Усулдук бирикме

                                                                                                 Биздин мектептин    усулдук бирикмелери  боюнча  маалымат

Мектеп ичинде 4 методикалык бирикме мугалимдердин методикалык чеберчилигин өркүндөтүү жана кесиптик багытта иш алып баруу максатында уюшулган, усулдук кенеш жана методикалык бирикменин №1 педагогикалык кеңеште бекитилген жобо жетекчиликке алынып иш алып барылат:

  • Табигый усулдук бирикме
  • Гуманитардык усулдук бирикме
  • Башталгыч класстар усулдук бирикмеси
  • Класс жетекчилерусулдук бирикмеси

М.Балбаковатындагы орто билим берүү мектеби   усулдук  бирикменин окуу жылынын башталышы менен УБнын иштери: УБ мүчөлөрүн тактоо, насаатчы мугалимдерди аныктоо жана жыл ичинде аткарыла турган иштерге программа түзүү менен башталат. УБнин иш планы жана жылдык иш планын талкуулоо  жана бекитүү иши УБ жетекчиси менен мектеп админстрация  тарабынан макулдашылат.

Мектептеги ички көзөмөлдүн планынын негизинде  ай сайын предметтик декадалар уюштурулган, предметтик декаданын жүрүшүндө предметтик мугалимдер бекитилген иш – пландын негизинде өткөрүлөт. Декаданын алкагында мугалимдер үчүн “ачык эшик” сабактары жарыяланат, дубал газеталар чыгарылат, окуучулар менен класстан тышкаркы иш чаралар ата- энелердин коштоосунда өткөрүлөт. Административдик текшерүүлөр предметтер боюнча билим кесиндилерин алып, мугалимдин ийгилигине талдоо иштерин жүргүзүшөт. Декаданын сонунда окуучуларды предметке кызыктыруу максатында жигердүү катышуучуларга мактоо баракчалары, чакан белектер тапшырылат.

Усулдук бирикме жетекчилери чейрек ичинде окуучулардын жазуу дептерлерин, практикалык, лабороториялык иштерине көзөмөл жүргүзүү менен аларды баалоо иштери аткарылат. “Эң жакшы жазуу дептери”  делген номинация менен  жазуу иштерин мыкты алып барган окуучулар аныкталат.