Кымбаттуу окуучулар! Урматтуу ата-энелер, кесиптештер жана майрамдын коноктору! Биз чын жүрөктөн баардыгыңыздарды 1-сентябрь майрамыңыздар менен куттуктайбыз!
Мектеп окуучулары арасында өткөрүлгөн райондук, облустук, республикалык олимпиадаларда информатика сабагы боюнча Рустам уулу Али райондук олимпиадада I орундан 2, облустук турда III орундан 2, республикалык турда III орундан 1 камсыздап келди .2021-жылдан баштап Тасмабаева Саадат Айдаралиевна даярдап келүүдө эне - балага быйылкы окуу жылында да ийгилик каалайбыз.
Мурзабек Балбаков атындагы орто мектеби 20-октябрда мектептер арасында Волейбол боюнча оюн өткөрүп ,жыйынтыгында 1-орунду Э.Карасартов атындагы орто мектебинин мугалимдер жамааты , 2-орунду Ш.Бейшеналиев мектебинин жамааты ,3-орунду С.Жусупбаев мектебинин жамааты камсыздап грамота жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту.