан  тартып мектеп окуучулары да салттуу окутула баштады. Окутуу мезгилинде билим берүү министрлиги тарабынан билим берүү процесси реалдуу режимде башталган учурда короновирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча санитардык – гигиеналык эпидемияга каршы иш- чараларды сактоо боюнча иш – аракеттердин алгоритми берилди. Мектеп ичинде  филтр дептерлер, санитардык бурчтар  ар бир класста уюштурулган.Мектепте ар бир келген адам үчүн антисептик менен колду тазалап туруу жагы баардык мугалимдерге милдеттендирилип,температураны өлчөө баардык кызматкерлердин жана окуучулардын дене табы жөнүндө медицина кызматкерлерине маалымдама берилип турдуМектепте дезинфекция иштери жүргүзүлдү. Желдетүү жана тазалоо графиктери боюнча класстык бөлмөлөр убагы менен көзөмөлгө алынды.

Райондун санэпидемологиялык инстанциясы, штабдар менен тыгыз иш алып барылды.

2022-жылдын 14-18-октябрында  негизги буйрукка ылайык  медосмотр келип окуучулар текшерилди.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

«Окуу керемет»

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

жергиликтүү бийлик

 

 

 

 

 

 

ата-энелер комитети, камкордук кеңеш

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1.7Билим берүүнү  башкаруунун  колдонуудагы  маалыматтык  системанын, веб-сайттын, электрондук почтанын болушуМектепте 2020-2021-окуу жылынан баштап , электрондук күндөлүккө өткөн. Окуучулар, ата-энелер балдарынын жетишкендиктерин телефондорунан көрө алат. Үй тапшырма, сабактардын жадыбалы, сабак берген мугалим, окуу кабинеттери боюнча толук маалымат ала алат. Ар кандай кулактандыруулар, жарыяларды да берип турууга ыңгайлуу.

Мектепте веб.сайт иштейт.https://balbakov.mektebim.kg/. Мектептин катышуусу менен өткөрүлгөн бардык иш-чаралар байма-бай чагылдырып турат.

Мектептин электрондук дареги бар, кат алмашуу онлайн түрүндө ишке ашат. Жогорку инстанциялар менен кат алмашуу, дүйнөнүн бардык жеринен кат алмашуу жөнгө салынган. Ар бир мугалимдин электрондук  почтасы бар.

Мектепте компьютердик класс бар:мектепте 11 компьютер, 1 интерактивдүү доска , 2 проектор, 3 принтер бар. КРББ министрлиги каржылоосу менен оптика-волокондук  интернет туташтырылган,  интернет акысы айыл өкмөт тарабынан каржыланат.

Мектеп толугу менен Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасына кирген. Толук маалыматты базадан алууга болот.

Материалдык техникалык база бар

Электрондук дарек
сайт

 

 

( телефон, ноутбук)

  Күчтүү жактар: 

1.      Мектеп кыргыз класстарына билим берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

2.      Мектеп имаратынын кенендиги, талапка жооп бергендиги.

3.      Педагогдордун потенциалдык мүмкүнчүлүктөргө ээ болуусу, өзүн-өзү өнүктүрүү боюнча бардык аракеттерди көрүүсү, өткөрүлүп жаткан курстардан өз убагында өтүүсү, чеберчилигин өркүндөтүү боюнча бардык аракеттерди көрүүсү, педагогдордун алдыңкы  тажрыйбаларынын    мектеп  ичинде жайылтылышы.

4.      Мектеп окуучуларынын ата-энелери материалдык базаны чыңдоого бардык аракеттерди көрүүсү, өз салымдарын кошуусу, потенциалдык деңгээли  жогору  болгон  ата-энелердин  болгону.

5.      Демөөрчү тургундардын колдоосу- айыл өкмөттүн соц пакети,  мектептин  жалпы жамааты тарабынан колдоосу.

 

6.      Эл аралык  Арис фондулары менен тыгыз байланышта иштөөсү.

7.      Мугалимдердин берген билими, эмгеги менен окуучулардын райондук, областык, республикалык олимпиадаларда женүүчү болуусу.

8.       Интернет жогорку ылдамдыкта болуп мугалимдердин   90 % колдоно алгандыгы, мектепте интернет байланышынын жеткиликтүүлүгү

9.       Райондук билим берүү бөлүмү,областтык  билим  берүү институту, жергиликтүү бийлик, ар  түрдүү   эл  аралык, коомдук  уюмдар   менен болгон байланышы.

Алсыз жактар:

1.      Мугалимдин статусунун төмөндүгү

2.      Окуучулунун укугу бар, жоопкерчилиги аздыгы.

3.      Ата-эненин милдетинин аткарылбашы.

4.      Спорт  залдын жоктугу

5.      Спорттук аянтчанын талапка жооп бербестиги

6.      Мультимедиалык каражаттардын аз санда болушу.

7.      Ата-энелердин мектептин күнүмдүк жашоосунда окуучулардын маселелерин чечүүдө пассивдүүлүгү.

8.      Физика,химия предметтери боюнча   лабораториялык иштерди жүргүзүү үчүн курал-жарактардын, атайын жабдылган  кабинеттин  жетишсиздиги.

9.      Мигрант ата-энелер, толук эмес үй-бүлөлөрдүн балдарынын көптүгү, ата-энелер тарабынан көнүл буруусу аз.

 

 
                                              2.Кадрдык саясаттын эффективдүүлүгү
2.1Педагогикалык, а

дминстративдик, о

кутуучу-көмөкчү

жана кенже

тейлөөчү

персоналды

жумушка алуунун

(жумуштан 

бошотуунун)

объективдүү

критерийлерин

жана шарттарын

камсыздоочу

механизмдин

жана жол-

жоболордун

болушу

Мектепте 2022-2023 -окуу  жылында  23  мугалим  эмгектенген,  анын  ичинен:     КР  Билим  берүү  жана  Илим  Министрлигинин « Билим  берүүнүн  мыктысы»  төш  белгиси  —  2,  КР  Билим  берүү  жана  илим  министрлигинин Ардак  Грамотасы  — 2 мугалим сыйланган. Ал  эми  жаш  мугалимдердин  саны: -, эмгек синирген мугалимдин саны-.

Учурда мектептин педагогикалык кадр менен камсыз болушу 100%

Педагогикалык кадрлардын жалпы саны- 23, Анын ичинен  15 мугалим жогорку билимдүү,  бакалавр -2, а\орто-6

Жалпы педстаж боюнча:

3-жылдан 5-жылга чейинкилер —

5- жылдан 10 жылга чейин-8

10 жылдан 15 жылга чейин – 8

15жылдан өйдө стажы барлар- 7

Окуу жылы 

Бардык  мугалимдер

« Билим  берүүнүн  мыктысы»
2019-2020-ж.ж233
2020-2021-ж.ж232
2022-2023-ж.ж232

 

Пед. стаж2019-2020 – окуу  жылы2020-2021 –окуу  жылы2022-2023 –окуу  жылы
 5 жылга  чейин1
5-10 жыл91010
10-15 жыл567
15 жана  андан  кѳп557

 

Окуу жылыБошоп кеткен мугалимдердин саныБошоп кеткен тех.кызматкерлердин саныКабыл алынган мугалимдерКабыл алынган тех.кызматкерлерУбактылуу кабыл алынгандар
2019-202069982
2020-202110575
2021-2022910652
2022-202322324
 
2.2 Штаттардын комплектелишинин, педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана  билиминин  билим  берүү  программасына шайкеш келүүсү

 

М.Балбаков атындагы орто мектебинде 108 окуучунун курамы менен төмөнкүдөй штаттык бирдиктер бекиген:

 

 

 

Директор1
Окуу-тарбия иши боюнча директордун орун басары1
Тарбия иштери боюнча уюштуруучу1
Чарба иштери боюнча директордун орун басары1
Китепканачы1
Ийрим жетекчилери1
Соц.педагог0,25
Усулдук жетекчилер1
Завхоз3
Лаборант1
Секретарь1
Р/Р
Дворник1
Кароолчу1
Оператор-сантехник2
Ашпозчу1
Ашкана жумушчусу1
тазалоочу1
Оператор2

 

Мектепте педагогикалык кадрлар квалификациясы, билими жана тажрыйбасы билим берүүнүн максаттарына жетүүгө ылайык. Ар бир окуу жылынын башталышында мугалимдердин кесиптик Өздүк курамы такталып, мектеп кызматкерлеринин иш наамасын аныктоо боюнча комиссия түзүлүп, стаж, диплом боюнча тактоо иштери жүргүзүлөт.

Ар бир окуу жылынын башталышында Райондук Билим берүү бөлүмүнө  мектептин квалификациясын жогорулатууга муктаж мугалимдеринин тизмеси бекитилип берилет. Областтык билим берүү институтунун квалификацияны жогорулатуу семинарларынын графигине киргизилип мугалимдер квалификациясын жогорулатып келишет.

Педагогдордун акыркы 4 жыл ичинде кесиптик билимин жогорулатуу курстан өтүүсү

 

Акыркы беш жыл ичинде курстан өткөн мугалимдер

14

2019-жыл

2020-жыл

7

2021-жыл

6

2022-жыл

2

 

Мектептин мугалимдеринин кесиптик квалификациясын жогорулатуу үчүн беш жыл сайын  жиберилет, андан сырткары тренингдерге , кыска мөөнөттүү квалификациясын жогорулатуучу окууларга барышат.

Штат боюнча 11 комплектование  болгон.

Бардык  мугалимдердин билими  билим берүү  программасына  шайкеш келет.

Штаттык бирдиктер

Сапаттык курам

Сааттардын сеткасы

сертификаттар

2.3Физикалык жана  психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү  процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин  баалоону, анын жыйынтыгы боюнча  чечимдерди кабыл  алууну  камсыздоочу  механизмдин жана жол-жоболордун болушуМектеп администрациясы, мугалимдер, кенже кызматкерлер өз функционалдык милдеттерин билет, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары, адам укуктары, кодекс, Устав, жобо, эреже, инструктаждар боюнча толук маалыматтары бар жана ишинде жетекчиликке алат. Мектеп администрациясы мугалимдерге психологиялык, материалдык коопсуз чөйрөнү түзүү үчүн бардык иш-аракеттери аткарып келет. Мугалимдин ишин баалоо, талдоо үчүн педагогикалык кеңеш, өндүрүштүк кеңеш, усулдук кеңеш, методикалык кеңеш, уюмдар, комиссиялар жөнгө салып келет.

Коопсуз чөйрөнү түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, кодекс, жоболоруна башка мектептин ички тартиптери да бар:

Мектептин ички тартиби

Иш-кагаздары боюнча талаптар

Коопсуздук эрежелер

Орт коопсуздугу боюнча эрежелер

Санитардык-эпидемиологиялык эрежелер

Үч тараптуу келишимдер

Мугалим. Кызмат ортосунда эмгек келишими

Билим берүү аймагында жашылдандыруу

 

          Мурзабек Балбаков   атындагы орто  мектебинин

                                          социалдык  паспорту

2022\2023-окуу жылы

Категориялар  боюнча   маалымат2019-2020-окуу жылы

 

2020-2021-окуу жылы

 

2021-2022-окуу жылы
1Жалпы түтүн  саны675682685
2Жалпы  калктын  саны130132130
318 жашка      чейинки   балдар270275280
40-6 жашка  чейинки  балдар
57-15 жашка  чейинки   балдар125136141
616-18  жашка  чейинки  балдар353741
7Жалпы бала  бакчадагы  балдар404041
8Жалпы орто мектепте окуган балдардын саны108108109
9Кесиптик  лицейде  окуган  балдар
10Музыкалык  мектепте  окуган  балдар202015
11Балдардын  чыгармачылык  борборунда  окуган  балдар
12Малчылардын  балдары888
13Тоголок  жетим
14Жарым  жетим141617
15Социалдык  жетим балдар
16“Камкордукка көзөмөлдүккө алынган  балдар
17УБ Камкордукка  алынган балдар
18Туулгандыгы  тууралуу  күбөлүгү  жок  балдар
19Туулгандыгы  тууралуу  күбөлүгү  алынып берилген  балдар
20“Тобокел”тобундагы  балдар
21Турмуштук  оор  кырдаалга кабылган  балдар
22Турмуштук  оор  кырдаалда  турган  үй- бүлөлөр
23Асыроого берилген  балдар
24Интернатка  жайгашкан  балдар
25Интернаттан  кайтып  келген   балдар
26Тышкы  эмгек  мигрантынын  балдары123
27Ички  эмгек  мигрантынын  балдары141313
28Бала асырап алууга кезекте  тургандар
29Көп балалуу үй-бүлөдөгү  балдар101010
30ДМЧ  баланын  саны333
31Окууга тартылган ДМЧ баланын саны333
32Аз  камсыз  үй-бүлөдөгү  баланын саны181818
33Мектепке тартылбай калган баланын саны (ден-соолугу мүмкүнчүлүгү чектелген)
34Инклюзивдик окутуудагы баланын саны111
35Орто мектепте окуган аз  камсыз  үй-бүлөдөгү  баланын саны181818
36Толук  эмес  үй-бүлөдөгү баланын саны (ажырашкан)141414
37Өгөй  ата-энелер  менен  жашаган  балдар333
38Мектептердин саны111
39Мектептеги  проф  кабинеттин  саны
40Уч  тараптуу  келишим  түзүлгон  мектеп  саны111
41Мектептердеги видео  көзөмөлдөрдүн  саны444
42Коопсуздук  кызматы  бар  мектептин  саны
43Мектептин  проф  кеңешинде  каралган  маселелер
44Мектептин  профкаттоосунда  турган  баланын  саны
45ПМПКдан  өткөн баланын  саны322
46ЖОИИсынын   каттоосунда  турган  балдардын  саны
47Кылмышка катышкан  окуучулардын  саны
48Мыйзам  менен  чатагы  бар  балдардын  саны
49Кароосуз  калган  баланын  саны
50Үй — бүлөлүк  зордук-зомбулукка  кабылган  баланын  саны
51Сексуалдык  зордук-зомбулукка  кабылган  баланын  саны
52Өспүрүмдөр  арасында  суицид  фактысы
53Суицидди   алдын  алуу боюнча жүргүзүлгөн иштер
54Балдарга  карата  аныкталган  зомбулуктун  саны
55БИКте   өткөрүлгөн отурумдун саны222
56А.и. каралган маселенин саны
57Зордук –зомбулукту  алдын  алуу б-ча  түшүндүрүү иш чаралардын саны125
58Кылмыштуулукту   алдын   алуу б-ча  өткөрүлгөн  иш-чаралардын саны122
59Айылдарда,шаарда  зомбулуктун  алдын-алу боюнча жүргүзүлгөн  мониторингдин  саны112
60Рейддер575
261Лекция,  семинар -тренингдер102
62Тегерек  стол100
63Спорттук иш-чаралар222
64Жолугушуулар111
65Кылмыштуулук .зордук –зомбулук боюнча массалык  маалымат  каражаттарына   жарыяланган  материалдын  саны000
66Мектепте ,коомдук  жайларда  зордук  зомбулуктун  алдын-алуу  боюнча  уюштурулган  стенддердин  саны133

 

Мектепте  физикалык жана психологиялык  коопсуз чөйрөнү камсыз кылуу үчүн педагогдор менен ата — энелер ортосунда келишимдер түзүлгөн. Анкета түрүндө алынып физикалык коопсуздук б-ча имараттын коопсуздугу, бөлмөлөрдүн жарыктандырылышы , кабинеттердин жылуулугу, желдетилиши, таза суу менен камсыз болушу, мебелдердин коопсуздугу ата — энелер , жергиликтүү бийлик менен кайрылуулардын , маек жүргүзүү, проблемаларды суроо жооп аркылуу аныктап алып, стратегиялык планга киргизилген, айрым учурда тез кабыл алуу педагогдордун чогулушунда чечилет. Балдардын ден соолугун коргоо, жугуштуу ооруларды алдын алуу үчүн медицина  кызматкери менен мониторинг жүргүзулүп турат. Социалдык педагог анкета жүргүзот, жашыруун кутуча пайдаланылат,ар бир айда комиссия курамы менен ачылып протокол түзүлөт. Ар кандай психологиялык коопсуздукту алдын алуу үчүн кутуча ичиндеги көйгөйлөр ата-эне, окуучу менен бирдикте маек жүргүзүү менен чечилет. ИДН кызматкерлери менен  ай сайын  чогулуштар өтүлүп түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат,видеокөзөмөл орнотулган.

Каралаган тарбиялык иштерди өнүктүрүү боюнча, тарбияга оорчулук келтирген окуучулар менен иштер жүргүзүлүп келет. Мектепте окуучулардын соцпаспорту аныкталып, жетим балдар ден соолугунан  мүмкүнчүлүгү  чектелген окуучулар, үй- бүлөлүк шарты оор окуучулар менен жекече иштер алынып барылат..

Ата- энелери  ички сырткы миграцияда жүргөн окуучулар менен иш- алып барууда үй шартына байкоо жүргүзүү, сабактарга жетишүүсүн байкоо жүргүзүү, сабактарга жетишүүсүн көзөмөлдөө, аңгемелешүү менен контролдоо иштерин жүргүзүп турушат.

Кылмыштуулукту  алдын  алуу жана болтурбоо  максатында  атайын  иш  план  түзүлүп,  ар кандай отурумдар, түнкү  рейддер  жүргүзүлөт. Кылмыштуулукту  алдын  алуу боюнча  стенттер уюшулган.Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу боюнча класс жетекчилер соцпедагог менен бирдикте  профилактикалык иш – чараларды уюштурушат.Балдарга ырайымсыз мамилени  зомбулукту болтурбоо боюнча жана адам  сатууну алдын  алуу жана ага  каршы  күрөшүү боюнча иш  план түзүлүп, 10-декабрь  «Эл  аралык  адам   укугун  коргоо», ата-энелер чогулушунда «Балдардын  укугун коргоо жана  алардын  шык  жөндөмдүүлүгүн өстүрүу»  деген  темада    доклад  окулуп, видео  роликтер көрсөтүлүп турат. Эл аралык адам укугун  коргоо күнүнө карата «Адам  сатууга  жол  жок»  темасында  класстык  сааттар, линейкалар жана спорттук мелдештер өткөрүлүп, стенттер  уюшулган. Социалдык адилеттүүлүктүн  күнүнө карата  класстык  ачык  сааттар,иш чаралар,линейкалар өткөрүлүп келет. “Зордук зомбулукка каршы №, күндүк компанияга арналган иш-чарага карата “Зордук зомбулуксуз дүйнө”,”Зордук зомбулуксуз үй-бүлө” тууралуу ачык сабактар,линейкалар тегерек столдор өткөрүлүп турат.Жаш  өспүрүмдөр  арасында кылмыштуулукту, зордук зомбулукту  жана суиццидди алдын алуу   максатында  ата-энелер  чогулуштар   өткөрүлүп турат. Атайын түзүлгөн комиссия,ата-энелер комитети, ИДНдин  инспектору  жана мектеп администрациясы  менен биргеликте кылмыштуулукту алдын  алуу  боюнча  ай  сайын отурумдар     өткөрүлүп  турат.

Ата энелерден , окуучу, мугалимдерден анкета, усулдук кенештин протоколу, медициналык жана социалдык мониторинг, отчеттор, корутундулар

План эвакуации (фото)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мектептин социалдык паспорту

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Психологиялык кызмат

 

2.4Педагогикалык,

админстративдик,

кенже тейлөөчү

жана окутуучу-

көмөкчү

персоналдын 

ишин баалоону,

анын жыйынтыгы

боюнча

чечимдерди

кабыл алууну

камсыздоочу

механизмдин

жана жол-

жоболордун 

болушу

  Ар бир окуу жылынын май айында акыркы педагогикалык кеңешмеде окуу жылына анализ берилип, мугалимдердин иши талданып, атайын сыйлыктар каралат. Мугалимдер төмөнкү сыйлыктарга педагогикалык кенештин чечими менен көрсөтүлүп алынат:

1.      Билим берүүнүн мыктысы -2

2.      МНО “Ардак Грамотасы”-2

3.      Облустук усулдук борборунун грамоталары-5

4.      Облустук ыйгарым укуктуу жетекчинин, мамлекеттик админстрациясынын, жергиликтүү бийликтин, Райондук Билим берүү бөлүмүнүн сыйлык-грамоталарынан көрсөтүлөт.

Профсоюз тарабынан сыйлык, грамоталар, эс алууга жолдомолор берилет.

М.Балбаков  атындагы орто мектебинин педагогикалык, административдик, кенже тейлөөчү жана кенже кызматкерлердин ишин баалоонун, анын жыйынтыгы боюнча чеимдери кабыл алуу үчүн атайын жол-жобо иштелип чыккан. Жыл сайын окуу жылынын башталышы менен №1 педагогикалык кеңештин негизинде эксперттик топтун курамы бекитилет. Эксперттик топ мектеп жамаатынын түрткү берүүчү айлык акыны бөлүштүрүү үчүн иш алып барат. 2020\2021-окуу жылында эксперттик топтун курамы 2020-жылдын 28-август №1 педагогикалык кеңештин чечими менен мектеп директорунун 2020-жылдын 5-сентябрь №49 буйругу менен эксперттик топтун курамы бекитилген.

Мектеп жамаатынын түрткү берүүчү айлык акысын бөлүү эффективдүү болушу үчун 2021-жылдын январь №3 педагогикалык кеңеште каралып бекитилген.

Мектеп администрациясынын ишин баалоо индикаторлору

Кесиптик  чеберчилигинин  денгээли

  1. Мектептин  ичинде контролдук жургүзүү планын, окуу- тарбия иштеринин планын аткаруу
  2. Мектептин- коомдук  башкаруу органдарынын   ишин сапаттуу уюштуруу
  3. Пед.кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугуна  жана сапатына баа берууну уюштуруунун жогорку деңгээли

Мектепте   окуу-тарбиялоо  иштерин  уюштуруу

  1. Жамаатта жагымдуу психологиялык   жагдайды кармап туруу
  2. Жалпы  билим берүүчү уюмдун  беделин жана имиджин жогорулата турган  иш чараларды уюшуруу
  3. Мектеп ресурстарын натыйжалуу пайдалануу

Мектептеги  окуу-тарбиялоо ишин жогорку деңгээлде уюштуруу

  1. Окуучулардын  жетишкендиктеринин мониторинги жана баа  берүүнү жүргүзүү
  2. Окуу-тарбия процессинде мониторинги нин  денг. жог болушу
  3. Окуучул-н жыйынт-чу жана аралыктуу аттес-н уюштуруунун  жог деңгээли
  4. Окуучу-н контингентин, билим алуунун мүмкүнч. сактоо

Мектептин  педагогикалык  жамаатынын  кесиптик  өнүгүшү

  1. жамааттын кесиптик өнүгүшүн уюштуруу
  2. Жогорку квалификациялуу мугалимдердин иш тажрыйбаларынн чыгармачыл семинарда, кенешмеде көрсөтүү

Жеке аткаруучулук тартиби

  1. Мектеп кызматкерлеринин аткаруучулук жогорку денгээли
  2. Ишинин интенсивдүүлүгүнүн коэффициенти
  3. Кызматтарда айкалыштыруу, убактылуу жок болгон кызматкерлеринин милдетин аткаруу

Соц.педагогдун ишин баалоо:

  1. Контролдун ар кандай түрлөрү менен камтылган балдардын маалымдамалар банкын өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү
  2. Өзүнүн ишининин багыты боюнча маалыматтык тактаны иштеп чыгуу жана жаңылоо
  3. Девианттык жүрүш-туруштун алдын -алуу
  4. Камкордук алдында турган балдар менен иш жүргүзүү (эсепке алуу) үйдөгү шарттарын изилдөө, жардам көрсөтүү
  5. Жай мезгилинде балдардын ден соолугун чыңдоо боюнча иштерди уюштуруу (ден- соолукту чындоо ишине тартылган окуучулардын санынын  окуучулардын жалпы санына карата катышы)
  6. Өспүрүмдөрдүн окуудан бош мезгилде ишке орноштуруу (бош убактысында иштеген өспүрүмдөрдүн санынын  “тобокел” тобуна кирген окуучулардын  санына  карата  катышы
  7. Мектептин ата-энелер комитетинин жалпы  мектептик ата-энелер чогулуштарын , конференцияларын жана отурумдарын уюштуруу  жана өткөрүү
  8. Мектептин жана класстын ата-энелер комитетинин ишин тескөө
  9. Аткаруучулук  тартиптин жогорку   деңгээли
  10. Өзүнүн  кызматтык милдеттерине  кирбеген иштерди  сапаттуу  аткаруу

 

Мугалимдердин ишин баалоо үчүн төмөнкү индикаторлор

  1. МБ жетекчисинин иши -3
    1.  МБ ишин уюштуруу – 1
    2. МБ декадасы, ар кандай иш-чара уюштуруу – 1
    3. МБ отчеттору — 1
  2. Кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү денгээли — 12
    1. Ачык сабактардын өтүшү -3
    2. ачык сабактарга катышышы -3
    3. Окутуунун активдүү жана интерактивдүү методдорун колдонуу -3
    4. Кесиптик чеберчилигин жогорулатуусу (квалификациясын жогорулатуусу, тренинг-семинарга катышуусу) -3

3.      Предметтик мугалимдин окуу-процессин уюштуруу -15

a.       Окуу чөйрөсүн түзүү: классты уюштуруу, кечиктирбөө, класстын тазалыгы, окуучуларды уюштуруусу-3

    1. документтерди жургузуу (конспект, дептер ж.б.)-3
    2. окуучулардын жетишкендиктери -3
    3. предметтик мониторинги-3
    4. Иштин татаалдыгы (класстын толтуруунун ченеминен ашып кетүүсү)-3
    5. Предметтик мугалим, кабинет башчысы тарабынан окуу кабинетинин уюштурулушу- 3
  1. класстын тарбиялык ишин уюштуруу — 4
    1. класстык ачык сабак, линейка өтүшү — 1
    2. ата –энелер менен иштөө — 1
    3. классты уюштуруу (уборка, кечигүү, катыш) — 2
  2. жекече аткаруу тартиби (кошумча берилген тапшырмаларды аткаруусу, дежур болуу, жеке жоопкерчилиги, оору баракчасынын жоктугу)- 0,1-0,3
Токтом

Индикаторлор менен баалоо

Эксперттик топтун чечими

Педагогикалык кенеш

Күчтүү жактар:

1.      Педагогикалык кадрлардын үзгүлтүксүз өз билимин өркүндөтүү үчүн квалификацияны жогорулатууга баруусу.

2.      Мугалимдердин өз кесиби боюнча дал келүүсү.

3.      Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү түзүү, мектеп кызматкерлерини эмгегин баалоодо жергиликтүү бийликтин, ата-энелердин, билим берүү органдарынын кызыкдар болушу.

4.      Мектеп ичинде мугалимдин билим берүүсү үчүн шарттардын түзүлүшү.

5.      Мектеп кызматкерлеринин кошумча эмгегин баалоо үчун түрткү берүүчү айлык акынын болушу, эксперттик топтун так иштеши.

6.      Мектеп жамаатынын эмгегин баалоо механизминин жөнгө салынышы.

 

3.МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК  БАЗА
3.1Билим берүү  процессинин катышуучуларына,анын ичинде  ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга  жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын, жайлардын  жана материалдык ресурстардын (жабдылган окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класстар, спорт зал, актылар залы, медициналык пункт, ашкана) ошондой эле жашоо үчүн тиешелүү шарттары бар  Кыргыз Республикасынын №477 токтому менен бекитилген «Балдарды үйүндө  жеке  окутуунун  уюштуруу жөнүндө», Кыргыз  Республикасынын Мамлекеттик  Билим Берүү  Стандартына  ылайык ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү  чектелген жана оорунун катуу  формасы  менен  балдардын  категориясына  кирген  балдарга  билим  берүүнүн буйругуна ылайык биздин  мектепте  ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана оорунун  катуу  формасы  менен ооруган балдардын  категориясына кирген 1 бала үйүндө жеке  окутулат.

Үйүндө жеке окутулуучу балдарга класс жетекчи дайындалып, жана уюштуруу иштерин,иш-кагаздарын жүргүзүү  милдеттендирилген.

Ден соолугунун    мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн мектептин корпустарына пандус орнотулган, бирок мектеп башка эч кандай мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар үчүн шарт жок. Жогорку кабаттарга чыгуу мүмкүнчүлүктөр жок.

Ден-соолугунан  мүмкүнчүлүгү  чектелген  адамдарды  колдоо,коргоо  максатында,биздин  мектепте  окуп  жаткан  колдоого,коргоого  алынган  3  окуучу,  ал  эми  үйүндө  жеке  окутулган  1 окуучуга кайрымдуулук акциялар уюшулуп, ар кандай жардамдар көрсөтүлүп  келет.

2019-2020-окуу жылы 600 с

2020-2021- окуу жылы  1000 с

2021-2022-окуу жылы  2000 сом  акчалай  жардамдар көрсөтүлдү.

 

 

Мектеп 11 класс-комплектиге 11 класс жетекчи бекитилген. 1 смена менен окушат.

Кыргыз тили1
Чет тили1
Орус тили1
Тарых1
Математика1
География1
Физика1
Биология1
Химия
Информатика1
Эмгеккке үйрөтүү каанасы
АЧД
Башталгыч  класстары  боюнча5
Спорт зал
Акт залы1
ашкана1
Теннис залы1
усулкана1
Административдик кабинеттер2
Техникалык кызматкерлер
Медайым кабинети
Милиция инспектору үчүн
архив
лаборатория

 

Техникалык жабдуулар боюнча маалымат:

Аталышы Саны
1Телевизор4
2Проектор2
3Компьютер11
4Интерактивдүү  доска1
5Модем
6Видеокөзөмөл4

КРнын 2002-жылдын 27-июнундагы №111 КРнын жалпы билим берүү мектептериндеги окуучулардын тамактануусун  уюштуруу тууралуу мыйзамы ишке кирген. Кыргыз өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-апрелиндеги №293 “КРнын жалпы билим берүү” мектептериндеги окуучулардын тамактануусун уюштуруу тууралуу токтом кабыл алынган.

КРнын президентинин 2006-жылдын 12-июлундагы УП№372 КРнын жалпы билим берүү мектептериндеги окуучулардын тамактануусун уюштуруу тууралуу указы чыккан. КРнын  илим , билим жана жаштар саясаты  министрлигинин 2006-жылдын 27-июлундагы №492/1 КРнын жалпы билим берүү мектептериндеги 1-4-класстардын окуучулары үчүн тамактанууну  уюштуруу тууралуу буйругунун негизинде 2013-жылы ВВПООН долбоор даярдалып өткөрүлүп, мектепте 1-сентябрь 2014-жылдан баштап 1-4-класстын окуучулары үчүн ысык тамак берилип келе жатат. Мектептин ашканасы талапка ылайык жабдылган.

КР билим берүү  жана илим министирлигинин БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык түлүк программасы тарабынан киргизилген ысык тамак берүү уланып келет. Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектеби 2017-жылдан баштап БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык түлүк программасына кирип , ысык тамак менен камсыз болуп келет. Алар атайын  ашпозчулардын окуусунан отуп келишкен жана сертификаттарга ээ болушкан. Мектептеги ысык тамак бул жонокой маселе эмес. Мунун артында ашпозчулардын чыналган эмгеги, мектеп администрациясынын колдоосу, ата-энелердин, жергиликтүү бийликтин жана өнөктөштөрдүн эмгектери зор.  Мектептеги тамактандыруу баланын жалпы өнүгүү процессине жана ден соолугуна таасирин тийгизет.  2020-2021-окуу жылында 1-4- класстын окуучуларына берилип жаткан чайдын жумасына 2 жолу берилүүчү ысык тамактын сапаттуу берилишин контролдоо, азык-түлүктөрдү козомолдоо боюнча  бракеражды жүргүзүү комиссиясы түзүлгөн.

М. Балбаков атындагы  орто мектеби 2017-жылдан баштап Мерсико уюму тарабынан пилоттук айылга киргендигибизге байланыштуу азык түлүк программасына кирип , ысык тамак менен камсыз болуп келет. Алар атайын  ашпозчулардын окуусунан отуп келишкен жана сертификаттарга ээ болушкан. Мектептеги ысык тамак бул жонокой маселе эмес. Мунун артында ашпозчулардын чыналган эмгеги, мектеп администрациясынын колдоосу, ата-энелердин, жергиликтүү бийликтин жана өнөктөштөрдүн эмгектери зор.  Мектептеги тамактандыруу баланын жалпы өнүгүү процессине жана ден соолугуна таасирин тийгизет.  2022-2023-окуу жылында 1-4- класстын окуучуларына берилип жаткан чайдын жумасына 2 жолу берилүүчү ысык тамактын сапаттуу берилишин контролдоо, азык-түлүктөрдү козомолдоо боюнча  бракеражды жүргүзүү комиссиясы түзүлгөн.

Биздин М. Балбаков  атындагы  орто мектептин 1-4- класстарда жалпысынан 46 окуучу ысык тамак ичишет.   Мектептин рационунда ар кандай тамактын түрү бар. Менюлар райондук билим берүү бөлүмүндөгү ысык тамактын берилиши боюнча координатор жана бухгалтер тарабынан кварталга же айга бөлүнүп түзүлүп бекитилип берилет.Ар бир жуманыкы бөлүнүп жазылып мектеп директору бекитет.Түзүлгөн менюнун негизинде тамак аш берилип турат. Балдар жумасына эки жолу эт менен ысык тамак, эки жолу каша, 2 жолу мектеп булочкасы, үч жолу лепешка жана кургатылган жемиштен компот ичишет.Ашканада балдардын тамактарын уюштурууда бардык шарттар бар. Ашпозчулар, жардамчылар кийип жүргөндөн сырткары бир кийилүүчү чепчик , маска да коюлган. Аптечкалары ай сайын каралып толукталып   турат.Ай сайын генералдык уборка, жума сайын күнүмдүк уборка жүргүзүлүп турат.

“2020-жыл —  Өлкөнү  санариптештирүү  жана  балдарды  колдоо” жылына  карата  мектепте  25000 сомго “Акылдуу  конгуроо” орнотулган.  Акылдуу  коңгуроонун  жардамы  менен  мугалим  окуучулардын  сабактарга өз убагында  кирип  чыгуусуна жана  жагымдуу  маанайлар  түзүлгөн.

Мугалим, окуучу жана  ата-энелер  менен  тыгыз  байланышта  болуусу  үчүн электрондук  күндөлүк ишке  киргизилген.Электрондук  күндөлүктүн жардамы  менен  ата-энелер  окуучулардын  сабакка катышын,жетишкендиктерин жана  үй  тапшырмаларын  көрө  алышат.

Мектептин  атайын  интернет  сайты  иштейт,ар кандай  жаңылыктарды ата-энелер,айыл  тургундары маалымат  алып  турушат.

Мектептин  ичине интернет  киргизилген, мугалимдер  интернетти  тоскоолдуксуз  пайдалануу  үчүн  Wi-Fi коюлган, мектеп  администрациясынын  кабинеттерине, информатика  жана  усулдук  кабинетине, 4 окуу  кабинетине  үзгүлтүксүз  интернет  байланышы  коюлган.

 

 

        Окуу кабинеттери

Токтом

Балдардын коопсуздугу үчүн уюшулган жабдыктар

 

 

 

 

3.2Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо (экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы  коопсуздук, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери)Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо үчүн томөнкүлөр иштелип чыккан жана жетекчиликке алынат:

Мектептин ички тартиби

Иш-кагаздары боюнча талаптар

Коопсуздук эрежелер

Өрт коопсуздугу боюнча эрежелер

Санитардык-эпидемиологиялык эрежелер

Үч тараптуу келишимдер

Мугалим. Кызмат ортосунда эмгек келишими

Билим берүү аймагында жашылдандыруу

 

Билим берүү чөйрөсүндө коопсуздук талаптарды сактоо жана уюштуруу үчун төмөнкү иштер колго алынган:

1.      Экологиялык-мектептин ичи, сыртын жашылдандыруу. Окуу кабинеттери, залдар толугу менен жашылдандырылган. Мектептин алдында декоративдик бактар  да  тигилген.

2.      Санитардык –эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер толук сакталып келет: мусордук урналар зал, коридор, мектеп фасадында, айланасында толук орнотулган. Санитардык талаптарды аткаруу максатында нускама, жоболорго ылайык иштер алып барылып келет.

3.      Окуу кабинеттердин, залдардын тазалыгы үчун нускама, инструктаждар өтүлгөн, тазалык сакталат, окуучулардын жеке гигиенасы боюнча класстык сааттар өтүлүп, түшүндүрүү иштери болуп келет.Азыркы учурдагы пандемияга каршы санитардык-гигиеналык нормалардын бардыгы аткарылууда. Мектепте кирүү фильтри уюштурулуп, ар бир окуучунун жана мугалимдердин дене табын  текшерүү жана ден соолугунун абалы жөнүндө  атайын журналга катталып, түшүрүлөт.  Ар бир класста окуучулар жекече коргонуу каражаттары менен камсыздалган.

4.      Ѳрт коопсуздугун сактоо боюнча атайын иштелип чыккан №1 педагогикалык кеңешмеде бекитилген баштапкы профсоюз уюму менен макулдашылган көрсөтмөнүн негизинде иш алып барылат.Эмгекти коргоо боюнча докладдар окутулат.Окуу семинарлары уюштурулуп ,инструктаж өткөрүлөт . Класстык бөлмөлөрдө,залда коопсуздук эрежелерини көрсөтмөлөрү илинген. Окуучуларга тааныштырылып кол койдурулган документтер бар. Өрт жана экологиялык коркунучтарды жоюу үчүн өрт өчүрүүчү щить жана ага тиешелүү жабдыктар:  өрт өчүрүүчү баллондор, күрөк, лом, кум салынган ящик, өрт өчүрүүчү гидрант бар.  Мектептин чатыры өрттөн сактоочу заттар менен чачыратуу сигнализация менен камсыз кылынган. Өрт өчүрүүчү каражаттар 100% жетиштүү. Өрт коопсуздугу жана техникалык коопсуздук эрежелер боюнча мектеп ичинде ар бир адам КРдин өрт  коопсуздугунун 1995 – жылдын № 33 инструкциясынын негизинде эрежелер сакталат. Мектептке эмгек өргүүсүнүн келген ар бир мугалим жана техникалык кызматкерлерге өрт коопсуздугунун инструктажы менен таанышып атайын журналга кол коюлгандан  кийин гана иштөөгө жол берилет. Эвакуация пландары илинген жана өрт өчүрүүчү щит ага тиешелүү жабдыктар; өрт өчүрүүчү балондор, күрөк, лом, кум салынган ящик, бочка, гидрант менен камсыз болгон. айына бир жолудан өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча тревогалар өтүлүп , актылары түзүлүп турат

Техникалык коопсуздук эрежелери, өрт коопсуздугу, эмгекти коргоо боюнча  инструктаж өтүлүп турат.Ошондой эле физика , химия , информатика , кол эмгек  кабинеттеринин ар биринде инструктаж өтүлүп , тааныштыгы тууралуу окуучуларга  кол койдуруп алышат. Өрт коопсуздугун сактоо боюнча атайын ыктыярдуу топ  түзүлгөн жана өрт коркунуч чыккан мезгилде 1-3 –этажга акылдуу коңгуроонун аппараты аркылуу мектептин бардык     кабинеттерине жеткиликтүү  угулуп турат.  .

Эрежелер

Келишимдер

Функционалдык милдеттер

Эмгек келишими

Жашылдандыруу

Коопсуз мектептин талаптары

3.3Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча  ишти топтоо,баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушуМатериалдык-техникалык базаны, маалымат ресурстарын жакшыртуу боюнча ишти топтоо педагогикалык кеңеште каралат: Мектеп жетекчилиги материалдык базада кандай кемчиликтер бар экендигин аныктап, мектеп кызматкерлеринин, ата-энелердин сунушун эске алып, демөөрчүлөрдү, мамлекеттик каражаттарды, ата-энелерден, жергиликтүү бюджеттен жардам көрсөтүү боюнча каражат сурайт. Материалдык базаны чындоодо кемчиликтер аныкталгандан кийин педагогикалык кеңешке сунушталып, кандай каражат, ким тарабынан каржыланышы мүмкүн экендигин каралат, демөөрчүлөр изделип, ишке ашырууга бардык аракеттер көрүлөт.

Пландаштырылган иш боюнча талдоо боюнча комиссия түзүлүп, анын баасын, ким ишти алып барат, жооптуу адамдар бекитилет. Акча каражаты табылгандан кийин негизги жумушту техникалык кызматкерлер алып барат, ал эми жетекчилигин мектеп директору, чарба иштери боюнча директордун орун басары алып барат.

2020-жылы мектеп косметикалык ремонттон атайын комиссиянын жардамы менен жогорку денгээлде ремонт ишин жүргүзгөн. Мектеп ичин жашылдандыруу толук колго алынган. Мамлекет тарабынан берилген каржаттардан сырткары демөөрчүлөр жана жергиликтүү бюджеттен каралган акча болуп ———- миң сомго ремонт иши аткарылган.

2020-жылы мектептин фасадын оңдоо жана  1- этаж  залынын кафелин алмаштыруу боюнча иш план иштелип чыккан. Мектептин алдында ар кандай иш-чараларды уюштуруу, окуучулардын танапис убагында эс алуусуна ыңгайлуу фасад уюштуруу негизги максат болгон. Мектептин сыртын жашылдандыруу толук колго алынган.

Бул боюнча план ишке ашып ———- мин сомго ремонт иштери жүргүзүлгөн.

2021-жылга 1-4-класстарга дене тарбия сабагы үчүн  футбол аянтча курулган.Бирок газон төшөлө элек .

 

Тартылган инвестиция

Материалдык-техникалык база боюнча маалымат

   

Күчтүү жактар:

1.      Мектепте каржыланган акча каражаттарынын ачык-айкындуулугу.Маалыматтар тактага чагылдырылат жана базада сакталат

2.      Мектептин жетишкендиктери менен кыйынчылыктарын ата -энелер менен бирдикте талкулоо . Көпчүлүк учурда ата энелердин  колдоосу, балдарынын билим алуусуна кызыкдар болушу.Ата-энелер, демөөрчүлөр менен тыгыз байланышта болуусу.

3.      Мектеп жамаатынын, окуучулардын сунушу, пикири эске алуусу.

4.      Ашкананын ысык тамак берүү үчун бардык каражаттар менен камсыз болушу.

5.      Ак-Чий айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кенеши тарабынан мектеп көп учурда колдоого алынгандыгы

6.      Мектептин техникалык базасынын чындыгы

 

 
Алсыз жактар:

1.       Техникалык каражаттардын жетишсиздиги

2.      Спорт залдын жоктугу

3.      Жаңы инновациялык технологиялардын эскилиги, жетишсиздиги.

4.      Атайын техника менен иш алып баруучу адистин жоктугу.

5.      Лабораториялык куралдардын жоктугу.

6.      Спорт площадканын талапка жооп бербөөсү

 

 

                                                  4.ФИНАНСЫЛЫК  РЕСУРСТАРДЫ  БАШКАРУУ

4.1Финансылык  пландоо  системасынын болушуКыргыз Республикасынын “ББ законунун №92 30.04.2003 жылдагы 43-статьясынын негизинде мамлекеттик бюджеттен мектептеги кызматкерлердин айлык акысына, коммуналдык кызматтарга, утурумдук ремонт иштерине, командировкалык чыгымдарга ,налогго, соц фондго, прочиеге болүнөт. Пландоодо керектүү чыгымдар жазылат. Көпчүлүк учурда мамлекет тарабынан кыскартылат. Айрым учурда  проект менен факты айырмалуу болот.

Мектепте мугалимдердин айлык акысы корголгон акча каражаты болгондуктан, үзгүлтүксүз берилип келет. Мугалимдердин факт жүзүндө иштеген сааты, тарификациядан бекитилген стажысы боюнча эмгек акысы төлөнүп келет. Тарификация ар бир окуу жылынын башында кызматкерлердин ишине, билимине жараша бекитилип, айлык акынын бюджети бекитилет.

Мектептин оңдоп түзөө иштерине жыл сайын окуучунун санына жан башына жараша акча каралат. Жан башына каралган акча каражаты да толук берилбейт, тендерге, каражаттардын баасына көз каранды.  Камкордук кенеш, ата-энелердин, бүтүрүүчүлөрдүн, демөөрчүлөрдүн жардамы менен,айыл өкмөттүн жергиликтүү кенеши тарабынан , мектеп жамаатынын  спонсорлугу менен гана иш алып барылып келет.

Жергиликтүү бюджеттен жардам көрсөтүү боюнча каражат жыл сайын суралып, пландаштырылат. Мектеп электрдик жылытуу менен иштейт, жергиликтүү бийлик камсыз кылат.

Финансылык пландоо педагогикалык кенеште кандай иштерди алып барсак болот пландаштырылып, андан соң акча каражаттары изделет. Демөөрчүлөрдүн жардамы менен ишке ашат, же мугалимдер өздөрү каржылайт.

Демөөрчүлөр менен иштөө дагы жыйынтыктуу болуп келет.

Токтомдор, пландар, жооптуулар, каттар
4.2Кошумча 

финансы-

ресурстарын

тартуу,

бөлүштүрүү

жана

отчеттуулук

боюнча  ачык-

айкын

механизмдердин 

болушу

Демөөрчүлөр тарабынан келген акча каражаттар боюнча маалымат ар бир педагогикалык кенеште отчет берилип, атайын тактага маалымат илинет. Жергиликтүү бийлик тарабынан каржыланган болсо, тендер менен материалдар келип, жумуш аткарылат. Аткарылган иштер, тартылган инвестиция боюнча кириш-чыгыш актылары түзүлүп, колдонууга берилет.

Оңдоп  түзөө  иштерин  жүргүзүүдө   ата-энелердин,    мугалимдердин жана бүтүрүүчүлөрдүн демөөрчүлүгү 2019-жылы  —— мин сом менен мектеп ичи ремонттон өткөрүлгөн:

 Демөөрчүлөр- Ак-Чий айыл өкмөтү, айылдык кеңеши, мектеп жамааты

 

•      Мектептеги автордук кабинеттер-  120 000 сом

•      Мугалимдер жана техникалык кызматкерлер -100 000сом

•      Жеке демөөрчүлүк  -15 000 сом

•      Мектептин профсоюз уюмунан — 3000 сом

•      Айыл өкмөтү 106 000  сом келди

Мектептин ичинде 1-кабатынын полуна жаны кафель чапталып, атайын эмеректер коюлган. Окуучулардын эс алуусуна, ар кандай иш чараларды өтүүгө бардык шарттар түзүлгөн.

 

Сапаттуу  ремонт  иштери  жүргүзүлгөндүгү  үчүн Ак-Талаа райондук мамлекеттик   администрациясы  тарабынан   2022-жылы  1-орун  ыйгарылган.

 

Мурзабек Балбаков  атындагы орто  мектебинде санариптештирүү максатында 2018-2019-жылдары «АКЫЛДУУ КОҢГУРОО», видео  көзөмөл коюлган, электрондук күндөлүктү 2 жылдан бери колдонуп келет, мектептин сайты ачылган.

 

«Жаны китеп»,  долбоору менен китепкананы электрондоштуруу максатында 52500 сомго компьютер, 3в1 принтер-ксерокс ж.б.каражаттар коюлган. 2021-2022-окуу жылында.  Демөөрчүлөр тарабынан  ч.тили китептер жана Алиппе,математика китептери ,роутерлер алынып берилген

Кырдаалга байланыштуу мектеп кызматкерлери, мугалимдер, окуучулар үчүн маска тигилип, демөөрчүлөр менен 20 000 сомго коргонуучу каражаттар менен жабдылган.

Ардагер мугалимдер З.Жакыпова жана Б. Мамытова эжелердин  жардамы менен 2  окуу кабинети толук жабдылган 120 мин сомго.Автордук кабинети ачылган.

Кириш-чыгыш актылары

Тендертин жыйынытыг менен баалар ж.б.

 

4.3

 

 

 

 

 

 

 

 

Финансы ресурстарын жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу   Финансы ресурстарын жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизми педагогикалык кеңеште гана ишке ашырылат. Коллективдин чечими, ошондой эле демөөрчүлөрдүн өз каалоолору. Мектеп тарабынан жетишпестиктер, кемчиликтер, оңдоп-түзөөгө керек болгон жерлер боюнча сунуштарды кабыл алып, педагогикалык кеңешке алып чыгат. Мектептин эч кандай фонду, камкордук кеңеш менен ата-эне, окуучулардан акча чогултууга жол берилбейт. Камкордук кеңеш ысык тамак менен камсыз кылуу иштеринде кошумча каражат менен иш алып барат.

Мектептин финансы ресурстарын жакшыртуу максатында мектеп көмөкчү чарба уюштурууну пландаштырды. Мектептин айланысына 1га  жер тилкесине тамчылатма системасы менен алма бак олтургузулган .  Атайын тосмо ж.б. каражаттары  менен тосулуп учурда өсүп жатат.

Жергиликтүү бийликтен 2га жер тилкеси бөлүнүп берилген, көп жылдык чөп өстүрүлүп келет.

 

Мектеп ичинде орчундуу болгон көйгөйлөр бар.

Спорт залдын жоктугу,спорт площадканын талапка  жооп бербөөсү.

Мектепте  жаңы инновациялык — техниканын жетишсиздиги

 
Күчтүү жактар:

1.      Финансы маселелери жылдан жылга толукталып мугалимдердин айлык акыларынын көтөрүлүшү персоналдар үчүн стимул.

2.      Маалымат ресурсу , интернеттин кеңири колдонулушу, демөөрчүлөрдү тартууга мүмкүнчүлүк берет

3.      Балдардын коопсуздугу, билими, окуусу үчүн шарттардын түзүлүшүнө финансы каражаттарын тартуу, алардын ата энелер менен бирдикте аткарылышы, ачык айкын так болушу.

4.      Мектептин материалдык базасын чыңдоо үчүн 10 жылдык, 20 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн мектеп үчүн демөөрчүлүгү

5.      Жылдан жылга окуу шарттарынын жакшыруусу, ата- энелердин балдарды окутууда кызыкдар болушу.

 

 

 

 

Алсыз жактар:

1.      Ремонтко бөлүнгөн акча каражатынын чон имарат үчүн аздыгы, акчалардын тендер менен чектелиши, жылдан жылга ремонтко керектүү каражаттардын кымбат болушу.

2.      Жылдан жылга мебелдердин эскириши, жаңы эмерек мисалга алсак доска келбегендиги  жаңы мебелдердин кымбат болушу.

3.      Жаңы техникалардын келбегендиги

4.      Пандемия менен көп иштер токтоду.Инновациялык технологиялар менен камсыз болот деп күтүп, бирок ишке ашпай жатышы.

5.      Спорт  залдын жоктугу

6.      Спорт плошадканын талапка жооп бербөөсү

 

 

Жыйынтыктоо

                        Мурзабек Балбаков атындагы орто мектеби Билим берүүнүн стандартын аткаруу максатында бардык иш аракеттерин көрүп келет.  Негизги максаттарды жана милдеттерди аткарууда төмөнкүдөй жетишкендиктер бар десек болот:

  1. Контингенттин сакталышы, мектептин, мугалимдердин ийгилиги менен окуучуларды мектепке тарта алды. Билим алууга тартылбай калган окуучу жок.  Инклюзивдүү 1 окуучу мектеп окуучулары менен биргеликте билим алып келишет, балдардын төрөлүшү, мектепке тартуу иштери алгылыктуу:
класстар2019\20202020\20212021\2022
1-4-класс484446
5-9-класс474749
10-11-класс171715
1-11 класс112108110
Даярдоо61316
бардыгы118121126

 

  1. Үйдөн жеке окутулуучу мүмкүнчүлугү чектелген окуучулар менен иш алып баруу да колго алынган. Ар кандай диагнозу менен үйдөгү балдарга да билим берүү мектептин негизги милдети:
2019-2020-окуу жылы2020-2021-окуу жылы2021-2022-окуу жылы
111

Мектепке жаны кабыл алынган, келип кеткен окуучулардын документтери боюнча иштер оз убагында талапка ылайык иш алып барылып келе жатат.  Окуучулардын келип-кетүү кыймылы боюнча убагында алфавит китебине ѳзгѳртүү киргизилип, класстык журналдар, окуучулардын ѳздүк делолору текшерилип турат.

  1. Кыргыз республикасынын Билим берүү жана Илим министрлигинин 2020-жылдын 28-декабрындагы №1027 “Жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери тарабынан жүргүзүүгө (толтурууга) милдеттүү болгон документтердин тизмесин бекитүү жөнүндө” буйругун жетекчиликке алып мектеп жамааты иш-кагаздарын жүргүзүп келет. Бул буйрук мугалимдердин бир кыйла жумушун женилдетти жана иш-кагаздарын жүргузүүдө тактыкка, бирдей талап коюуга мүмкүнчулүктү мектеп администрациясына берди.
  2. Окуучулардын билим сапатынын котөрүлүшү, сынактардан жетишкен ийгиликтери, ар кандай конкурстарга активдүү катышуусу мектеп окуучуларын шыктандырды.
  3. Мектептин жетекчилиги окуучулардын жетишкен ийгиликтери үчүн предметтик мугалимдерин грамота, акчалай сыйлыктарды берүү менен шыктандырып келет. 2020, 2021-окуу жылында райондук турда 1-орунду алган окуучунун мугалимине 1500 сом, 2-орунга 1000 сомдон сыйлыктарды берсе, областтык турда женген мугалимге  грамота берилген. Ушул эле мугалимдер  ББж\аИМ “Ардак Грамотасына”  жана облустук усулдук билим берүүнүн  Ардак грамотасына ээ болушкан. Мындан сырткары, мектеп жамаатынын ишмердүүлүгүндө эксперттик топ көрсөтүлгөн документтерге жана өзүн-өзү баалоонун жыйынтыгына анализ жүргүзүп келет.

Мектептин күчтүү жагы болуп алдыга койгон максатынын, миссиясынын тактыгы, чыгармачыл изденүү менен эмгектенген көп жылдык эмгек стажысы бар мугалимдердин бардыгы эсептелинет. Башкаруунун эффективдүүлүгүнүн жана талапка ылайык билим сапатын камсыздоо саясатынын күчтүү жагы катары кесипкөй, бир нече жылдык эмгек тажрыйбасы бар, өз кесибин сүйгөн жана чыгармачылык менен иштеген, Билим берүүнүн Мамлекеттик стандартын ишке ашырууга толук кызыкдар болгон мугалимдер жамаатынын тажрыйбалуу, бир катар жылдар катары менен предметтик олимпиадалардан чыгып келген мугалимдер бар.Мугалимдердин кесиптик квалификациясын, кесипкөйлүгүн жогорулатуу багытында системалуу түрдө мугалимдердин квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуу курстарынан өтүп турат, бул көрсөткүч жылдан-жылга жогорулап жаткандыгы да аныкталды.Билим берүү сапатынын талапка ылайык-компетенттүү болуусу, жалпы эле окутуу-тарбиялоо процессинин ийгиликтүү ишке ашырылышы үчүн мектеп жамааты иш алып барып жаткан ар кыл проект, программалар да жакшы жыйынтык берип жаткандыгы байкалат. Мектептин базасында  мектеп мугалимдери жана жетекчилери үчүн семинарлар, тренигдер байма-бай өтүп турат. Предметтик олимпиада боюнча мектеп окуучулары Республикалык, облустук  деңгээлде катышып жатышат.. Предметтик олимпиадалар менен катар ЖРТга даярдык көрүү да актуалдуу маселе катары калат. Бул багытта жергиликтүү ЖРТга даярдык кылуучу жеке тараптар, ата-энелер менен биргелешкен аракеттердин натыйжасында ЖРТ боюнча орточо баллдык көрсөткүч бир кыйла жогорулагандыгы байкалды. Бүтүрүүчүлөрдүн 90-92% ЖОЖдордо, анын ичинен 30% бюджеттик бөлүмдөрдө билим алып жаткандыгы статистикалык маалыматтардын негизинде аныкталды.

Коомчулук, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен  мектеп жамааты  биргелешип иш алып баруу системалуу.

Мектеп жамааты келечек ээлерин  Мамлекеттик стандарттын негизинде компетенттүү билим жана тарбия берүүнү ийгиликтүү ишке ашыруунун үстүндө  эмгектенип жатат. Ар бир жарым жылдыкта ата-энелер чогулушу өткөрүлүп, окуу жылынын аягында жыйынтык чыгарылат. Акыркы 3 жыл ичинде мектеп ишмердүүлүгү ата-энелер тарабынан “жакшы” деп бааланууда.

  1. Мугалимдер жамааты жаш кадрлар менен толукталып турат. Бул мугалимдерге насаатчы мугалимдер бекитилип, усулдук жардам берилет. Жыл сайын жаш мугалимдер мектепке тартылып, жаныча иш-алып баруулар күчүнө кирип келет. 2022-жылы мектепке 1 жаш мугалим кабыл алынган.
  2. Мектепте окуу-тарбия иштери туура жолго салынып, ата-эне менен тыгыз иш алып барылат. Окуучулар арасында ар кандай класстан тышкаркы иштер, маданий иш-чаралар уюштурулуп турат. Класс жетекчилер жогорку класстын окуучулары менен тегерек столдорду, диспут, КВН, презентацияларды планга ылайык өткөрүп турушат. Мектепте спорт жагынан ар кандай ийримдер иш алып барышат. Окуучулардын физикалык өсүүсүнө чон салым кошуу максатында азыркы күндо 1 футбол аянтчасын бүтүрүү максатында  турат.
  3. Мектеп “Сергек жашоо”, “Жашоого кошул” социалдык проектиси менен иш жүргүзүшөт. Класстан тышкаркы иштерди уюштуруу оң жолго салынган. Тарбия процесси мектеп окуучуларын жана жаштарды тарбиялоо концепциясын негизге алуу менен 7 багытта ийгиликтүү иш алып барат. Мектеп парламенти өз планынын негизинде мектеп турмушунда салтка айланып калган иш чараларды өткөрүп турат.Окуучулар командалары тарбиялык багыттагы ,”Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү”, “Манас таануу” эстетикалык сынактардын, театр фестивалы,спорттук мелдештердин райондук денгээлдеринде активдүү  катышуучуну  камсыздап, аракет кылып  келишет.
  4. Педагогикалык жамаат өз чеберчилигин өркүндөтүү үчүн Бишкек, Нарын шаарларындагы курстардан байма-бай өтүп келишет. Акыркы 5 жыл ичинде курстан өтө элек мугалим жокко эсе. Маалыматтык-коммуникациялык компетенттүүлүк боюнча бардык мугалимдер курстан өтүшкөн. Пандемия убагында онлайн сабактарды үзгүлтүксүз берип, окуучулардын  билим алуусуна бардык аракеттерди көрүштү.

акыркы беш жыл ичинде курстан өткөн мугалимдер

19

2019

2020

7

2021

7

2022

5

 

  1. Мугалимдер жамаатынын ийгиликтүү иш алып баруусу жакшы.. ББж\аИМ тарабынан интернет байланышы үзгүлтүксүз Wi-Fi иштейт. Бирок мектептин материалдык-техникалык базасы толук эмес,кемчиликтер бар: компьютердик класс, интерактивдүү доскалар, проектор, принтерлер бар,бирок жетишсиз.
  2. Окуучулар жана мугалимдер үчүн ашканада таза суу орнотулган,тышкы ажатканалар иштейт. Жылуулук системасы электр энергиясы менен берилет. Спорт зал жок болгондугуна байланыштуу спорттук иш чаралардан жыйынтык аксап келет жана  кыйынчылыктар кышкысын көп байкалат.

 

Келээрки  жылга аткарыла турган иштер:

  1. Жалпы Республикалык Тестке окуучуларды эффективдүү даярдоо, билимин жогорулатуу “Алтын сертификат” ээлерин чыгаруу. Кызыкдар тараптардын суроо-талабына ылайык билимдүү, тарбиялуу балдарды өстурүү.
  2. 3 этап менен бекитилген стратегиялык иш-планды ишке ашырууга бардык аракеттерди көрүү.
  3. 2022-2023-окуу жылында “Дем берүүчү”грандка долбоор жазып,мектептеги класстык бөлмөлөрдү мультимедиалык каражаттар менен камсыз кылуу, класстык бөлмөлөрдү мебелдер менен жабдуу профилдик курстарды окутууну өнүктүрүү. мектепте автордук  программалар менен  иш алып баруу, ата-энелердин  өтүнүчү менен англис, орус  тилдерди окутууга көп  көңүл  буруу, областтык,республикалык олимпиадаларда призерлорду,”Алтын тамга” талапкерлерин чыгаруу.
  4. Мектеп бүтурүүчүлөрүнөн “Алтын тамга”, “Артыкчылык күбөлүк” ээлерин даярдоо, санын кобөйтүү.
  5. Мектеп “Акылдуу Мектеп-Келечектин мектеби” долбооруна кирген, алдыда лабораториялык кабинеттерди жабдуу боюнча иш-пландар боюнча ББж-аИМ тарабынан каттар келген, алар боюнча иштер алып барылууда, долбоорду ишке ашыруу да негизги максаттардын бири.
  6. Мугалимдердин жаны технологиялар менен иштөөсүнө техника-каражаттар менен камсыз кылуу иштерин аткаруу. “Акылдуу Мектеп –Келечектин мектеби” долбоорун ишке ашыруу.

 

 

Институционалдык аккредитациялоодо өзүн-өзү баалоо жүргүзүү боюнча  комиссия:

 

 

 

Комиссиянын төрагасы:                                    А.Дөөлөтбеков

Комиссиянын мүчөлөрү:                                 Ч.Токолова

С.Конурбай уулу

К.Шыгаев

С.Тасмабаева

А.Абдыракманова

А.Секиев

А.Агыбаева

А.Жунусов

М.Рыспаева